Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кытай коронавирусту жеңерине ишенет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кытайда коронавирустун жайылышы апрелге барып токтошу мүмкүн. Мындай божомолу менен расмий Бээжиндин өкүлү бөлүштү. Анткен менен эл аралык эксперттер оптимисттик пикир билдирүүдөн карманып, миңден ашуун адамдын өмүрүн алган вирустун жайылышынан коркуп турушат.

Коронавирустун очогу саналган Ухань шаарында Жен Шие аттуу жаш чачтарач бул илдет менен күрөшүүгө өз салымын кошуу үчүн медицина кызматкерлеринин чачын бекер кырка баштады.

Күнүнө алты сааттан ашуун коопсуздук скафандрын кийип жүрүүгө аргасыз болгон медкызматкерлер вирусту жугузуп алуудан кооптонуп чачтарын кестирип, атургай айрымдары кырдырып салууну чечишкен.

“Мындай чечимди кабыл алуу күчтүү эркти талап кылды”, - деди алардын бири. Оорукананын жетекчилиги чачтарач жигиттин медицина кызматкерлерин бекер тейлеп жатканын баалашты.

- Ал эр жүрөк экен. Учурда адамдар ооруканага жакын жологондон коркушат. Чачтарач жигит кызматы үчүн акы да сураган жок. Биз ага ыраазыбыз, - деди Пуай ооруканасындагы лаборатория башчысы Жиң Ксиапең.

Жен Шие өзү башында кооптонгонун, бирок коркунучтуу илдетке каршы күрөштө жардам берүү үчүн бул кадамга барганын айтууда.

Ал ошондой эле онлайн жүргүзүлгөн сурамжылоодо “мыкты чачтарач” наамына татып, ал үчүн 1500 доллардай сыйлык да сунушталган. Бирок Шен Жие андан баш тарткан. "Мага сунушталган акчаны ооруканаларга, ал жактагы муктаждарга которууну сурандым", - деди ал.

Хубей провинциясынын администрациясы тараткан маалыматка ылайык, коронавирус күч алганы Уханга Кытайдын бардык аймактарынан 18,5 миңдей медицина кызматкери тартылган.

Шандоң провинциясындагы оорукананын кызматкерлери. 10-февраль, 2020-жыл.
Шандоң провинциясындагы оорукананын кызматкерлери. 10-февраль, 2020-жыл.

Вирустун жайылышы апрелден тарта токтошу мүмкүнбү?

Кытайдын Хубэй провинциясында бир күн ичинде өпкөнү сезгенткен коронавирустан 243 киши каза тапты. Натыйжада дабасы табыла элек бул илдеттен көз жумгандардын саны 1355 кишиге жетти. Өлкө аймагында вирусту жугузуп алгандардын саны 60 миң адамга чукулдады.

Кытай бийлиги инфекцияга кабылгандарды аныкташ үчүн жаңы ыкманы колдоно баштаганын, ушундан улам 13-февралга карата коронавирусту жугузгандардын саны кескин көбөйгөнүн маалымдады. Бирок бул кабар вирустун чыныгы масштабы тууралуу тынчсызданууларга себеп болду.

Кытайдын вирусту ооздуктоого жооп берген бийлик өкүлүнүн улук кеңешчиси, окумуштуу Чжун Наньшан белгилегендей, оорунун жайылышы апрель айына чукул токтошу мүмкүн.

- Математикалык эсептөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, Кытайдын түштүк аймактарында февраль айынын орто ченинде же аягында эпидемия эң жогорку чекке жетиши ыктымал, - деп кошумчалады ал.

Анткен менен эл аралык эксперттер мындай оптимисттик пикир билдирүүдөн карманып, вирустун жайылышынан коркуп турушат.

Сингапурда эмгектенген профессор Дале Фишер кытайлык окумуштуулардын пикирине кошулбайт. Анын айтымында, вирустун жайылышы Ухань шаарында токтогону менен башка аймактарда күч алышы мүмкүн.

Фишер мисал катары Сингапурду келтирип, ал жакта коркунучтуу илдет эми гана таркай баштаганын кошумчалады.

Ухандагы оорукана кызматкери бейтапты сүйрөп баратат. 10-февраль, 2020-жыл.
Ухандагы оорукана кызматкери бейтапты сүйрөп баратат. 10-февраль, 2020-жыл.

11-февралда Женевада өткөн жыйында коронавируска COVID-19 деген аталыш берилди.

Ушул күнгө чейин өпкөнү сезгенткен бул вирустун дабасы табыла элек. Окумуштуулардын эсебинде илдетке каршы вакцина ойлоп табуу үчүн 1,5 жылдай убакыт зарыл. Азырынча коронавирустан каза болгондор негизинен Кытайда гана катталууда.

Жуктургандардын саны 45 миңден ашты. Алардын 300дөн ашууну Кытайдан тышкары 24 мамлекетте аныкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебриес дүйнө өлкөлөрүн бул олуттуу коркунучка каршы бирге турууга үндөдү. Ал «вирустун кесепеттери террордук аракеттерден да оор болорун» эскертти.

11-февралда Казакстан коронавирустун айынан Кытайдан 200дөн ашуун жаранын алып келди. Февралдын башында казак бийлиги Ухань калаасынан 83 студентти чыгарып кеткен. Алар менен кошо 18 кыргыз жараны да кайткан. Тажик бийлиги шейшембиде Ухандан 46 жаранын, Өзбекстан февралдын башында Кытайдан 584 жаранын эвакуациялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG