Сынакка материалдарды кабыл алуу 2019-жылдын сентябрында башталып 1-декабрында аяктаган. Бул аралыкта “Азаттыктын” кат куржунуна жемкордукту жок кылуу боюнча сунуштарды камтыган орус жана кыргыз тилдеринде алтымыштан ашуун материал түшүп, алардын басымдуу бөлүгү сынактын талаптарына шайкештиги бар деген негиз менен www.azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарына жарыяланган.
Коррупцияга калемин каршы койгондор сыйланды
«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.
![Лира Майрамбек кызынын «Коррупция онкологиялык дартка окшош» деген блогу 1-орунду алды. Лира учурда чет өлкөдө болгондуктан сыйлыкты анын бир тууган сиңдиси алып кетти. ](https://gdb.rferl.org/4b115591-bbcd-4d3a-a9ba-89a8ea82ac57_cx0_cy8_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Лира Майрамбек кызынын «Коррупция онкологиялык дартка окшош» деген блогу 1-орунду алды. Лира учурда чет өлкөдө болгондуктан сыйлыкты анын бир тууган сиңдиси алып кетти.
![Жеңүүчүлөргө "Азаттык" радиосунун атынан дипломдор тапшырылды. ](https://gdb.rferl.org/64c272b4-4259-4ce7-9a53-b7c3570c84c0_w1024_q10_s.jpg)
2
Жеңүүчүлөргө "Азаттык" радиосунун атынан дипломдор тапшырылды.
![Сынактын катышуучуларынын айрымдары чет өлкөдө болгондуктан алардын ордуна Бишкектеги жакындары келишти. ](https://gdb.rferl.org/b08fe64d-04c6-401c-825b-14e7812e74bf_w1024_q10_s.jpg)
3
Сынактын катышуучуларынын айрымдары чет өлкөдө болгондуктан алардын ордуна Бишкектеги жакындары келишти.
![«Аткаминерлер мүлкүн элден жашырбасын» аттуу блогду жазып, экинчи орунду жеңип алган Самат Абдраимов.](https://gdb.rferl.org/d99ee7cb-fc88-4ec2-8756-f8146035bb4f_cx35_cy11_cw62_w1024_q10_r1_s.jpg)
4
«Аткаминерлер мүлкүн элден жашырбасын» аттуу блогду жазып, экинчи орунду жеңип алган Самат Абдраимов.
![«Коррупцияны адегенде жөнгө салалы» деген блогу менен 2-орунду алган Айбек Сарыгулов Түркияда болгону үчүн келе алган жок. Сыйлык анын өкүлү Тыныбек Жукешовго тапшырылды. ](https://gdb.rferl.org/8390bf88-f3b9-4b11-93ac-75bb764bae68_w1024_q10_s.jpg)
5
«Коррупцияны адегенде жөнгө салалы» деген блогу менен 2-орунду алган Айбек Сарыгулов Түркияда болгону үчүн келе алган жок. Сыйлык анын өкүлү Тыныбек Жукешовго тапшырылды.
![Биринчи орунду алган Болотбек Таштаналиевге веб-редактор Жыргалбек Касаболотов сыйлык тапшырууда. ](https://gdb.rferl.org/64fc8651-6181-4760-9928-b07017008c8f_w1024_q10_s.jpg)
6
Биринчи орунду алган Болотбек Таштаналиевге веб-редактор Жыргалбек Касаболотов сыйлык тапшырууда.
![Үчүнчү орунду алгандарга акылдуу сааттар менен кошо "Азаттык" радиосу чыгарган китептер да тапшырылды. ](https://gdb.rferl.org/80105358-240a-47da-ae04-b84de356a388_w1024_q10_s.jpg)
7
Үчүнчү орунду алгандарга акылдуу сааттар менен кошо "Азаттык" радиосу чыгарган китептер да тапшырылды.
![Ырыскүл Алакунова Эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университетинин журналистика факультетинде 2-курста окуйт. Анын «Коррупция - өнүгүүнү тушаган кишен» деген блогу 3-орунду алды. ](https://gdb.rferl.org/91380c63-a846-49b8-a42a-14b82277a41d_cx0_cy7_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
8
Ырыскүл Алакунова Эл аралык Ата Түрк Ала-Тоо университетинин журналистика факультетинде 2-курста окуйт. Анын «Коррупция - өнүгүүнү тушаган кишен» деген блогу 3-орунду алды.
![Манас университетинде окуган Рысбек Кубанычбеков «Немистер өз мекенин тонобойт» аттуу блогду жазган. Блогдо ал Германияга үч ай окууга барганда көргөндөрүн баяндаган. ](https://gdb.rferl.org/0aefa09c-8e18-4d30-ba88-2c82f3bee4a1_w1024_q10_s.jpg)
9
Манас университетинде окуган Рысбек Кубанычбеков «Немистер өз мекенин тонобойт» аттуу блогду жазган. Блогдо ал Германияга үч ай окууга барганда көргөндөрүн баяндаган.
![Сынактын катышуучулары. ](https://gdb.rferl.org/21806fb7-ef31-48ec-986a-cd1d5608e2f6_w1024_q10_s.jpg)
10
Сынактын катышуучулары.
![«Мен коррупцияны кантип жок кылам?» деген блогду жазып, үчүнчү орунду алган Жаныбек Абидетегин. ](https://gdb.rferl.org/5e5efdb0-50b4-47fb-ad2c-72a391eeb62b_cx0_cy5_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
11
«Мен коррупцияны кантип жок кылам?» деген блогду жазып, үчүнчү орунду алган Жаныбек Абидетегин.
![](https://gdb.rferl.org/8d570a8e-7b91-47e7-aad6-b628e6c6e58b_cx0_cy5_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
12
![](https://gdb.rferl.org/62d23c38-bd92-4b3c-be2e-14a3f16ce834_w1024_q10_s.jpg)
13
![Жеңүүчүлөр. ](https://gdb.rferl.org/ee625ea6-4cab-44b3-95e7-29403c92ffe7_w1024_q10_s.jpg)
14
Жеңүүчүлөр.