Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Эки киши каза таап, үчөө жараат алды. Кара-Суудагы кырсыкка ким жооптуу?


Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.
Ош -Кара-Суу жолундагы көпүрөдөгү суу түтүгүн илип кеткен унаа. 12-август, 2023-жыл.

Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машинеге кулап, эки адам каза болду. Үч киши жабыркады, алардын экөө балдар.

Окуя 12-августта эртең мененки саат 09:00 чамасында орун алган. Оор жүк ташуучу машиненин айдоочусунун жакындары бул окуяга жол кайгуул кызматын, Транспорт министрлигин, Бажы кызматтарын айыптап жатат.

Транспорт министрлиги айдоочуларды айыптаса, Бажы кызматы маалымат бере элек.

Ош шаарынын четиндеги чоң жолдо Кытай тараптан жүк ташып келе жаткан, J-FANG үлгүсүндөгү машине жолдун үсүнөн өткөн диаметри 1 метрлик темир түтүктү илип кеткен. Жыйынтыгында Оштон Жалал-Абадга багыт алган DAEWOO NEXIA үлгүсүндөгү унааны басып калып, эки адам каза тапты. Окуяга күбө болгон Мамат Абдипаттаев буларды билдирди:

"Биз эртең менен жол тарапта турганбыз. Ошол учурда жүк ташыган унаалар өтүп жаткан. Кантип өтөөр экен деп койдум эле. Бир аздан кийин эле үн чыгып калды, карасам түтүк кулап, бир машинаны басып калыптыр. Биздин кызматкерлер дароо эле барышты. Негизи айдоочуларда жоопкерчилик болуш керек да".

Кырсык Кара-Суу районунун аймагында орун алган. Окуя болгон жерден эки жүз метр аралыкта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмчөсү жайгашкан. Ал жерге куткаруучулар барганда унаанын ичинде беш адам болгон. Шоопурдун жана алдыда отурган дагы бир кишинин сөөгү машинеден чыгарылып, арттагы келин жана эки жаш бала ооруканага жеткирилген.

Ош -Кара-Суу жолу
Ош -Кара-Суу жолу

Каза болгон жарандар ата-бала экени айтылды.

Кырсыкка себеп болгон оор жүк ташыган автоунаа Кытай тараптан келе жаткан экен. Бирок кайда бара жатканы азырынча так айтыла элек. Жүк тартып келе жаткан унаанын айдоочуларынан маалымат алууга мүмкүн болбоду. Кырсыкка учураган машиненин бийиктиги беш метрге жакын.

Анын артында ушундай дагы эки унаа чиркегичтери менен келе жаткан.

Оор жүк ташуучу машиненин айдоочусунун бир тууган агасы Наби Куламшаев буларды билдирди.

«Негизи бул жерде мамлекеттик органдардын да күнөөсү бар. Кытай тарап биздин чек арага чейин коштоп жеткирип коюптур. Эмнеге бизде мындай болгон жок? Жол кайгуул кызматы, Транспорт министрлиги, Бажы кызматы коштоп жүрүш керек эле да», - деди Наби Куламшаев.


Бажы кызматынын жүктөрдү коштоп жүрүүчү атайын бөлүмү бир аймактан экинчи аймакка жеткирүү боюнча иш алып барат. Транспорт министрлигинин Ош аймактык башкармалыгын башчысынын орун басары Нуртилек Алымбеков айдоочулар өз билемдик менен кетип калгандыгын, уруксат кагаздары толтурулбаганын айтууда.

"Бул машине таразага батпай калганына байланыштуу Каратайдагы жүктү көзөмөлдөө жайына келген. Биз аны толук көзөмөлдөн өткөргөнгө чейин эле айдоочулар кетип калышыптыр. Ал жерде айдоочулардын күнөөсү. Керек болсо фирманын ээси да билбей калган".

Ош облустук жол кайгуул кызматы жолдун бир багытынын баарын ээлеген оор жүк ташуучу унаалар алды артынан коштоо менен жүрүшү керектигин айтууда. Бирок Транспорт министрлигинен да, Бажы кызматынан да, жол кайгуулчуларга эч кандай кат келип түшкөн эмес.

Бажы кызматы азырынча комментарий бере элек.

Окуяга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы тиешелүү экспертизаларды дайындады.

Эки адамдын өмүрүн алып, үч киши жабыркаган кырсык учурунда электр чубалгылары үзүлүп, трансформатор талкаланган.

XS
SM
MD
LG