Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

20:57 31.8.2021

20:55 31.8.2021

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-августта Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (МГКФ) башкармалыгынын теңтөрагасы Михаил Швыдкой, аталган уюмдун төрагасы, Азербайжандын Орусиядагы элчиси Полад Бүлбүл оглу жана аткаруучу директору Анатолий Иксановго Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктарын өз колу менен тапшырды.

Михаил Швыдкой — тынчтык, достук жана элдер арасындагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон чоң салымы, улуттук маданияттарды жакындатуу жана өз ара байытуудагы активдүү ишмердүүлүгү, мамлекеттер ортосундагы достук мамилени бекемдегени үчүн — «Данакер» ордени менен сыйланды.

Полад Бүлбүл оглу — достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — «Достук» ордени менен сыйланды.

Анатолий Иксанов — өлкөлөрдүн маданий-гуманитардык жана руханий потенциалын көбөйтүүгө, мамлекеттер ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн — Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаров фонд КМШ өлкөлөрүнүн маданий байланыштарын чыңдоодо активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы долбоорлорго дайыма колдоо көрсөтүлүп турганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде сыйлык ээлери да президентке ыраазылык айтышып, кыргыз элине албан ийгиликтерди каалашты.

19:34 31.8.2021

Саясатчы Эмилбек Каптагаев коомдогу кулмүнөз психологиядан кутулуу үчүн күчтүү мамлекеттик идеология, атуулдук аң-сезим керектигин айтты. Толук маекти окуңуз.

19:23 31.8.2021

Кыргызстандын 30 жылдыгын майрамдап жаткан баткендиктердин негизги тилеги - чек аранын чечилиши. Алар чек ара бемемделсе Кыргызстан толук түрдө эгемен, эркин өлкө боло алат деп эсептейт. "Азаттык" кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жабыркаган айылдын тургундарынын оюн угуп келди.

Баткен: Эгемендик чек арадан бекемделет
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:36 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG