Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

COVID-19: Европада вирустун курмандыктары 400 миңден ашты


Брюсселдеги оорукана.
Брюсселдеги оорукана.

Европада ишембиде коронавирустан каза тапкандардын саны 400 миң кишиден ашты. Континенттин кээ бир мамлекеттеринде бир нече жума мурун киргизилген чектөөлөр жумштартылып жаткан кезде, АКШда ноябрь айында эле COVID-19га төрт миллиондон ашуун киши чалдыкты.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Европада COVID-19 оорусунан 400 миңден көп киши өлгөнү тастыкталды. Бул тууралуу ишембиде Европанын Илдеттерди алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдирди.

Өлүм-житим эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында Британия (57 551), Италия (53 677), Франция (51 914), Испания (44 668) жана Орусия (39 068) турат.

Бир нече жума мурун киргизилген карантиндик чаралар жай болсо да жемишин бергени менен континент пандемиянын очогу бойдон калууда. Өткөн аптада Европада Кошмо Штаттарга караганда инфекцияга кабылгандардын саны көбүрөөк катталды.

Германиянын канцлери Ангела Меркель ишембидеги кайрылуусунда пандемия башталгандан бери өлкө "узак жолду басып өткөнүн", кыйла тажрыйба топтогонун белгиледи:

«Бул вирус жөнүндө көп нерселерди үйрөндүк, ооруну жугузуп алуу жолдору, белгилери, кантип коргонуу жана дарылоо керектигин билип калдык», - деп айтты Меркель.

Ошол эле маалда экономика министри Питер Алтмайер вирус ооздукталбаса, жарым-жартылай карантин жаз айларына чейин сакталышы мүмкүндүгүн "Die Welt" гезитине берген маегинде билдирди.

Европанын эң чоң экономикасы «жеңилдетилген карантинди» ноябрь айында жарыялап, өлкөдө бар, ресторандар жабылган, бирок мектеп жана дүкөндөр иштеп жатат. Германияда вируска чалдыккандар көп болгондуктан, чектөөчү чараларды кеминде 20-декабрга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Ал эми кошуна Франция 27-ноябрдан тарта карантин шарттарын бара-бара жумшартууга киришти. Эң зарыл эмес товар саткан дүкөндөр 30-октябрдан бери жабык болчу. Эми ишембиде ал соода түйүндөрү ачылды. Өкмөт эгерде коронавирустун статистикалык көрсөткүчү жакшырса, 15-декабрда карантин алынышы мүмкүн экенин билдири.

Ушундай эле чаралар Польша, Нидерланддар, Британия, Белгия, Италиянын айрым бөлүктөрүндө киргизилген.

Чехиянын министрлер кабинети жекшембиде (29-ноябрда) кабыл алган чечимге ылайык, келе жаткан бейшембиде өлкөдөгү дүкөндөр, ресторандар, чач тарач, спорт залдар ачылмакчы. Бирок көптөгөн санитардык шарттар катаал сакталышы керек. Бийлик эгерде вирус жугузгандардын саны кайра көбөйсө, анда дароо тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Ал арада Кошмо Штаттарда 29-ноябрга карата COVID-19га төрт миллиондон ашуун киши чалдыкканы аныкталды. Октябрда бул сан эки эсе аз болгон. Илдеттен көз жумгандардын саны бир күндө бир жарым миң кишинин айланасында катталып жатат.

Жалпысынан, АКШда коронавирус 266 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти. Ооруканаларга түшкөн бейтаптар биринчи жолу 90 миң деген чектен ашкандыктан, көптөгөн штаттар жана шаарлар калктын бири-бири менен аралашуусун чектеген чараларды кабыл алууда.

Жорж Вашингтон университетинин профессору Леана Вен: «Биз апаатка жакындап баратабыз. Күнүнө эки, балким 3 же 4 миң кишинин өлүмү катталышы ыктымал», - деп CNN телеканалына билдирди.

Ал эми АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы адиси Энтони Фаучи Ыйсанын туулган күнү майрамынан кийин өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны кескин өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Фаучи жекшембиде (29-ноябрда) "ABC" телеканалына курган маегинде муну «кышкы суук жана калайыктын эки жакка көп каттоосу шарттайт» деп айтты.

Илимпоз Воробьёв: Коронавирус биз менен калат
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:50 0:00

XS
SM
MD
LG