Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

"Эгиз төрөп бергем". Карын эне болгон Самара кантип алданды?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башка бир түгөйлөргө бала төрөп берүү үчүн карын эне программасына катышып, Грузияга кеткен кыргызстандык келин көз жаргандан кийин акысын өндүрө албай жатканын айтып, "Азаттыкка" кайрылды.

Кытайлык үй-бүлөгө эгиз уул-кыз төрөп берген кыргыз жараны карын эне болуунун оош-кыйышы, тобокелдиктери тууралуу айтып берди.

Соңку учурда социалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Башка адамдарга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.

Бул өлкөгө болгон кызыгуу 2022-жылы февралда Орусия Украинага (карын энелердин көбү мурда ушул өлкөгө барган) басып киргенден бери кыйла өскөн. "Азаттык" кыз-келиндерди карын эне болууга түрткөн жагдайларды буга чейин да иликтеген.

"Карын эне болуп, акчамды ала албай кыйналдым"

- Кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы? Жаңы төрөлгөн ымыркайлар кандай? Сиз аларды көрө алдыңызбы?
- Куратор кызга кандай балдарды төрөдүм экен деп кызыгып эле сүрөтүн жөнөтчү деп сурандым.
- Сизге окшобойт бекен?
- Такыр окшобойт экен.
- Төрөгөндөн кийин энелик сезим ойгонуп, мээрим төгүлүп, ушундай болбойт бекен?
- Жок, такыр андай болбойт экен. Мен дагы ошондон коркуп жаткам. Төрөп алып кантип берем, кыйналбасам болду деп ойлодум эле. Андай болбойт экен. Жөн эле кандай балдарды төрөдүм экен деп кызыгып, сүрөтүн сурагам. Болбосо төрөгөндөн кийин балдарды көрсөтпөйт экен. Төрөп бергеним менен ар шылтоону айтышып, акымды бербей какшатып жатышат... Төрөгөндөн кийин адам катары деле көрбөй калат экен булар...


Кыргызстандык Самара экөөбүздүн маегибиз ушинтип башталды. Ал жакында эле Грузиянын Тбилиси шаарында кытайлык үй-бүлөгө эгиз - уул жана кыз төрөп берген.

Жашы 39га караган Самара былтыр карын эне программасына катышып, келишим түзгөндөн кийин Грузияга кеткен экен.

Келишим боюнча кытайлык түгөйлөргө эгиз балдарды төрөп бергени үчүн 18 миң доллар колуна алмак. Бирок көз жарганына 10 күн болгону менен, акысын ала элек. Самара буга ымыркайлар жети айында ара төрөлгөнү себеп экенин айтып берди:

"Төрөгөнүмө он күндөн өттү, булар акчамды бербей жатышат. "Акча жок болуп жатат" деп ар кайсы шылтоону айтышат, жетекчисинин телефонун сурасам беришпейт. Мен эгиз төрөдүм. Бул жакка келген аялдардын бардыгы эле акчанын айынан келгенбиз да. Азыр "Кыргызстанга акча салышым керек, насыямды төлөшүм керек, акчаны бергиле, сураныч" деп жалдырап жатам. Төрөгөндөн кийин булар адам ордуна деле көрбөй, тоготпой калат экен. Кыргызстандан мени жөнөткөн кызга айтсам, анын деле иши жок... Башка компания менен келген кыздар төрөгөндөн кийин 1,5 айга чейин акчасын ала албай жатыптыр. Сизге аз эле болду го деп жатпайбы... Грузияда бизди караган кураторго "акчам калбады" деп кайра-кайра жазып жатам. Кош бойлуу кезиңде айына 400 доллар айлык алып турсаң, төрөгөндөн кийин ал дароо эле токтойт экен. Бир сом акчам калбады, жанымдагы шеригимден бир аз акча алып турдум эле, ал дагы түгөндү. Ачка калдым десем деле баары бир экен", - деди Грузиядагы карын эне программасына катышкан кыргызстандык келин.

Кыргызстандык Самара жасалма уруктандыруу аркылуу боюна бүтүрүп, башкаларга бала төрөп берген программага биринчи жолу катышып жатыптыр.

Үч баланын энеси жакында 39га чыгат. Жалгыз бой эне Кыргызстандагы карыздарын, насыясын төлөп, жарым бүткөн үйүнүн курулушуна акча табуу үчүн ушул жолго барууга аргасыз болгон экен. Башка түгөйлөргө төрөп берип, акысына акча алган программа тууралуу жарнаманы интернеттен көрүп, аны арты менен Грузияга келген.

Келин төрөгөн балдарынын биологиялык ата-энеси кытай жарандары экенин билген, бирок бир дагы жолу алар менен көрүшүп же сүйлөшкөн эмес.

"Биринчи жолу келип жатам. Өздөрү дагы жашың өтүп калыптыр деп жатып алышкан. Финансылык жактан кыйналганым үчүн интернеттен көрүп калып келгем да. Карыздарым бар, ай сайын насыя төлөйм банкка. Бала эгиз болгондо чынында эле кыйын болот экен же жашым өтүп калгангабы? Бирок эгиз көтөргөн кыздардын арасында деле кыйналып жаткандар бар. Жатындын моюнчасы эрте эле кыскарып кетет экен. Өзүмдүн балдарымды кыйналбай эле иштеп жүрүп төрөп алдым эле. Жатындын моюнчасы 17 сантиметрге чейин кыскарып кетиптир, мындай учурда мөөнөттөн мурда төрөп коюшуң мүмкүн деп айтышты... Ошентип, ымыркайлар 30 жума болгондо төрөлүп калды. Балдар бир жакшынакай эле, ыйлап эле төрөлдү. Бирок айына жетпей ара төрөлгөн үчүн атайып аппаратка салышты. "Ооруканага эки ай жатышы керек, биологиялык ата-энеси акча которбой жатат, ага чейин компания өзү сага акча төлөп турат" деп айтып жатышат. Өзүмдүн балдарым Кыргызстанда, ошолорду дагы эстеп, сагынып жаман болуп жатам... Кыргызстанга, Нарыныма эртерээк жетсем дегенде эки көзүм төрт".

"Башкага төрөп берген кыргызстандык кыздар көп"

Келишим боюнча Самара төрөп бергени үчүн 18 миң доллар алышы керек болчу. Бирок ал сумманын 9 миңи гана колуна тийген. Келишимде 30 жумадан өтүп төрөлгөн эгиз балдар үчүн гонарардын 70% төлөнүп берилери белгиленген. Бирок Самара акчасы кечигип, өзү дагы зарыгып калган үчүн 50% макул болгон.

Самараны алып барган агенттиктин өкүлдөрү бардык аракеттер келишимде көрсөтүлгөндөн ашыкча же кем жасалбай турганын айтып, башка маалымат беришкен жок.

Cоңку учурда социалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башка адамдарга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, Армения, Кипр, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.

Грузияга болгон кызыгуу 2022-жылы февралда Орусия Украинага басып киргенден бери кыйла өскөн (карын энелердин көбү мурда бул өлкөгө барган). "Азаттык" кыз-келиндерди карын эне болууга түрткөн жагдайларды буга чейин да иликтеген.


Карын энелердин акысы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгондуктан жана күчтүү мыйзамдык ченемдер жоктугунан бизнестин бул түрү Грузияда тез өнүккөн. Экинчиден, Евробиримдик грузиялыктарга виза режимин жеңилдеткенден кийин ишкерликтин бул түрү гүлдөй баштаган.

Бул кызматка суроо-талап өсүп, карын эне боло турган аялдар Грузиянын өзүнөн жана Борбор Азиядан тартылууда. Карын энелер арасында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми биологиялык ата-энелер же кардарлардын басымдуу бөлүгүн чет элдиктер түзөрүн "Азаттыктын" буга чейинки иликтөөсүндө карын энелер менен иштешкен агенттиктин өкүлдөрү белгилешкен.

Муну биз менен маектешкен Самара дагы ырастап жатат:

"Бул жакта кыздар чындыгында какшап эле жүрүшөт. Мен келген компанияда эле 40тан ашуун кыз бар, кыргыз, өзбек жана казак кыздар. Башка дагы компаниялар аркылуу карын эне болуп келген кыргызстандык кыздар көп, толук санын билбейм, бирок бир топ эле. Мен билгенден эле үч агенттик бар".

Карын эне деген ким?

Карын эне программасына катышкан энелердин дээрлик бардыгы биологиялык ата-энени тааныбайт жана көрбөйт. Жасалма жол менен уруктандыруудан пайда болгон түйүлдүк медициналык ыкма менен башка аялдын (суррогат эненин) жатынына салынат. Ал аял баланы тогуз ай көтөрүп, төрөп берет. Адатта ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын пайдаланат.

"Кан кетип аябай кыйналдым. Келишимге Грузиядагы нотариуста кол койдук. Ал абдан көп барак болгондуктан толук окуп чыккан эмесмин. Канча гонорар төлөнө турганын гана көрүп кол койгом. Өзүмдүн башыма түшкөндө анан толук окуп чыктым да. Негизи эгиз төрөө абдан кыйын экен. Мен мындай кыйналам деп ойлогон жок элем. Же ЭКО, жасалма уруктандыруу деген ушундай болобу, айтор түшүнгөн жокмун...", - деди Самара.

Тукумсуздук, жубайлардын бир топ жылдап балалуу боло албай жатышы соңку жылдары Кыргызстанда дагы курч көйгөйгө айланды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар бир 18чи үй-бүлө тукумсуздуктан жабыркайт.


Мындан улам Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн “карын эненин” (суррогат эненин) кызматын пайдалануу муктаждыгы өскөнүн адистер белгилеп жатышат.

Жасалма уруктандыруу программасы улуттук репродукция борборунда дээрлик сегиз жыл мурда башталса да, кыргыз медицинасы ушул тапта тукумсуздук дарты менен күрөшүүдө алсыздык кылууда.

Учурда Кыргызстанда мындай кызмат саналуу гана менчик клиникаларда жасалат. Саламаттык сактоо министрлиги жасалма жол менен уруктандыруу, "карын эненин" жана анын кызматын пайдалангандардын укуктарын, милдеттери менен жоопкерчилигин мыйзам аркылуу жөнгө салат.

Кыргызстанда башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2015-жылы "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген аталыш менен кабыл алынган.

Карын эне билиши керек болгон тобокелдиктер

Кыргызстанда жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу болгондордун жана “карын энелердин” саны купуя маалымат деп эсептелгендиктен, ачыкка чыгарылбайт. Ал эми карын эне болуп берүүгө макул болгон кыргызстандык аялдардын ар кандай күтүүсүз учурларда чет өлкөлөрдөгү укуктарын ким, кантип коргоп берери белгисиз.

"Репродуктивдүү ден соолук альянсынын" жетекчиси Галина Чиркина дайыма эле карын эненин же биологиялык ата-эненин укуктары корголот деп айтуу кыйын экенин белгиледи. Эксперт медицинадагы бул тармак көмүскөгө кирип кетпеши үчүн мамлекет кийлигише тургандай шарттар зарыл экенин айтты:

Галина Чиркина, эксперт.
Галина Чиркина, эксперт.

"Албетте, ар бир жубай өзүнүн канынан, генинен жаралган балалуу болгусу келет. Ал эми заманбап технология муну сунуштап жатат. Мен бул этикалык жактан туурабы же туура эмеспи деген маселени айта албайм. Мен карын эненин жардамы менен балалуу болгон, ошонун артынан бакытка балкып жашап жаткан бир топ адамдарды билем. Ошондой эле башкалардын балдарын көтөрүп берип, бирөөгө жардамы тийгенине ыраазы болгон бир топ карын энелерди дагы билем. Эки тараптын тең ыраазычылыгы менен, укуктары корголгон шартта ишке ашса, бул этикалык жактан туура жана мыйзамдуу. Тилекке каршы, дайыма эле мындай боло бербейт. Ушул жерде мамлекет катышып, өзүнүн ролун көрсөтүшү керек. Болбосо бул тармак өзү менен өзү калса, биз карын энелерди сырттан издей баштайбыз. Анткени бул бир чети жашыруун, ыңгайлуу, кээде арзан дагы. Болбосо чет өлкөлөргө чыгып, ошол жактан бул кызматты пайдаланып келет”.

Анткен менен Галина Чиркина биздин каарман Самара туш болгон төрөттөгү тобокелдиктер, ыктымал коркунучтар туурасында жеткиликтүү маалымат берүү, ачык-айкын түшүндүрүү зарыл экенин айтат:

"Жашпы, ден соолугу чыңбы, мурда төрөгөнбү, жокпу - баары бир карын эне болом деген аял үчүн чоң жоопкерчилик жана саламаттыгы үчүн чоң тобокелдиктер бар экенин билиши керек. Кош бойлуу кези жеңил өтүп, төрөтү оор болуп калышы ыктымал. Тескерисинче, кош бойлуу кезинде кыйналып, төрөтү жеңил болушу мүмкүн. Муну кайсыл догдур болбосун айтат. Акушер-гинекологдор ар бир учур өзгөчө экенин билет. Ошондуктан карын эне программасына катышкан ар бир аялга ыктымал тобокелдиктердин баарын алдын ала айтышы керек".

Кыргызстанда карын эне болуп укугу бузулган канча учур болгону тууралуу же жалпы канча бала карын эненин жардамы менен төрөлгөнү боюнча маалыматтар жок. Бул маселенин канчалык купуя сакталарынан кабар берет.

Карын эне (суррогат эне) болуу Австралия, АКШ, Канада, Колумбия, Мексика, Украина жана Улуу Британияда мыйзамдаштырылган. Соңку маалыматтарга ылайык, Лаосто да буга мыйзaм жол берет. АКШнын айрым штаттарында, Европанын айрым өлкөлөрүндө толук тыюу салынса, айрымдары муну мыйзам менен жөнгө салган. Кошуна Казакстанда карын энелик боюнча мыйзам бар.

Өзбекстан 2019-жылы жасалма уруктандыруу (ЭКО) боюнча мыйзам кабыл алып, бирок карын эне боюнча буга чейин айтылган сунуштарды эске алган эмес.

Карын эне бизнесинде дүйнөдө лидер өлкөлөрдүн бири - Индия 2015-жылы чет элдиктердин бул жакта ушундай кызматтан пайдаланышына тыюу салган. Орусияда ушул өлкөнүн жарандары гана карын эне боло алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG