Бишкекте коронавирус диагнозу коюлган бала бакча кызматкерлеринин баары ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.
Анын айтымында, 9-июнга карата борбор калаада вирус мектепке чейинки мекемелердин алты кызматкеринен табылган. Алардын үчөө муниципалдык №111, №35 жана №37 бала бакчаларда, калган үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол» жана «Асылай» деп аталган менчик бакчаларда иштегендер.
Оору жуккандардын жакындары үй карантинине алынып, эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатат.
Вирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бала бакчалар март айында убактылуу жабылган. Өкмөт алардын иштөөсүнө 5-июндан тартып уруксат берилерин, бирок бардык кызматкерлер коронавируска текшерилерин жарыялаган.
9-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бакча кызматкерлеринин анализи акысыз жасалып жатканын маалымдаган.
Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.
Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу тараткан.
- автор Ыдырыс Исаков
Тажикстанда соңку күндөрү беткап тагынгандар кескин азайып кеткен. Буга байланыштуу тажик парламенти, айлана-чөйрөгө кооптуу илдеттин тарашынын алдын-алуу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.
Ага ылайык, карантин режимин сактабаган адам эки жылдан беш жылга чейин соттолушу мүмкүн. Ал эми карантин учурунда көчөгө беткап тагынбай чыккан адам 11 доллардан 30 долларга чейин айыппул төлөйт.
Беткап тагынбагандарды жазалоого жол ачкан мыйзам долбоорун өлкөнүн Юстиция министрлиги сунуш кылган.
Мындан тышкары социалдык тармактарда, медиада пандемия тууралуу жалган маалымат тараткандарга да жаза катуулайт. Илдет тууралуу бурмаланган кабарды айткан адам 1200 долларга чейин айыпка жыгылат.
Коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штаб жаңы мыйзам илдеттин тарашын токтотууга жардам берет деп ишенет.
Саламаттык сактоо министринин орунбасары Мирхомидин Камолзода бул чаралар чет элдик тажрыйбага таянуу менен иштелип чыкканын айтууда:
"Көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген. Оорулуулар да, оорулуу эместер да беткап тагынган өлкөлөрдө илдеттин жугуу коркунучу азаяры далилденген. Ошондуктан бул чаралар коронавирус илдетинин экинчи толкунуна каршы туруу үчүн керек. Азыр бул маселе менен Тажикстандын Юстиция министрлиги алектенип жатат".
Бирок юристтер мындай чара коррупцияны күчөтүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Мисалы, жергиликтүү юрист Шокирджон Хакимов мыйзамдын аткарылышына көзөмөл керек экенин белгиледи.
"Айрым чиновниктер кызмат абалынан ашыкча пайдаланып, мыйзамды пара алуунун бир куралы катары пайдаланышы мүмкүн. Экинчиден, Тажикстан бул чараларды өз убагында киргизиши керек эле. Менин оюмча, биз кечигип калдык".
Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин алгач моюнуна алганда эл жапырт беткап тагына баштаган. Бара-бара бетин жапкандар азайып, ошол эле учурда өлкөдө илдетке кабылгандар көбөйгөн. Тажикстандыктар ысыкта беткап менен дем алуу кыйын экенин айтышууда.
Акыркы бир суткада өлкөдө коронавируска чалдыккан 81 адам катталды. Илдет жуктургандардын жалпы саны 4,5 миңден ашты. Анын ичинен 48 адам каза болду.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 36 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 11-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 17 адам. Ош облусунда төрт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам.
Талас шаарында коронавирус менен катталган алгачкы бейтап аялдын күйөөсүнөн жана кошунасынан да бул илдет табылды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июнда билдиргендей, учурда алар менен контакт болгондордун анализи текшерилип жатат.
Облустагы COVID-19 жуккан алгачкы бейтап шаардагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген медицина кызматкери экени аныкталды.
Үсөнбаевдин айтымында, жеринде лабораториялык текшерүү уланып, адистер иштеп жатышат:
“Жашаган жеринде беш, жумушунда 17, жалпысынан 98 адам менен контакт болгонун тактап чыктык. Чебердебей, тартипти сактабаганыбыздын натыйжасы ушул болууда. Күйөөсү менен контакт болгондор да бир топ адам".
Кыргызстанда жалпы жонунан коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 58 бейтап айыгып, 11-июнда үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти.
Кошмо Штаттарда 10-июндун кечинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны эки миллиондон ашты. Саламаттык сактоо органдары эки апта мурда өткөн Эскерүү күнүнөн кийин ооруканага түшкөндөрдүн саны көбөйгөнүн кабарлап жатышат.
Инфекцияга кабылгандардын саны Аризона, Техас, Флорида, Түндүк Каролина штаттарында жогорулаган. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, COVID-19 менен ооругандардын саны эки миллиондон ашты. 113 миңдей адам курман болду.
Латын Америкасында абал курч бойдон сакталууда. 10-июнда Бразилияда 1274 киши өлдү. Буга карабай өлкөнүн ондогон шаарларында бейшембиде карантин чаралары жумшартылат.
Кытай 10-июнда 15 адамдан СOVID-19 чыкканын билдирди. Улуттук Саламаттык сактоо комиссиясы, жуктуруп алгандардын 11и чет жактан келгендер экенин билдирди.
Коронавирус алгач жайылган Кытайда бул инфекцияга чалдыккандардын саны 83 миңден көп. 4600дөн ашуун адам каза тапкан. Эксперттер реалдуу сандар мындан алда канча көп экенин боолгошууда.