Айбек Сарыгул:
"Чет өлкөлөрдө консулдук кызматтарды берген консулдардын санын жана айлык акысын ошол өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандарынын "сөз жүзүндө" гана санына жараша көбөйтпөй, консулдук каттоодо турган жарандардын санына байланыштырыш керек. АКШ менен Канадада сөздө 100 миңден көп кыргыз жараны жашашы мүмкүн, бирок алардын канчасы консулдук каттоодон өткөн? Консулдар көбүн эсе жарандарды консулдук каттоого алгысы келбейт, анткени ал иш көбүрөөк машакаттуу. Ар кандай шылтоолор бар, эң негизгиси "биз жарандарга онлайн каттоого да мүмкүнчүлук бердик, каттоону акысыз кылдык, бирок жарандар өзүлөрү каттоого турууну каалабай жатат" делет. Бирок "консулдук каттодо турган жарандардын санына жараша айлыгың да, иштеген консулдун саны да көбөйөт" десе, анда бул стимул болот, консулдар ар бир жаранга кол узатып жете алышат. Чет өлкөлөрдө орточо эсеп менен 1 миллиондон ашык кыргыз жараны туруктуу жашап жүрөт, бирок алардын ашып кетсе 15% кана консулдук каттоодо турат. Кыргызстанда деле айыл өкмөттөрүнүн саны, иштеген кызматкерлдердин саны ошол айыл өкмөттө катталган жарандардын санына жараша белгиленген, эмнеге чет өлкөдө кыргыз жарандарына мамлекеттик кызматтар сунган консулдардын саны ошол консулдукка катталган жарандардын санына байланбайт? Консулдардын берген мамлкеттик кызматтардан эффект алгыбыз келсе, сөзсүз түрдө белгилүү шарттарды коюшубуз шарт. Болбосо кээ бир өлкөлөрдө жарандарыбыз аз, бир консул 30 кишиге кызмат берет, кээ бир өлкөлөрдө бир консулга 50 миң кишиге кызмат берүүгө туура келип жатат.
"Менимче, региондордун өкүлдөрүн чогулткан жыйынды “Курултай” дебей эле ”эл кеңеш” десе болмок экен. Анткени Курултайдын түп мааниси, даражасы биздин жол, суу, свет, трансформация, бала бакча, дары-дармек сыяктуу ыбырсыган турмушубузга байланышкан күндөлүк ташпиш эмес, алда канча жогору, улуттун коопсуздугу, глобалдашып аткан азыркы опуртал кырдаалдагы ордубуз, стратегиялык багытыбыз, кризистен чыгуунун жолдору, мамлекетти өнүктүрүү, татаал мезгилдин ар кыл сыноолоруна туруштук берүү сыяктуу омоктуу маселелердин тегерегинде талкуу, талаш тартыштар болушу керек эле да. Окумуштуулар, социологдор, саясий аналитиктер, экономисттер, изилдөөчүлөр элдин алдына келечекке байланышкан олуттуу маалыматтарды жарыялап, ар кыл кыйын кырдаалдардан чыгуунун жолдорун талкууга коюшу керек болчу.
Анын ордуна делегаттар президентке чурулдап арызданып, жеринде эле чечтле турган айылынын көйгөйүнөн ары чыга албай, айрымдары “тим эле” көрүнүп коюштун” аракетин кылгандай таасир калтырды. Айрымдардын мамлекеттик органдардагы коррупция тууралуу даттангандары болбосо, жалпысынан бул жыйын мурда болуп жүргөн эле чоң чогулушка окшоду".