"Кыргызфармация" ишканасы быйылкыга акча бөлүү жараяны аяктай электигин билдирүүдө. Бул өкмөттүк ишкана былтыр түзүлүп, ага мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо милдети жүктөлгөн. Кыргызстан дарылардын 97% чет өлкөдөн импорттойт.
Көйгөй бар... көйгөй жок
Бейтапканаларда дары жана башка медициналык каражаттар тартыш болуп жатканы тууралуу "Азаттыкка" Бишкектеги, Баткендеги жана Оштогу ооруканаларда иштеген дарыгерлер билдиришти. Бирок коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачык айтууну каалашкан жок.
"Министрликтен "бул маселени ачыкка чыгарбагыла, айтып чыккандарга чара көрүлөт" деп эскертип жатышат. Маселени чечебиз дегени менен, көйгөй курчуп баратат", - деди алардын бири.
Ал эми биз кайрылган аймактардагы бир канча оорукананын жетекчилери баары жайында экенин айтышты. Кара-Суу райондук ооруканасынын директору Дамира Бегматова аларда 15-апрелге чейин жеткидей дары бар экенин билдирди:
"Кыргызфармация менен келишим түзгөнбүз. Марттын аягына чейин дары-дармектерди бизге жеткириши керек. Азыр шприц, даки өңдүү каражаттарды алдык. Дарылар эми келет. Эгер 15-апрелден кечиксе, анда маселе жаралышы мүмкүн. Азырынча жетиштүү".
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумар Ботокараев керектүү каражаттарды алыш үчүн Бишкекке өтүнмө жиберилип, дарылар облустагы кампага жеткирилгенин маалымдады.
Ошол эле учурда "Азаттыктын" кабарчысы медицина кызматкерлеринин Телеграм тайпасында ооруканаларда дары-дармек түгөнүп баратканы, "Кыргызфармация" ишканасына жиберилген өтүнмөлөргө жооп кечигип жатканы жөнүндөгү талкууларга күбө болду.
Марттын ортосундагы талкуулардын биринде айрым райондук ооруканалардын жетекчилери маселени кантип чечүүнү билбей ойлонуп жатышканын, кээ бир дарылар такыр жоктугун, колдо бар каражаттар ашып барса беш күнгө жетерин белгилешкен.
Министр көйгөй тууралуу маалыматты төгүндөдү
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муну куру доомат деп атады:
"Өлкөдөгү 290 оорукананын баарына байланышып жатам, аларга 100% дары-дармек жеткирилүүдө. Мурда тендер аркылуу сатып алынчу эмес беле. Ошол тендерден байыгандар эми эмне кыларын билбей, ушундай болбогон кептерди таратууда. "Кыргызфармация" дарыларды Орусия, Кытай, Индия, Азербайжан, Өзбекстандагы заводдордон алып жатат".
Ал эми Медициналык көз карандысыз кесиптик кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова "Кыргызфармация" ишканасында уюштуруу иштери начар болуп жатат деген ойдо:
"Мага жарым саат мурда эле Чолпон-Атадагы оорукананын гинекологдору байланышка чыгышты (15-март күнү - ред.) Дары-дармек жоктугунан бейтаптардын туугандары аларды тилдеп жатышат. Буга гинекологдор күнөөлүү эмес да. Алар "Кыргызфармацияга" өтүнмө жазышат, анысы өтпөйт, дары берилбейт. "Улам-улам жазсак да, өтүнмө туура эмес толтурулган деп артка кайтарышат" деп медиктер наалып отурушат. Акча бар, өтүнмө бар, муктаждык бар, бирок дары убагында берилбейт".
Барыктабасова "Кыргызфармацияда" арзан же көп колдонулуучу дарылар жетиштүү болгону менен, олуттуу ооруларга каршы дарылар аз же жок экенин белгиледи. Адис көйгөйдү чечүүнүн бир жолу катары дары ташыган жеке компаниялар менен да кызматташууну сунуштоодо.
"Каражат бөлүү жараяны аяктай элек"
Кыргызстанда мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими 2023-жылы кабыл алынып, мартта "Кыргызфармация" ишканасы түзүлгөн. Ал мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу саясатын ишке ашырат. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын сатып алып турушкан.
Февралдын башында өлкө аймагында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларынын саны 61ге жеткен. Бирок аларда дары жетишсиз болуп жатканы тууралуу маселе парламентке чейин көтөрүлгөн. Саламаттык сактоо министри жагдайды алардын ачылганына аз гана убакыт болгону менен түшүндүрүп, маселе жөнгө салынарын айткан.
Былтыр “Кыргызфармацияга” бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мекеменин жетекчиси Сүйүнбай Алиев быйылкыга каражат берүү жараяны аяктай электигин айтты:
"Азыр дары-дармектерди алууга акча жетиштүү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун реформалоо жүрүп жатат, ушул жараян жакын арада аяктаса, быйылкыга да каражат берилет".
Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө” жарлыкка 11-мартта кол койгон. Мамлекет башчынын сайтына чыккан маалыматта тармакты өнүктүрүү үчүн чаралар көрүлгөнүнө карабай, калкты медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырбай жатканы айтылат. Документке ылайык, 1-июлга чейин базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо механизмдери реформаланат.
Кыргызстан дары-дармекти негизинен Түркия, Орусия жана Индиядан импорттойт. Ошондой эле Германия, Польша, Словения, Франция, Украина, Азербайжан, Өзбекстан жана Беларустан да алынат.
Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.