Эл акыны Шаповалов акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Ал жалпысынан 15 китептин, алты монографиянын жана 300дөн ашык илимий жана публицистикалык макалалардын автору болгон. Акынды белгилүү адабиятчылар жана замандаштары кыргыз маданиятын, адабиятын орус тилдүү аудиторияга жайылтууга зор салым кошконун айтып, эскеришти.