Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

15:48 31.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата бир катар кишилерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы төмөнкү кишилерге ыйгарылды.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, Берадор (Бек) Борбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробекова, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкулов ж.б. башкалар бар.

II даражадагы “Манас” ордени менен Замирбек Үсөнбаев, III даражадагы “Манас” ордени менен Түгөлбай Казаков, Мираида Далбаева, Айтурган Темирова, Тулкунджан Ахмадалиев жана Күлайым Каныметова сыйланды.

Гүлсүн Мамашова менен Камчыбек Дюшалиевге “Даңк” ордени ыйгарылды.

Акын Бактыгүл Чотурова, төкмө акындар Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Токтобеков (Жеңишбек Жумакадыр), Азамат Болгонбаев жана Аалы Туткучевге Кыргыз эл акыны наамы ыйгарылды.

Жазуучу Чолпонбек Абыкеев менен драматург, сынчы Жаныш Кулмамбетовго Кыргыз эл жазуучусу наамы тапшырылды.

15:39 31.8.2021

Кыргызстандын ири шаарлары 30 жыл ичинде кандай өзгөрдү? "Азаттыктын" сүрөт баянынан көрүңүз.

14:13 31.8.2021

1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.

12:27 31.8.2021
Эгемендикке 30 жыл: эмне таап, эмнени жоготтук?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG