Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Уланбектин окуудагы элеси


Автордун архивиндеги сүрөт.
Автордун архивиндеги сүрөт.

Уланбек Эгизбаевдин студенттик кезиндеги көпчүлүк биле бербеген бейнеси.

Уланбек Эгизбаев табият берген таланты, кесиптик жөндөмү, мекенчилдиги, курчтугу, өткүрлүгү, өжөрлүгү менен кыргыз журналистикасында өз түбөлүгүн түптөп, «Улуттун уулу» деген атка коно алды.

Ал «кыргыз тилдүү журналистика алсыз» деген көз карашты четке кагып, журналисттик иликтөө жанрын бийик деңгээлге чыгарган. Уланбектин аты кыска убакытта коом назарына алынып, макаласы күтүлүп окулган жаратман журналистке айланган.

Чыгаан журналист, маркум Уланбек Эгизбаевдин кесипкөйлүгү жана жеке инсандык сапаттары тууралуу бир топ эскерүүлөр айтылып келатат. Мындан ары деле далай кеп болору айкын. Ал эми бул макалада биз сиздерге Уланбектин студенттик мезгилдеги көпчүлүк биле бербеген бейнесин ачып бермекчибиз....

Журналист болуу үчүн жаралгандай...

Уланбек Эгизбаев орто мектепти артыкчылык менен бүтүргөн соң 2008-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө тапшырган. Антсе да көөдөндөгү ышкысы, дилгирлик жөндөмү, тубаса таланты аны журналистикага багыттап туруп алган. Кайрадан сынак тапшырып, коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнө өткөн. Мугалимдеринин эскерүүсүндө Эгизбаев студент кезинен тартып чынчылдыгы, эмгекчилдиги, тайманбастыгы менен башка студенттерден айырмаланып турган экен. Анын алгачкы кесиптик жолу университеттин студенттик-практикалык «Манас» гезитинен башталган. Ошону менен бирге «Манас FМ» радиосунда да бир топ уктуруулардын автору болгон.

Гезитке жарыялаган материалдары менен бир катар сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Анын «Ит адамдын досубу же?..» аттуу иликтөө макаласы 2012-жылы Түркиядагы «Айдын Доган» сынагында 3-орунду алган.

Иликтөөдө Бишкектеги кароосуз жолбун иттерди «Тазалык» мунипициалдык ишканасынын кызматкерлери аёосуз өлтүрүп жаткандыгы тууралуу жазылган. Ошол эле сынакта кийинки жылы «Борбор Азиядагы эң арзан наркотик!» аттуу макаласы 2-орунду ээлеген.

Мындан тышкары «Дааратканалар шаарчасы», «Аспаптардан азык алган Азыкбаев», «Келечек колубузда», «Жүрөгүңөрдүн каякта экенин билип койгула» аттуу макалалары да студенттик жылдарында жазган. Муну менен катар Эгизбаев жалаң «К» тамгасынан башталган «Келечек колубузда» аттуу макаласы менен 2012-жылы «Азаттык» радиосунун сынагында баш байгени жеңип алган. Өзүнүн макаласы тууралуу ал: «Мен бул макаланын башын 9-классты окуп жүргөндө эле баштагам. Мындай идея жаңы эле бийликке келген Бакиев эски бийликтин каталарын кайталай баштаганда оригиналдуу чыгарма менен элге жеткирип берүү үчүн жаралган. Бирок мен кандайдыр бир өзгөчөлүк менен жеткирүүнү каалагам. Азыр да улантып жатам», - деп «Манас» гезитине интервью берген экен. Учурда анын жазган бардык макалалары гезиттин архивинде сакталуу.

«Уланбек талаш-тартыштуу маселелерде өзүнүн оюн, позициясын сөзсүз айтчу»

Студент кезинде Уланбек Эгизбаев теориялык жана практикалык бай тажрыйбага ээ, журналистика тармагынын мыкты адистери Бакыт Орунбеков, Кубан Таабалдиев, Гүлзада Станалиева жана Гөкче Йогуртчу өңдүү окутуучулардан билим алып, тарбияланган.

Мугалимдеринин айтымында, ал университетке тапшыргандан тартып эле жарандык позициясы, жигердүүлүгү, өзгөчө көз карашы жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен бат эле көзгө илинген.

Убагында Уланбек Эгизбаевге кабар жазуу, текст менен иштөө техникасынан дарс өткөн Гүлзада Станалиева студентин төмөндөгүдөй жылуу эскерди:

Гүлзада Станалиева.
Гүлзада Станалиева.

- Уланбек биринчи курска келгенде эле биринчи сабакта дароо көзүмө урунган. Башка студенттерден айырмаланып, биринчи курста эле мугалимдин берген сөзүн ойлонуп, дитин төшөп ар бир айткан сөздү жазып отурар эле. Ошондо эле суроолорду көп берип, журналистикага абдан кызыкчу. Башка талаш-тартыштуу маселелер болуп калса, унчукпай отура бербей өз оюн, позициясын сөзсүз айтчу. Ошондой өзгөчөлүгүнөн улам Уланбекти биринчи курстан, биринчи сабактардан эле таанып калдым. Уланбек «Манас» гезитибизде шеф-редактор болуп иштеди. Уланбектин редакциясынан өткөн макалаларда дээрлик каталар болчу эмес. Анын кеиспкөйлүгү, такшалып калган журналисттей мамилеси, сөз менен иштөө, маалымат менен иштөө чеберчилиги жогору эле. Бир маселени студенттер менен талкуулап калсак башкалар байкабаган, өзгөчө көз караштагы, маселенин башка тарабын ачкан пикирлерин айтчу. Уланбек маек курганды абдан жакшы билчү, адамды уга билчү. Өзү бала кыял эле, бирок жоопкерчиликтүү иштерге кадыресе чоң кишидей олуттуу мамиле кылчу. Уланбек барган жерин гүлдөтүп, ишти илгерилетип жибергени менен эсимде калды.

«Көп окугусу, үйрөнгүсү келгени көрүнүп турчу...»

Ал эми университетте устаты болуп, андан соң «Азаттык» радиосунда кесиптеш катары чогуу иштешкен Бакыт Орунбеков Эгизбаев туурасында буларды айтты:

- Уланбек биринчи курска келгенде эле балдардан өзгөчөлөнүп, бөлүнүп көрүнгөн. Сабак учурунда да, сабактын аягында да дайыма суроо берип, кызыгып, бир нерсени тактап, өз оюн ачык айткандыгы менен эмгекчил экенин көрсөткөн. Көп окугусу келгени, үйрөнгүсү келгени көрүнүп турчу. 3-курста «Агым» гезитинде иштеп калды. «Агымга» чыккан макалалары менен коомго тааныла баштады. Макалалары коомдо талаш-тартыш жаратып, талкууга жем таштачу. «Агымда» иштеп жүрүп «Азаттыктын» көзүнө илинген. «Азаттык» - өзүнчө чоң мектеп. Уланбек «Азаттыктын» Прагадагы кеңсесинде да иштеп келди. Өзүн өзү өстүргөн боюнча Уланда жакшы сапаттар бар эле. Жумушка, сабакка, айылдагы үй тиричилигине да жетишкен эмгекчил бала эле.

«Уланбек коомдук иште да, окууда да алдыңкы студент эле»

Студенттик кезинде Эгизбаевге «Журналисттик иликтөө» дарсынан сабак берген «Кабар» маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев студентин төмөндөгүдөй эскерди:

Кубанычбек Таабалдиев.
Кубанычбек Таабалдиев.

- Уланбектин жаңы билим алууга кызыгуусу бар экендиги даана байкалып турчу. Анын тайпасындагы студенттер ушу күнгө чейин мага тыңдыгы жана ой жүгүртүүсү, өз алдынчалыгы менен эсте калган. Уланбек менен бирге окугандардын арасында Бакыт Асанов, Руфат Эргешов, жубайы Сапаргүл Абдинабиева жана да бир топ дараметтүү студенттер бар эле. Эсте калган окуялардын бири: Уланбек университеттин активисти болгондуктан кээде сабактардан уруксат сурачу. Ошондуктан уламбы, экзамендердин биринде тайпасындагы 4-5 студентке 100 балл койгонумда Уланбектин алган баасы алардан кийинки 90 баллдык топко кирип калган. Ошондо Уланбек сабактан кийин мага шаша басып келип: «Агай, мени чын эле ушундай баага татыктуу деп эсептейсизби? Мен коюлган баадан көбүрөөк баага татыктуумун деп ойлойм, мени дагы бир жолу сынап көрбөйсүзбү?» деп ачык айтты. Мен анын сынак кагазын карап чыгып, макул болдум. Сынакта ал бардык суроолорго так жооп берип, чындыгында 100 баллга татыктуу билимге ээ экенин далилдеген. Бул Уланбектин ошо кезде эле коомдук иштерге аралашып жүрсө да, билим алууда башкалардан кем калышпай, алдынкы студент болгонун көрсөткөн.

Андан соң «Азаттык» радиосуна ишке киргенден тартып он чакты жолу телефон чалып: «Агай, мени унуткан болсоңуз, мен Сегизбаев эмесмин («УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен алмаштырбаңыз» деген мааниде айтып), мен болгону Эгизбаев Уланбек элемин» деп тамаша иретинде кайрылып калчу. Ал коомдогу кырдаалга, саясий окуяларга байланыштуу көп жолу чалып, маектен тышкары кошумча түшүндүрмө алууну көздөчү эле. Уланбек эң опурталдуу жанр болуп эсептелген журналисттик иликтөөгө баш-оту менен кирип кетти. Бир топ шериктери, жакындары, теңтуштары ага сак болуу керек экенин эскертишкен. Алардын арасында мен да бар элем. Уланбектин иликтөөлөрү коомчулукта резонанс жаратканынан улам ага эки-үч жолу өтө курч болууга эрте экендигин айтып, шашпоого чакыргам. Тилекке каршы, Уланбек асманда тез арада учуп баратып, күйүп кеткен жылдызга окшоп, кыргыз элине гана эмес, дүйнөлүк коомчулук көңүл бура тургандай жылт этип, жакшы ишти баштады да, күтүүсүздөн бизди таштап кетти. Эми анын демилгелүү ишин курдаштары менен андан кийинки муундун өкүлдөрү улантышы абзел. Мен Уланбектин уландысы жалаң гана анын Белек аттуу уулу эмес, кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер карабаган, билимдүү, тайманбаган, чынчыл жана эр жүрөк жаш муундун өкүлдөрү болот деп терең ишенем.

Эрдиги менен эсте калат...

Уланбек Эгизбаев университетти бүткөндөн кийин кыска убакыт аралыгында кесиптик карьерасында бараандуу ийгиликтерди багындырган. Алсак, анын буту баспай калган Нургазы туурасындагы «Кыял» тасмасы 2016-жылы дүйнөлүк «Webby Awards» (Интернет-Оскар) сынагында 13 миң видеонун ичинен алдыңкы бешөөнө кирген. Тасманын каарманы Нургазы менен Эгизбаев АКШга барып сыйлык алып келишкен эле.

Таланттуу журналист көзү өтөөрдүн алдында жазуучу Кален Сыдыкованын «Алтын калем» сыйлыгына арзыган. Мындан тышкары ал Президенттин «Ардак» грамотасы, «Аракет» сыйлыгы жана «Үмүт» фестивалдарында байгелүү сыйлыктардын ээси болгон.

Каза болгондон кийин Уланбек Эгизбаевге коомдук терс көрүнүштөр менен күрөшкөндүгү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн 2018-жылдын 1-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков «Эрдик» медалын ыйгарды. Мындан тышкары 2017-жылы «Чеч-Дөбө» кеңешинин интеллектуалдар альянсы негиздеген «Улут абийири» наамы 2018-жылы 18-октябрда Эгизбаевге берилди. Ошондой эле, Эгизбаевдин жаркын элесине арналып «Журналисттик иликтөөлөр» фонду түзүлдү. Фонд журналисттик иликтөө жасаган журналисттерди колдоо максатын көздөйт.

Уланбек болгону 28 жыл гана жашады. Бирок ошол чагылгандай бир жарк этип өчкөн кыска өмүрүндө бизге көп нерсени улуу сабак кылып үйрөтүп кетти. Ооба, ал Кыргызстандын журналистикасын жаңы сапатка көтөрдү, өлкөнүн өзөктүү маселелерин козгоп, аларды чечүүгө чоң түрткү берди.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган адамдардын турмушун чагылдырып жатып, алардын жашоосун оң жагына бура алды, жаштарга мекенчилдиктин, күжүрмөндүктүн, баатырдыктын бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти. Анын ысымы түбөлүк кыргыз элинин эсинде сакталып каларында эч бир шек жок.

Жанара КАДЕНОВА

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG