Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Египетте курмандыктардын саны өсүүдө


Шаршембидеги коогалаңдан кийин Египетте өзгөчө абал жарыяланды 15-август, 2013-жыл
Шаршембидеги коогалаңдан кийин Египетте өзгөчө абал жарыяланды 15-август, 2013-жыл

Египетте кечээги кагылыштарда каза тапкандар соңку расмий маалыматтар боюнча, беш жүздөн ашты.

Мындан тышкары дагы 3,5 миңден ашуун киши жаракат алган. “Мусулман агайындар” кыймылы болсо өлгөндөр саны мындан алда канча көптүгүн айтып жатат. Коңшу өлкөлөрдөн Түркия Египет боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырууда. Бийликтин демонстранттарга каршы көргөн чарасын АКШ, Еврошаркет, Иран айыпташты.

Кан төгүү менен коштолгон кагылыштардын артынан бийликтер бүткүл өлкө боюнча бир айлык мөөнөткө өзгөчө абал тартибин киргизди. Өлкө борбору Каирде жана башка он провинцияда кечки саат жетиден тарта коменданттык саат жарыяланды.

Бирок Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мохаммед эл- Барадейи кан төгүү артынан утурумдук өкмөттөгү вице-президенттик кызматынан бийликтин демонстранттарга каршы көргөн чарасына нааразылык иретинде чегинди.

Мухаммед Мурсинин бийлиги бир ай мурда эле кулатылган болчу
Мухаммед Мурсинин бийлиги бир ай мурда эле кулатылган болчу
​Коопсуздук күчтөрү мурдагы президент Мухаммед Мурсинин жактоочуларынын эки лагерин демонстранттардан тазалоо үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен катар кадимки окторду, бульдозерлерди, брондуу техниканы колдонгон.

Алардын операциясынын артынан кагылыш болгон жерлерде согуштун белгилери: урандылар, өрттөн кийинки күйүктөр, адамдардын канжалаган денелери калган.

Мурсичилер менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылыштары борбор Каирден тышкары Александрия, Минья, Асью, Суез жана башка шаарларда орун алган.

Мурси өкүлү болгон “Мусулман агайындар” кыймылы аны кайра президенттик тактыга алып келүү боюнча өнөктүгүн улантууну убада кылууда.

Бирок убактылуу өкмөттө ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Мухаммад Ибрагим бийлик мурсичилердин чатыр тигип, отуруп алып нааразылык билдирүүсүнө эми жол бербей турганын айтууда:

- Өзгөчө абал тартиби жарыяланып, президент армияга полицияга кол кабыш кылууну тапшыргандан кийин биз куралдуу күчтөр менен координацияда иштеп, өлкөнүн кайсыл жеринде жана кандай жоготуу жана болбосун, отуруп алып нааразылык билдирүүгө жол бербейбиз.


Тополоң учурунан 14-август, 2013-жыл
Тополоң учурунан 14-август, 2013-жыл
​Ички иштер министрлиги Египеттеги коопсуздуктун абалын мурдагы президент Хосни Мубарак доорундагы деңгээлге чыгарууну убада кылууда.

Мубарактын 29 жылга созулган бийлигинин басымдуу бөлүгүндө Египет өзгөчө абал мыйзамынын шарты менен жашаган.

АКШдан Мамлекеттик катчы Жон Керри шаршембидеги кыянатчылыктарды айыптап, ал египеттиктердин ич ара элдешүү жараянын артка тартарын белгиледи. Керри Вашингтондон сүйлөгөн учурунда:

- Бүгүнкү окуялар кайгылуу жана египеттиктердин тынчтыкты, нукура демократияны көздөй умтулуусуна каршы келет. Эми өкмөткө кошулган да, кошулбаган да египеттикттер артты көздөй кадам таштоосу абзел. Кырдаалды тынчтантып, адам өмүрү кыйылышына жол бербөө зарыл. Биз өзгөчө абал мыйзамына кайтууга да караманча каршыбыз, өкмөттү адамдын негизги укуктарын урматтоого чакырабыз.

АКШ кыянатчылыктарга жооп чара көрөр-көрбөсү азырынча белгисиз. Египет Вашингтондун араб дүйнөсүндөгү эң ири өнөктөшү. Жылына Каирге 1,5 миллиард долларлык жардам берет, анын басымдуу бөлүгү аскерий жардам. Өлкөнүн аскерий лидерлеринин көбү да кезинде АКШдан билим алышкан.

Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган
Бул аралыкта Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Коопсуздук кеңеши Египет боюнча жыйын куруп, чара көрүш керек деген чакырыгын бүгүн да кайталады. Эрдоган Египеттеги окуяларды “кыргын” деп атап, ал тууралуу “унчукпагандар, аны жасагандар сыяктуу эле күнөөлүү”,- деп белгиледи.

Мурда Эрдогандын баистүү исламчыл деп саналган өкмөтү армия президентти кулатышын да сындаган.

Айланадагы өлкөлөрдөн Иран Египетте “жарандык согуш чыгып кетүүсү ыктымалдуулугун” эскертти.

Эрегиштин азыркы толкуну исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлү болгон Мухаммед Мурсинин 3-июлда бийликтен кулатылышынан кийин тутанган.

Мурсини армия бийликтен четтетип, белгисиз жайга алып кетер алдында миллиондогон египеттиктер анын исламчылар менен байланышына, өкмөтү экономикада 2011 - жылкы ыңкылаптан берки төмөндөөнү токтото албаганына нааразылык билдирип, көчөгө чыгышкан эле.

Армия демократиялык жол менен шайланган президентти бийликтен кулатышын "элдин талабы" деп түшүндүргөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG