Талас шаарында бир адам коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:
"Азырынча анализинин жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан расмий эч нерсе тастыктап айта албайбыз. Эртең билинет".
Жалпысынан 18-марттан 9-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2055 адамдан табылды, алардын ичинен 24 бейтап кайтыш болду, 1483 бейтап айыгып кетти.
Республика боюнча бир гана Талас облусунда вирус катталган эмес.
Гарвард университети жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, коронавирус Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын август айында эле жайылган болушу мүмкүн.
8-июнда жарыяланган баяндамадагы бул маалыматты Бээжин “күлкүлүү” деп четке какты. Гарварддын иликтөөчүлөрүнүн айтымында, август айынан декабрга чейин беш оорукананын айланасында кымгуут көбөйгөнүн спутниктен алынган сүрөттөр көрсөткөн. Андан тышкары ошол маалда “жөтөл”, “диарея” сыяктуу оорунун белгилери Интернетте көп изделген.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы иликтөө “терең эмес” маалыматтарга негизделгенин билдирип, четке какты.
Коронавирус пандемиясы расмий былтыр декабрь айында Ухань шаарында тутанган.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 9-июнда дүйнө жүзүндө жалпы 7 млн. 119 миӊден көп адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 406 миӊден ашууну каза болду.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 10-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда жана Ош шаарында алтыдан адам, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын жана Талас облустарында бирден адам.
Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду: Чүй облусун Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну жана Жалал-Абад облусунун 73 жаштагы тургуну.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 89 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти.
Талас шаарында коронавирус жуккан алгачкы адам боюнча эпидемияга каршы териштирүү башталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, медицина тармагында иштеген аял бул инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды, ал азыр Таластагы облустук оорукананын инфекциялык бөлүмүндө жатат:
"Азырынча бизде чакан гана маалымат бар. Жаш курагын жеке маалымат болгондуктан айта албайбыз. Аял киши, медицина кызматкери экен. Жакындары үй карантинине алынды. Илдетти каяктан жуктурганы такталып жатат. Жумушунда чогуу иштегендерден ПЧР анализ алынды. Дезинфекция иштери жүрүүдө".
Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти.
Талас облусунда COVID-19 буга чейин каттала элек болчу.