Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 10 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 11-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын маалыматына караганда, алардын тогузу Бишкекте, бирөө Ош шаарында.
Коронавирус шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин көйгөйү 11-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да айтылды. Вице-спикер Аида Касымалиева дарыгерлердин турак жай маселесин көтөрдү:
“Ар кандай фонддор 2-3 айда эле социалдык шаарча, айыл куруп жатышат. Ошолорду белгилеп, медицина кызматкерлерине куруп бериш керек. Ага өкмөттүн күчү жетет. Коронавирус шартында бардык дарыгерлер өмүрүн тобокелге салып иштешти. Көбү кошумча акчасын ала албай жүрүштү. Биз аларды тактап жатабыз. Курулуш компаниялары менен жолугуп, дарыгерлерге чактап бериш керек. 3-4 миң сом алган медайым эч убакта ипотекага үй ала албайт”.
Депутат Дастан Бекешев да медицина кызматкерлеринин маянасы өтө аз болуп жатканын белгилеп, алардан мамлекеттик сыйлыктарды аябоого чакырды:
“Кээ бир кызматкерлер үй-бүлөсүн көрбөй, күн-түн дебей иштеп жатышат. Ошондуктан президентке, парламент төрагасына жана премьер-министрге бир өтүнүч бар – медицина кызматкерлеринен быйыл Ардак грамота, Эмгеги сиңген дарыгер деген жана башка сыйлыктарды аябасак. Бюджетте акча болсо акчалай сыйлык бериш керек. Экинчиден, өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын карап чыгышы зарыл. 2021-жылда болобу, айлыгын көбөйтпөсөк, бизди эч ким түшүнбөйт. Өткөн жумада бир дарыгер өзүнүн маянасын көрсөттү – 3 900 сом. Бул өтө аз”.
Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 419 медицина кызматкери катталды, алардын 312си айыгып чыкты.
Оору жуккандардын экөө каза болду. Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 2-майда, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер Альберт Исмаилов 2-июнда кайтыш болушту.
Өкмөттүн буйругуна ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жөлөкпул төлөнүп берилет.
Түркмөнстанда пневмония менен ооруган учурлар көбөйгөнү байкалууда. "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы шаршембиде маалымдагандай, борбор шаар Ашхабадда инфекциялык оорукана өпкөсү сезгенген бейтаптарга толуп калды.
Бирок бийлик өлкөдө коронавирус катталбаганын айтып келет. Жугуштуу оорулардын алдын-алуу жана дарылоо борборунун кызматкерлери айрым кишилер өтө оор абалда түшүп, көз жумгандар да бар экенин радионун кабарчысына айтып беришкен.
Кээ бир дарыгерлер бул COVID-19 экенинен дээрлик күмөн санабай калышканын, бирок анализ жасоо турсун коронавирус тууралуу сөз кылууга уруксат берилбегенин айтышат.
Ал эми Лебап облусундагы айрым булактар медайым ооруп калганын, анын үй-бүлөсү жана кесиптештери, айрым кошуналары карантинге алынганын кабарлашты.
Эл аралык уюмдар түркмөн бийлигин коронавируска байланышкан маалыматтарды бурмалабай, так берүүгө үндөп жатышат.
- автор Гүлжан Турдубаева
Бишкек мэриясы коронавирус жугузуп алгандар көбөйгөнүнө байланыштуу ири базарлар убактылуу жабыла турганын кабарлады.
Мэриянын чечимине ылайык, Орто-Сай базары 10-июндан тарта убактылуу жабылды. 15-июндан тарта Ош базары үч күнгө, 18-июндан тарта Аламүдүн базары жабылат.
Адистер өлкөдө эпидемиологиялык абал курч экенин, ошого карабай буга кайдыгер карагандар көбөйгөнүн белгилешүүдө.
Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов өзгөчө кырдаал шартында жумушка чыккан бардык ишкерлерди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Талапка баш ийбеген мекеме-ишканалар жабыларын эскертти:
«Ош базарында да оору чыкты. Аз күндө бул маселе көтөрүлөт. Базарлардан, чоң соода борборлорунан вирус табылса, биз аны жабууга милдетүүбүз. Азыркы кезде коронавирус чыккан базарларда дезинфекциялоо иштерин мамлекеттик кызматтар жүргүзүп жатат. Бирок мындан ары ошондой учур катталса, базар же соода борборунун администрациясы ишти өз алдынча жасоого милдеттендирилет».
Алымкуловдун билдиришинче, акыркы 15 күн ичинде санитардык эрежелерди сактабаган 692 мекеме аныкталып, аларга жалпы суммасы 1 млн. 558 500 сом өлчөмүндө айып салынган.
Санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорттун айдоочуларына да 40 миң сомдон ашуун айып салынганын Бишкек мэриясы билдирди.
Вице-мэр андан сырткары Бишкектеги "Centre Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барларынын, "Ыр-Кесе" кафесинин, "BootCamp" компьютердик оюн-клубунун иши да токтотулганын кошумчалады.
Адистер баш калаада, айрыкча коомдук транспортто, коомдук жайларда, базар жана кафе-ресторандарда вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору экенин эскертишүүдө.
«Вирус жугузуп алган бир эле адам менен 98 адам байланышта болуптур. Бул эрежени сактабагандыктан улам болуп жатат. Обочолонуп, аралыкты сактабасак, жүздөгөн кишилер бейтап менен байланышта болуп, алар кайра-кайра текшерилип ошончо аракетти, ошончо каражатты талап кылып жатат. Лабораториялык текшерүүлөр акысыз жүрүп жатканы менен анын баары мамлекет үчүн чоң суммадагы акча. Азыр оору кимден жукканы белгисиз учурлар абдан көп катталууда. Андыктан санитардык эрежелерди так сактоого чакырам», - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Үсөнбаевдин билдиришинче, акыркы бир суткада (11-июнга карата) коронавирус жуккан 36 адам жаңы аныкталса, алардын 17си Бишкек шаарынын тургундары.
Ош облусунда төрт, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында үчтөн, Ош шаарында жана Талас облусунда экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден адам вирус жугузуп алганы аныкталды. Ал эми илдеттен дарыланып жаткан 58 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.
Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов өлкөдө эпидемиологиялык абал күчөп баратканын белгилеп, бийлик башчыларын шайлоодон мурда пандемияга олуттуу кароого чакырды.
«Шайлоо дегенде элдин баары коронавирусту унутуп калды. Азыр телевидение, гезит-журналдар шайлоо жөнүндө жаза баштады. Эртең коронавирустун экинчи толкуну каптай турган болсо, шайлоого эч кимдин чамасы келбей калат.
Депутаттар, Жогорку Кеңеш азыр бул маселеге олуттуу карашы керек. Алар тескерисинче коронавирустун экинчи толкуну келе жатса «шайлоо» деп жатышат. Эки ай карантинде отуруп, эркиндикти эңсеген эл көчөгө чыгып кетти. «Коронавирус жок» деп ишенбей жүргөндөр канча? Алар ооругандарды, өлгөндөрдү көрбөй жатат. Саламаттык сактоо министрлиги оору жуккандар жөнүндө маалымат бергени менен ага эл ишенбей калды. Бишкекте 2 миллионго жакын киши жашайт. Элдин 99 пайызы эч кандай эрежелерди сактабай жатат. Мурдагы жашоосуна кайтып, той, тажия, туулган күндөр өтө баштады».
Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта катталган. Жалпысынан 11-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2129 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1638 бейтап айыгып кетти.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал кирген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу ишин токтоткон. Бул эреже 11-майдан тарта жоюлган.
25-майдан баштап Бишкекте кийим-кече саткан базарлар, жайкы кафе-ресторандар, театр-музейлер, галерея жана коомдук транспорттор ишке кирген.
- Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны жарым миллиондон ашты. Ооругандардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда катталууда.
- Германия 15-июндан тартып Швейцария, Франция, Австрия жана Дания менен чек арасындагы чектөөлөр алынарын жарыялады. Бирок Евробиримдикке кирбеген мамлекеттерден келген жарандарга карата карантин чаралары июндун аягына чейин кала берет.
- Венгрия менен Хорватиянын чек арасы 12-июнда ачылмай болду. Словакиянын өкмөтү да илдет басаңдаган 16 өлкө менен каттамдар жандана турганын билдирди. Өткөн аптада Австрия, Чехия жана Венгриянын жарандары үч өлкөнүн аймагында чектөөсүз каттаганга мүмкүнчүлүк алышкан.
- Эми Австриянын өкмөтү 16-июндан тартып кезинде коронавирустун очогу болгон Италия менен чек арасындагы текшерүүлөрдү токтоторун жана Европанын 30дай өлкөсүнөн келген жарандар карантинге алынбай турганын билдирди. Азырынча Швеция, Британия, Испания жана Португалиянын жарандары үчүн чектөө кала берет.