Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

COVID-19: Монголия малчылардын камын көрүүдө


Коронавирустан вакцина сайдырып жаткан малчы.
Коронавирустан вакцина сайдырып жаткан малчы.

Коронавирустун "омикрон" штаммынан улам ар кайсы мамлекеттерде чектөөлөр күчөп атат. Кытайда 13 миллион калкы бар Сиань шаары толук жабылды. Монголияда вакцинанын үчүнчү дозасы менен эмдөө өнөктүгү кызуу жүрүүдө.

Монголияда дарыгерлер талааларды кыдырып, малчыларга коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайып жүрүшөт. Үч миллион калкы бар мамлекет вакцинацияга өзгөчө көңүл буруп келет. Монголдордун 90% вакцинанын эки дозасы сайылган. Алыстагы малчылар гана жол алыстыгынан улам үчүнчү дозаны ала албай келгенин айтышууда.

«Жазында биз күйөөм экөөбүз 160 чакырым жакага түшүп, вакцинанын эки дозасын алганбыз. Андан бери үчүнчү дозасын алганга кол жетпей жаткан»,-дейт чабандардын биринин жубайы.

Расмий маалымтка ылайык, Монголияда COVID-19 эки миңдей адамдын өмүрүн кыйды. Эмдөө башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны кескин азая түшкөн. Бийлик учурда вирустун жаңы штаммдарынан улам буга чейинки аракеттер текке кетип калбасын деп, калкты тезинен үчүнчү дозаны сайдырууга үндөп жатат.

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Батбаяр Очирбаттын айтымында, көчмөн элдин салт-санаасына ылайык, монголдор бири-бирин карап гана эмделишет.

«Буга чейин коронавируска чалдыккан адам менен чогуу майрамдагандардын арасынан эки жолу эмделгендерде оорунун белгилери байкалган, ал эми үчүнчү дозасын сайдыргандарда эч кандай симптом болгон эмес. Мындай мисалдар көп эле болду»,-дейт кеңешчи.

Монголияда калктын 45% үчүнчү доза сайылды. Дарыгерлер социалдык тармактардагы ар кандай ушак-айыңдарга ишенбей, үчүнчү дозаны алууну эскертишет.

Монголияда малчыларды эмдеп жүргөн дарыгерлер. 13-декабрь, 2021-жыл.
Монголияда малчыларды эмдеп жүргөн дарыгерлер. 13-декабрь, 2021-жыл.

Кытайда бир шаар толук жабылды

Ал арада Монголияга коңшу Кытайда коронавирус жайылып жатканына байланыштуу карантин чаралары күчөтүлө баштады. Сиань шаары толук жабылып, калаадагы 13 миллион адамга зарыл жумушу жок көчөгө тыюу салынды.

26-декабрда Иранда "омикрон" аныкталгандан кийин бийлик өз жарандарын Британия, Франция, Дания жана Норвегияга саякаттоодон оолак болууга чакырды. Ошондой эле мамлекеттик телекомпаниялар билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги белгисиз убакытка туристтер үчүн эң популярдуу деп саналган Түркия менен аба жана жол каттамдарын токтотту.

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу Энтони Фаучи жакынкы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал ошондой эле азыркы ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер экенин белгилеп, ооруканалар аларга толуп калышы ыктымал экенин эскертти.

АКШда коронавируска чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 190 миңден ашып жатат. Айрым штаттардын бийлиги ооруканаларда жана карылар үйлөрүндө кызматкерлердин жетишсиздигинен Улуттук гвардиянын аскерлерин жиберишти.

Белгияда артисттер нааразылык акциясына чыгышты

Рождество майрамынын маалында 8300дөй авиакаттам токтотулуп, он миңдегенинин убактысы жылды. Авиакомпаниялар билдиргендей, буга жумушчулардын коронавируска чалдыгып калышы түрткү болду. Омикрондун айынан көп мамлекеттер чектөөлөрдү күчөттү. АКШ менен Британияда бир катар спорттук иш-чаралар токтотулду.

Белгияда миңдеген маданият кызматкерлери бийликтин чектөөлөрүнө каршы акцияга чыгышты. Алар бийликти коронавирустун жаңы штаммын шылтоолоп, "маданий иш-чараларга тыюу салды" деп айыптап чыгышты.

Белгияда 26-декабрда киргизилген жаңы чараларга ылайык, майрамдык жарманкелердин, ресторан, барлардын иштөөсүнө уруксат берилген. Ал эми театралдык иш-чараларга, спорттук таймаштарга тыюу салынган.

Брюсселдеги демонстранттар «Шоу уланышы керек», «Маданият жок - келечек жок» деген ураандарды чакырып турушту.

Эмдөөдөн качып реанимацияга түшкөндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:15 0:00

XS
SM
MD
LG