Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Талаш жараткан диний экспертиза


Кыргызстанда сатылган диний китептер
Кыргызстанда сатылган диний китептер

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын диний материалдарды экспертизадан өткөрүүгө укугу барбы? Шектүү диний адабияттардын тагдырын чечкен экспертиза кантип жүргүзүлөт?

Ушул жана башка суроолор адис-эксперттер - укук коргоочу Акин Токталиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчи орун басары Бактыбек Осмонов менен чогуу талкууланды.

"Азаттык": Бактыбек мырза, кандай зарылдыктан улам диний адабияттарга экспертиза жүргүзүлөрүн айтып берсеңиз?

Осмонов: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өзүнүн жобосуна ылайык, диний экспертиза жүргүзөт. Бул экспертиза дин менен байланышкан, бир диндин ичинде болуп жаткан маселелерди, ошондой эле диний материалдарда экстремизмге жана терроризмге байланыштуу ар кандай маалыматтар барбы, жокпу деп, ошолорду карап чыгат.

"Азаттык": Диний экспертиза жүргүзүүгө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мыйзамдык укугу барбы?

Осмонов: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 204-беренесинде "соттук эмес уюмда экспертиза жүргүзүү" деген эреже бар. Башкача айтканда, иш козгогон тергөөчү диний материалдарды соттук экспертизага, же Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сыяктуу соттук эмес экспертиза уюмуна, же болбосо дин тармагы боюнча адис болгон жеке адамдарга жибере алат.

"Азаттык": Акин мырза, сиз Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний экспертиза жүргүзүүгө укугу жок деп айтып келүүдөсүз? Сиз муну кандай негиздерге таянып айтып жатасыз?

Токталиев: Дин комиссиясы экспертиза жасоого акысы жок. Биринчиден, булар мамлекеттик кызматта отурат. Соттук-экспертизалык ишмердик жөнүндөгү мыйзамда мамлекеттик кызматты аркалагандар эксперт боло албайт деп айтылат. Себеби булар кызматы боюнча көз каранды адамдар. Экинчиден, экспертиза жасоо үчүн лицензиясы, сертификаты болушу керек жана беш жылда бир жолу Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп турушу зарыл. Булар президенттин указында диний экспертиза жүргүзүү тууралуу жазылган, ошого таянабыз деп да айтышат. Бул айткандары туура. Бирок ал жерде инструкция, колдонмо куралдарына экспертиза жасалсын деп гана айтылган.

Осмонов: Биз бул маселе боюнча Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук-экспертиза боюнча борборго кайрылганбыз. Алар соттук-экспертиза уюмдары жана алардын кызматкерлери гана сертификациялоодон өтөөрүн айтышып, биздин органга андай нерсенин кажети жок экендигин билдиришкен.

Диний экспертиза кантип жүргүзүлөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:52 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG