Талас шаарынан келген делегат Нусуп Бектенов Элдик курултайда Кыргызстандын коопсуздугун бекемдөө жана чек ара маселесин көтөрдү.
"Өлкөдө коопсуздук, чек ара маселесин чечмейинче, башка көйгөйлөр экинчи орунда турушу керек. Мен пенсиямды чек арада турган аскерлерге берип, ачка отурганга даярмын. Чек арада жайгашкан айылдардагы 35 чыккан жигиттердин ар бирине курал карматып, чек арачы деген статус ыйгарып, маяна төлөйлү. Өлкө боюнча 45ке чыккан азаматтарыбыздын баарын резервге киргизели. Кантта жайгашкан Орусиянын аскер базасын Баткенге көчүрөлү. Биздин балдар-кыздарды ошол аба-согуштук техникаларды колдонууга окуталы. Баткенге антитеррордук борбор ачалы. Азыр эл аралык терроризм, экстремизм күчөп жатат. Ары жакта Ооганстан жайгашкан".
Бектенов Элдик курултайда жергиликтүү социалдык маселелер көп көтөрүлүп жатканын айтып сындап, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө байланышкан демилгелер айтылышы керектигин белгиледи.
Бишкекте элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров сүйлөй турган делегаттарга кайрылып, мектеп жана бала бакча маселесин көтөрбөөнү суранды. Аларды башка олутутуу көйгөйлөргө көңүл буруп, бул багытта сунуш берүүгө чакырды.
"Кечээ сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, спорт комплекстери тууралуу суранышты. Бүгүн сөз алгандар башка орчундуу проблемаларды айтып, сунушунарды берсеңер. Мектеп менен бала бакчалар биздин көңүл чордонубузда турган маселе. Биз кайсы айылдын мектебин жаңыртуу керектигин билебиз. Мен келгенде 240 айылда мектеп жараксыз болчу. Аларды чекесинен бүткөрүп отуруп, азыр 200 мектеп калды. Силер айтып жаткан мектептер ошол айылдардын ичине кирет. Бюджетибиз көтөрө алса бир жылда 200 мектепти бир эле салып салат элек. Бирок көтөрө албайт экен. Жакынкы эки-үч жылда мектеп деген проблеманы бүтүрөбүз. Бала бакчаларды дагы, маданият үйлөрдү дагы билебиз. Ошондуктан убактыңыздарды бул маселелерге коротпой, башка теманы айтып, сунуштарды берсеңиздер", - деди Жапаров.
Курултайдын экинчи күнүндө Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген делегат Жылдызбек Абибакир уулу аймактагы кен казуу, экология маселесин көтөрдү. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып кен казган компаниялардын ишин иликтеп, берилген лицензияларды ирээтке келтирүүгө чакырды.
"Кенге байланыштуу аябай чоң проблемаларыбыз бар. Чаткалдын тешилбеген жери калган жок, жүздөн ашуун лицензия сатылып кеткен. Садыр Нуркожоевич, сизден ошол лицензияларды кайтарып алууну суранабыз. Бүгүнкү күндө алар салыгын гана төлөйт, бирок мамлекеттин үлүшү жок. Муну эмне кылабыз, урматтуу Садыр Нуркожоевич? Чаткал азыркы күндө экологиялык туңгуюкка кептелип калды. Казылбаган жерибиз калган жок, суубуз булганып жатат. Ушулардын баарын айталы десек укук коргоо органдарынын кызматкерлери басып коет. Биз эмне кылабыз? Мисалы мен жашаган Терек-Сай, Кызыл-Токойдун жерлери лицензиялык аянтка берилип кеткен. Мен туулуп-өскөн, киндик каным тамган жер, менин короом берилип кеткен. Экинчи маселе, Чаткалдын кышы татаал, элдин саны аз. Жогорку Кеңешке проблемаларыбыз тууралуу жөнөтөбүз, бирок ал жетпейт. Ала-Бука району менен биригип 2005-жылдан бери Жогорку Кеңешке депутат шайлайбыз. Бирок Чаткалдын маселесин көтөргөн бир да адам жок. Шайлаган адамды он жылда бир жолу көрөбүз, биз жакка басып барбайт. Бул маселени да эмне кылабыз?", - деди делегат.