Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Дүйнөдө 250 журналист камакта


Карачидеги «Geo News» телеканалынын кызматкери. 11-апрель, 2018-жыл. Пакистан.
Карачидеги «Geo News» телеканалынын кызматкери. 11-апрель, 2018-жыл. Пакистан.

Быйыл дүйнөдө кеминде 250 журналист камалган. Бул тууралуу Журналисттерди коргоо комитети 11-декабрда жарыялаган баяндамада белгиленет. 48 журналист камалган Кытай биринчи орунда болсо, Түркия экинчи орунда.

Журналисттерди коргоо комитети жарыялаган баяндамага ылайык, дүйнөдө камалган журналисттердин көбүнө «мамлекетке каршы иштерге барган» же «жалган маалыматтарды таркаткан» деген айыптар коюлган. Быйыл Кытайда 48 журналист камакка алынган. Тизмеде эркин журналист София Хуан Сюэуцинь да бар. Ал Гонконгдогу демонстранциялар тууралуу жазгандан кийин быйыл октябрь айында камалган. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун маалыматы «ишенич жаратпай турганын» билдирди. Министрликтин басма сөз өкүлү Хуа Чуниң басма сөз жыйынында камалган 48 журналист жөнүндө кабары жок экенин айтты:

- Кытайда мыйзам сакталат. Эч ким мыйзамдан жогору турбайт. Эгер ал мыйзамды бузса, адам макамына карабай, журналистпи, мамлекеттик кызматкерби - жооп бериш керек.

Журналисттерди коргоо комитетинин баяндамасында экинчи орунда Түркия турат. Былтыр бул мамлекетте 68 кабарчы камалса, быйыл алардын саны 47ге чейин азайган. Бирок бул абал жакшырды дегенди билдирбейт. «Тескерисинче, бул көз каранды эмес репортаждардын алдын алуу боюнча президент Режеп Тайып Эрдогандын аракеттери ийгиликтүү болуп жатканынан кабар берет» деп жазылат баяндамада. Маалым болгондой, түрк өкмөтү 100дөн ашуун маалымат агенттиктерин жаап, аларда иштегендердин көбүнө террорчулук боюнча айып койгон. Ушундан улам көптөгөн журналисттер жумушсуз калган. Буга чейин «Чек арасыз кабарчылар» уюму да расмий Анкарадан Түркиядагы журналисттерге шарт түзүп берүүнү суранган.

Журналисттер эң көп камалган өлкөлөрдүн тизмеси.
Журналисттер эң көп камалган өлкөлөрдүн тизмеси.

Египет менен Сауд Арабиясы журналисттер эң көп камалган мамлекеттердин тизмесинде үчүнчү орунду ээлешкен. Бул мамлекеттерде 26 кабарчы абакка киргизилген. Баяндамада белгиленгендей, Жакынкы Чыгыштагы каршылык акциялары, авторитаризм жана туруктуулуктун бузулушу камалган журналисттерди көбөйткөн. Египетте сентябрь айындагы коррупцияга каршы митингдерди утурлай бир нече журналист камалган.

«Журналисттерди коргоо комитети журналисттерди алардын иши үчүн камабаш керек деп эсептейт», деп жазылат уюмдун баяндамасында.

Дүйнөдө «жалган маалымат таркатканы» үчүн айыпталган журналисттердин саны былтыр 28 болсо, быйыл 30га жеткен. Тизмеге ошондой эле Эритрея, Вьетнам, Иран, Орусия, Казакстан, Кыргызстан да кирген. Кыргызстандан бул тизмеде журналист жана укук коргоочу Азимжан Аскаров бар. Ал «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген сыяктуу бир нече оор беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаров жалган жалаа менен камалганын, ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүш керек экенин айтып келатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG