Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Эл үнү: Жаштардын суранычы жана таарынычы


Бишкек
Бишкек

“Эл үнү” программасында мекенге кайтууга зар болгон студент менен мигранттардын, түшүмү кирпич заводунун түтүнө ышталган дыйкандын, мамлекет келечегине бушайман болгон уландын, коронавирус жараткан көйгөйдөн ылаажы издеген энелердин пикирине орун берилди.

Кыргызстанга жете албай да, кете албай да зарлаган көп

Орусиянын Пенза шаарында окуган кыргызстандык жетимиштен ашуун студенттин биринин энеси Туюкбаева Айгерим балдарыбыз тамак-аштан, жатаканадан кыйналды, "алып келип бергиле" деген ата-энелердин суранычын өкмөткө жеткирүүнү өтүнсө, Новосибирск, Барнаул, Бийск шаарларында окуган кыргызстандык студенттер каражатсыз калган ата-энебизге жүк болдук, мекенибизге кетүүгө атайын рейс уюштуруп бергиле деп өкмөткө видеокайрылуу жолдошту.

Новосибирск, Барнаул, Бийск шаарларында окуган студенттер:

Жигит: Эмне үчүн биз мекенибизге кайткыбыз келет? Коронавирус чыккандан бери төрт ай бою аралыктан окуп жатабыз. Пандемиянын айынан эл ишсиз калды, алардын арасында биздин ата-энелерибиз да бар. Алар бизди камсыздай албай калышты. Бул жердеги бардык студенттер стипендия алышпайт, азык-түлүк жана керектүү буюмдарды алууга кыйынчылык жаралды. Ошон үчүн эки жолу гуманитардык жардам алдык.

Кыз: Андан тышкары COVID-19 дартынын экинчи толкуну башталганына байланыштуу 2020-жылдын аягына чейин аралыктан окуй турган болдук. Биз жатаканада акы төлөп жашайбыз. Бул жерде калсак жатакана акысын төлөй албайбыз. Кыргызстандын элчилиги менен консулдугуна көп жолу кайрылдык, бирок биздин кайрылуулар жоопсуз калууда. Биздин үнүбүздү угуп, колдооңуздарды суранабыз.

Кыз: Биз Кыргызстандын келечегине, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкубуз келет. Ошондой эле мекенибиз да бизди колдоруна үмүтүбүз чоң.

Студенттерден тышкары Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Саратов жана Самара шаарларынын ортосундагы талаада жаткан сексенден ашуун кыргыз жараны, Казакстанда иштеп жүргөндөр чек ара качан ачылат, үйгө качан кайта алабыз деп суроо узатышса, жубайлары Казакстанда, Өзбекстанда калган кыргыз жарандары үй-бүлөсүнө качан жетерин сурап жатышат.

Тышкы иштер министрлиги азырынча чек аралар жабык экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлоодо.

Улан Дыйканбаев Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси:

"Чек аралар дагы эле ачылбай турат, авиакаттамдар баштала элек. Ошон үчүн азырынча рейстер болбойт. Экинчиден, алып келүү боюнча президент тапшырма берген жана алып келүүнүн ар кандай жолун табуу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мисалы, Орусия кандайдыр бир чартердик рейстерди уюштура турган болсо алар менен сүйлөшүп, биздин жарандарды ала келгиле деп сунушталат. Бирок, чартердик рейс качан болорун билбейбиз, ошон үчүн кетебиз деп тургандар өздөрүнүн тизмесин түзүп, толук аты-жөндөрү менен бирге шартын түшүндүргөн маалыматты жер-жерлердеги элчиликтерге бериши зарыл. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен тыгыз байланышта болуп, улам-улам телефон чалып турушу зарыл. Андан тышкары Новосибирскиде, Екатеринбургда консулдуктар бар, алар менен байланышта болуу керек. Элчиликтер тизмени тактагандан кийин Тышкы иштер министрлигине беришет, аны биз Республикалык штабга берип, андан аркы аракеттер көрүлөт".

Талааны ыштаган кыш завод

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын тургундары айылдын жанында 10 жылдан бери иштеп жаткан кирпич заводунан чыккан чаң менен түтүн дыйкандардын талаасын каптап, "ышталган түшүм алып атабыз" деп кайрылышты.

Бешик-Жон айылынын тургундары, Базар-Коргон району:

"Заводдон чыккан түтүн элдин огородун каптап атат. Жүгөрү талаасын араласак, каркара болуп чыгабыз, даны да кара болуп атат. Элдин ден соолугуна кантип зыяны тийбесин? Элим аман болсун, ушунча жыл унчуккан жок эле, мына эми козголбосок болбой калды. Элдин ушундай көйгөйүн чечип бергиле, силерден сураныч.

Заводдон зыяндуу кандай зат чыгары Экологиялык, техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча бөлүмүнө белгисиз экен.

Бөлүм башчысы Алмазбек Курманкулов:

- Жергиликтүү тургундар бизге кайрылган эмес. Ал тууралуу сизден азыр угуп атам. Жакында текшерүү жүргүзүү планда бар, ошондо аныкталат. Ар бир иштин тартиби болот да, булар мага кайрылыш керек эле, анан биз карамакпыз.

- Жергиликтүү тургундар кайрылбаса дагы мыйзам боюнча иштеп жаткан ишкананын айлана-чөйрөгө зыяны жок же бар экендиги текшерилген жок беле?

- Жок, эми текшеребиз.

- Буга чейин текшербей туруп иштөөгө уруксаат берилгенби?

- Аны мурдагы жетекчиден сураш керек. Заводдун иштегенине 10 жыл болуп калды, менин жетекчи болгонума алты гана ай гана болду. Эми мына азыр текшерүүнү баштайбыз.

Коронавирустун айынан чыккан көйгөй көп

Бишкектин аты-жөнү белгисиз тургуну:

"Биз Бишкектеги жаңы конуштардын биринде турабыз. Мени менен бирге турган кыз коронавирус менен ооруп калып, ооруканага жаткырылды. Врачтар бизди дагы текшерип, 14 күн үйдөн чыкпай отургула деген талап койду. Бизге тамак-ашты ким алып келип берет? Чет мамлекеттерден жана башка уюмдардан келип жаткан миллиондогон жардам кайда? Ушундай кырдаалга туш болгон биздей адамдарга жардам берилбейби?

Кара-Балта шаарынын төрт балалуу тургуну, телефон номери-0-703-04-63-98

-Менин төрт балам бар. Кара-Балта шаарында ижарага алган батирде турам. Балдарым жаш, улуусу алтыда, биринчи классты гана бүттү. Күйөөм бир жарым жыл мурда каза болуп калган. Жардамга муктаж болуп, кайрылып жатам.

Он жети жаштагы улан өлкө башчыларына кайрылды

Эдил Уланбеков, Тоң районунун 17 жаштагы тургуну:

"Кыргызстандын жараны президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, өкмөт башчысына, эл өкүлдөрүнө жана бийликте отурган жалпы эл башкаруучуларыбызга кайрылуу.

Тарыхыбызга кайрылсак Исхак Раззаков, Жусуп Абдрахманов, Турдакун Усубалиев сыяктуу мамлекет үчүн ак кызмат кылган инсандарыбыз бар. Эмне үчүн силер ошондой иш кыла албайсыңар? Эл үчүн ак кызмат кылсаңар тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калбайт белеңер? Менин жашым он жетиде. Мен сыяктуу өлкөбүздү өнүктүрөбүз, эл үчүн кызмат кылабыз деп билим алып жаткан жаштар көп, бирок биз чоңоюп элдин көйгөйүн чечкиче силер өлкөнүн түбүнө жеткидей болуп жатасыңар. “Уктап жаткан мамлекет жок болуп ойгонот же кул болуп ойгонот” дейт. Биз азыр уктап жатабыз, силер уктатып жатасыңар. Бизге андай мамлекеттин кереги барбы, карызды бизге үйүп кеткен жатасыңарбы? Эки күндүн биринде чек арада ызы-чуу, эл кыйналды. Жумуш орундары жоктугунан канчалаган эл чет жерде жүрөт.

Билим берүүнүн деңгээли да төмөн экени элге эбактан бери белгилүү, медицина тармагын да жогорулатуу керек. Өкмөт башчы Бишкекти шаар эмей эле чоң айыл деди, туура, Усубалиев салып кеткен Ак үй, тарых музейи, Ала-Тоо аянты ошол бойдон турат. Эмне өзгөрдү? Бизге Дубайдагыдай же Нью-Йорктогудай айнектен салынган заңгыраган үйлөрдүн кереги жок, бизге жакшы жол, бакубат жашоо, өнүккөн өлкө гана керек. Ошон үчүн эл ишенип, силерди бийлик башына коюп атат. Бирок силер заңгыраган үйдө жашаш үчүн гана бийликке барып атасыңар. Тил маселеси да кейиштүү, орусчаны мындай кой трибунага чыгып алып, кыргызча эки сөздүн башын бириктире албай отурасыңар. Чыгарган китептер, аттестаттын баары ката. Биз айыл чарба жана туризм менен гана өнүгө алабыз. Урматтуу элим, мамлекеттеги ушундай абалга бийликтегилер гана эмес, биз - эл дагы күнөөлүбүз. Добушуңарды миң сомго сатасыңар да кайра бийликке нааразы болуп каласыңар. Буга ким күнөөлүү? Добушун миң сомго сатып коюп, жатып алып кайра сынап отурган элби же мамлекеттин казынасын тоноп, карызга батырган адамдарбы?"

Ошто жол кире чөнтөктү курутту

"Ош шаарынын тургуну Гүлнур Амирбекова шаар аралык маршруттук такси кызматын көрсөткөндөр жол кирени жөнү жок көтөрүп, элди кыйнап жатат, буга мамлекеттик көзөмөл болобу" деп нааразылыгын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG