Үй салуу үчүн жер тилкесин алууга сегиз жылдан бери кезек күткөн Оштун тургуну. Соттордун ишине канааттанбаган юрист. Үйдүн түмөн түйшүгүн тарткан келиндерге жөлөк пул чегерилишин каалаган ардагер. Дагы башка сунуш-пикирлер “Эл үнү” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында.
"Апам экөөбүз батирден-батирге көчүп..."
Сегиз жылдан бери үй салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган Ош шаарынын тургуну Муратбек Төлөнбаев кайрылды. Ал оорукчан апасы экөө батирден батирге көчүп, тиричилик кылып жүргөнүн айтып берди. Үй алууга саламаттыгы жол бербей жатканын даттанды.
“Жашым 45те, Ош шарынын тургунумун. 69 жаштагы апамдын көзү көрбөйт, оорукчан. Ушул кезге чейин жергиликтүү бийликтегилер жер бербей жатат. Акчасы барларга жер табылат. Ал эми бизге окшогон карапайымдар калып кетип жатат. Сегиз жылдан бери кезекте турабыз. Апам экөөбүз батирден-батирге көчүп, өлбөстүн күнүн көрүп жүрөбүз. Өзүм да оорукчанмын. Туруктуу ишим да жок. Күнүмдүк жалданма жумушка чыгам.
Ош шаарындагы төрөлүп өскөн үйүбүздү биз кичине кезибизде атам менен бир тууган эжебиз сатып жиберип кетип калган. Ошентип эч кандай жерибиз жок калдык. Бизге үлүш да бөлүнбөй калган. Эч нерсебиз жок. Биздин үнүбүз президентке жетип калабы деген үмүттө сиздерге кайрылдык”.
Бул маселе боюнча Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго кайрылдык. Анын айтымында, жер тилкесин алууга 18 миң киши кезекте турат.
“Бизде кезек бар. 18 миңге жакын адам жер алууга кезекте турат. Бирок жерибиз жок. Биз адамдардын арызын албай да коё албайт экенбиз. Алардын укугун бузбоо үчүн арызын алып, кезекке жазып коюп келебиз. Бирок 18 миң адамды күттүрбөй бул жаатта иш жүрүп жатат. Азыр Жапалак конушу тарапта Кең-Сай деген массив боюнча архитектура адистери изилдеп жатат. 300 гектарга жакын жерди карап жатабыз. Бул азырынча долбоор катары. Эгер ал жер жарап калса, анын Башкы планын иштеп чыгыш керек.
Экинчиден, кезекте турган адамдарды кайрадан тактап чыгуу иштери башталды. Бул тизме 2005-жылдан бери жаңылана элек. Андыктан бул тизмеде эмигиче үй алып алып, бирок арызы калып кеткендери да бар болушу мүмкүн. Андан сырткары, мамлекеттик ипотекадан үй алып алгандар, Кыргызстандан көчүп кеткендер болушу мүмкүн. Ошолорду ылгап чыккыла деп мэр бизге тапшырма берди. Мындан сырткары жер алуу боюнча дагы бир багыт бар. Мисалы, шаардын Амир-Тимур муниципалдык аймагы бар. Он-Адыр айылы тарапта дөңсөө же жарга айланган жер аянттары бар. Адамдар ошол жерлерди өзүбүз өздөштүрүп алабыз деп суранып жатышат. Эгер архитектура башкы планга каршы келбейт десе, ошол жерлер кезекке карабай эле берилиши мүмкүн. Бирок ал жерде жашоо өтө ыңгайсыз.
Ал эми жаңы жерди трансформациялоо шаарда каралган эмес. Болгону мурда элдер басып алган 9 миң гектарча жер, эгер адашпасам, транформация боюнча жаңы мыйзамга ылайык менчикке өткөрүлүп берилди. Бир гана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамдаштырып бердик. Калган жерлердеги ээленген аянтчалар дагы деле мыйзамсыз турат”.
Белгилеп кетсек, Кең-Сай массивинин бир бөлүгү Ош шаарына, дагы бир бөлүгү Ош облусуна карайт. Буга чейин Ош облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы Кең-Сай аймагын электр энергиясы менен камсыздоо долбоорун жүргүзүп келет.
Аталган аймакта жер аянтчаларын ээлеп, үй салууга камынып жүргөн адамдар бар.
"Эл үнү" уктуруусун радио версиясын бул жерден тыңдай аласыз:
"Соттордун деңгээлин көтөрүү зарыл"
“Азаттыкка” юрист Максатбек Касымбеков соттор тууралуу пикирин калтырган. Угарманыбыз сот системасына багытталган реформа дурус жүрбөй жатканын белгилейт.
“Сот системасында мыйзам талаасы иштебей жатат. Менимче, буга соттордун деңгээлинин төмөндөп кеткени себеп болууда. Мунун айынан адам укугу бузулуп жатат. Мисалы, административдик мыйзам бузууну алсак, кылмыштын курамы болушу керек да, бирок аны карабай эле иш кандай келсе ошондой кетип жатат. Сот карап коюшу керек да. Күнөөсү барбы, жокпу? Күнөө коюлуп жаткан тарап эмне деп жатат? Үй-бүлөсү эмне деп жатат? Судьялар угуп коёюнчу дебейт. Алдын ала даяр иш келдиби, эптеп ошол ишти өткөрүп жиберүү керек. Соттордун деңгээлинин түшкөнү боюнча эч ким маселе көтөрбөй калды. Мамлекет соттордун сапатынын үстүнөн иштеши керек деп ойлоймун. Судьялардын билими өтө тайкы. Натыйжада, канчалаган адамдардын укугу одоно бузулуп жатат. Мен соттордун деңгээлин көтөрүү боюнча ишти же багытты көрбөй жатам”.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин сот тармагын сындап, соттук-укуктук реформа жүрө турганын жарыялаган. 2021-жылы март айында Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш түзүлгөн. Курамына башкы прокурор, УКМК төрагасы, Жогорку соттун төрагасы баштаган 16 киши кирген. Кеңеш - сот, укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлүп, ушул багыттагы сунуштарды даярдайт. Кеңеш түзүлгөндөн бери бир эле жолу жыйын өткөргөн.
"Үйүм жок, эч болбосо эгин эккенге жер берсин"
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынан Марипа Раимова “Эл үнү” түрмөгүнө кайырлган. Ал күйөөсүнүн көзү өткөндөн кийин мындан бир нече жыл мурда үйүнөн ажырап көчөдө калганын айтат. Жалгыз кызы турмушка чыккандан бери жашоосу оорлоп кеткен Раимова жергиликтүү бийликтен үлүш жерин алмаштырып берүүнү өтүнөт.
“Бизге 0,63 га аянт үлүш жер берилген. Ал жер таптакыр эгин эккенге жарабайт экен. Күйөөм канча жыл эгин эгем деп аракет кылды, бирок тушүм алалбадык. Көзү өтүп кетти. Карыздарымдан кутулуу үчүн үйүбүз да сатылып кеткен. Жалгыз кызым турмушка чыгып кеткенден кийин анча мынча эгин кылайын десем жер арык. Эч нерсе өспөйт. Мен бул үлүш жерди суулуу, жери семиз жерге алмаштырып бергиле деп кайрылсам “болбойт” деп жатышат. Ижарага эле жер беришет экен. Ижарага алганга менде кайдагы каражат. Маркум жолдошум өмүр бою мамлекетке иштеген, мен да мугалим болуп иштеп жүргөм”.
Биз бул кайрылуу боюнча Жаңы-Талап айыл аймагынын башчысы Улан Айтмамбетовго суроо узатканыбызда, Марипа Раимовага үйү сатылып кеткенден кийин 15 сотых жер бөлүп берилгенин, жер үлүшүн алмаштыруу мыйзамда каралбаганын билдирди.
“Марипа эже өзүнүн сатып ийип, эми каражаты да жок калбадыбы. Биз ага айылда 15 сотых жер бөлүп бергенбиз. Ал жерге үй салып берели деп демөөрчү издеп жүрөбүз. Эки бөлмөлүү болсо да бир там салып берсек жакшы болмок. Ал эми үлүш жерди алмаштырганга болбойт”.
"Үйдүн түйшүгү үчүн келиндерге жөлөк пул төлөнсүн"
Эч жерде иштебей, бирок үйдүн ишин кылып жүрүп төрөгөн келиндерге жөлөк пул каралышы керек деген пикирди Бишкек шаарынан Дүйшөнбек Бабаев узатат. Үйүндө отуруп эле декретке чыгып, жөлөк пул алуу келиндердин түмөн түйшүгүн жеңилдетмек дейт угарманыбыз. Ал мындай сунушун социалдык фонд менен өкмөткө да жолдоп колдоо таппай койгонун белгилейт.
“Үйдүн сутка бою түгөнбөгөн жумушун аткарып жүрүп төрөгөн келиндер эч кандай декреттик эргүү дегенди билишпейт. Аларга акча да төлөнбөйт. Мындан улам аларды кош бойлуу кезинде эле жергиликтүү ФАП каттоого алып жатканда жөлөк пул каралса жакшы болмок. Жок дегенде жашоо минимумуна чейинки төлөм болсо. Мен бул сунушумду Социалдык фондго да барып айткам. Акча төлөнүп жаткан келинге үйдөгү кайненеси да башкача мамиле кылат. Күйөөсү да зомбулук көрсөтпөй калат. Бала да жакшы өсөт. Колдон келсе, баласы 3-5 жашка толгончо бул жөлөкпул төлөнсө деген ойду айтам. Бул каражатты ишкерлерден түшкөн социалдык төлөмдөрдон толтурса болот. Азыр айылдагы ишкерлерден баштап Бишкектеги дээрлик баардык ишкерлер социалдык төлөмдөрдү төкпөйт же өтө сейрек төлөшөт. Мамлекет бул жаатты жакшы көзөмөл кылса бир топ каражат топтолот”.
"Эл үнү" берүүсүнө сунуш-пикир, кайрылууларды +996 312 21 94 23 шаардык номери аркылуу жана WhatsApp, Telegram тиркемелеринен +996 550 988 755 номерине жиберсеңиз болот.