Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Борбор Азияда доллар кымбаттады


Базарда өзбек сумун санап жаткан аял. Бухара. 4-август, 2018-жыл.
Базарда өзбек сумун санап жаткан аял. Бухара. 4-август, 2018-жыл.

Тажикстанда 20-августта эртең менен доллардын курсу дароо көтөрүлдү. Улуттук банк өзүнүн мындай кадамын расмий курс менен көмүскө базардагы курстун айырмачылыгын азайтуу максаты менен түшүндүрдү. Ал арада Өзбекстандын Борбордук банкы долларды эркин жүгүртүүгө коё берди.

Тажикстанда 20-августта доллардын курсу кескин көтөрүлдү

Дүйшөмбүдө бир доллар 9 сомони 43 дирам болуп жатса, 20-августта эртең менен 9 сомони 70 дирамга чыккан. Ошондой эле евронун куну да жогорулады. Ал буга чейин 10,45 сомони болуп жатса, шейшембиде 10,77 сомони болду.

Улуттук банк өз кадамын расмий курс менен көмүскө базардагы курстун айырмачылыгын азайтуу максаты менен түшүндүрүүдө. Расмий курс менен мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайлардагы курстун айырмачылыгы 2,8% чейин жеткен. Көмүскө соодада доллардын баасы банктардагы курстан жогору болгондуктан, эл акча алмаштырыш үчүн банктарга эмес, мыйзамсыз жайларга барууну туура көрөт. Ушундан улам банк элди өзүнө тартууну көздөгөн. Бирок көмүскө базардагы доллардын баасы да 20-августта дароо көтөрүлдү.

Сомонинин девальвациясы тажикстандыктарды кубандырган жок. Алардын айтымында, доллар көтөрүлгөн сайын баары кымбаттайт.

«Чынын айтсам, эмне деп айтышты деле билбейм. Нес болуп турам. Айлык ошол бойдон калат, ал эми баалар көтөрүлөт. Элге эле кыйын», - дейт Дүйшөмбүнүн тургундарынын бири.

Тажикстандын Улуттук банкынын имараты. 17-февраль, 2019-жыл.
Тажикстандын Улуттук банкынын имараты. 17-февраль, 2019-жыл.

Эксперттердин айтымында, долларды негизинен Тажикстанга эмгек мигранттары которот. Аны жергиликтүү ишкерлер сатып алып, башка мамлекеттерден товар алууга салышат. Ошол себептен доллар ар дайым жетишпейт. Экономист Мехрубон Бурхонов америкалык акчанын кымбатташына бир нече адамдан турган топ гана кызыкчылыгы бар экенин айтты:

«Доллардын наркын көтөрүү менен Улуттук банк көмүскө базардагы акча алмаштыруунун курсун да жогорулатып жатат. Мындай кырдаалды коммерциялык банктар кошумча мыйзамсыз пайда табыш үчүн колдонушууда. Бул кантип ишке ашат? Доллардын куну канча жогоруласа, аларга ошончо көп пайда түшөт. Баарына эле белгилүү болгондой, көмүскө базарда негизинен банкта иштегендер өзүлөрү акча алмаштырышат жана мындай операциялардан алар өзүлөрү пайда табышат».

Ал эми Улуттук банк өзүнүн расмий билдирүүсүндө тажик базарларындагы доллардын таңкыстыгы үчүн буга кызыккан тараптарды айыптап жатат. Бирок алар кимдер экени айтылган жок.

Өзбекстанда доллар эркин жүгүртүүгө коё берилди

Ушул эле күнү Ташкент долларды эркин жүгүртүүгө коё берди. Тактап айтканда, Өзбекстандын Борбордук банкы мындан ары чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу баасын аныктабайт. 20-августта Борбордук банктын төрагасы Мамаризо Нурмуратов ушундай билдирүү жасаганын «Telegram» тиркемесиндеги Юстиция министрлигинин каналы кабарлады. Өзбекстанда доллардын наркы июнь айынан бери акырындап көтөрүлүп келет. Ал эми ушул аптанын башында доллар 323 сумга көтөрүлүп, 9384 сумга жетсе, евро 301 сумга жогорулап, 10 393 сум болгон.

Эксперттер түшүндүргөндөй, америкалык акчанын наркын түшүргөн бир нече тышкы жана ички жагдай бар. Маселен, июлдан тартып Өзбекстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналган Орусиянын, Казакстандын жана Кытайдын валюталары долларга карата арзандаган. Бул өзбек сумуна да кедергисин тийгизген.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады

Коңшулаш Казакстанда азык-түлүк кымбаттап жатат. Элге эң керектүү деп эсептелген ундун, пияздын, күрүчтүн баасы орто эсеп менен тогуз пайызга көтөрүлдү. Улуттук экономика боюнча министр Руслан Даленов муну алып сатарлардан көрөт.

«Маселен, сабиз өндүрүүчүлөр 67 теңгеден (0,17 доллар) сатышса, базарда 151 теңге (0,4 доллар) турат. 84 теңге үстүнө кошулуп жатат», - деди ал.

Ал эми соода жана интеграция министри Бахыт Султанов муну башка себептер катар бир нукка салынган өндүрүштүн жоктугу, алып сатарлардын көптүгү, орус экономикасынын таасири менен түшүндүрдү. Бирок экономист Уалихан Кайсаров министрлердин сөздөрүнө кошулбайт. Анын эсебинде азык-түлүктүн кымбатташы - бийликтин пайдасыз аракетинин натыйжасы.

Өкмөт инфляцияны 4-6 пайыздын деңгээлинде кармап туруш үчүн катуу көзөмөлгө алынчу он товарды аныктап алды. Бул пияз, картөшкө, кызылча, күрүч, ун, жылкы эти, кой эти, уй эти жана нан. Буларды арзандатыш үчүн атайын чара көрүү тиешелүү мекемелерге милдеттендирилди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG