Ыктыярчылардын салымы жана коопсуздугу
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда ыктыярчылардын өтө чоң армиясы пайда болду. Алардын басымдуусу – студенттер. Бир нече күн мурда болочоктогу дарыгер 22 жаштагы Адинай Мырзабекова коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган стационардан көз жумду. Ыктыярчылар кандай тобокелдиктерге бел байлап жатышат? Мамлекет ыктыярчылардын коопсуздугун ойлонобу?