Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:27 5.6.2020

Эреже бузгандар Ысык-Көлгө кирбейт

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев 5-июнда туристтик сезон тууралуу маалымат берип жатып үй карантин эрежесин бузгандар аймакка киргизилбей турганын билдирди:

«Үй карантин эрежесин сактабагандарды эскертип койгум келет. Алар 14 күндүк карантин бүткөндөн кийин гана Ысык-Көлгө кире алышат».

Осмоналиевдин айтымында, буга чейин карантинди бузган эки киши посттон өткөрүлгөн эмес. Алардын бири Вьетнамдан келип, 14 күн бою Бишкекте үйдөн чыкпай жатышы керек болчу.

Осмоналиев жүргүнчү ташыгандар да дайын-дарегин калтырып, кайда барары тууралуу каттоодон өтүүгө тийиш экенин белгиледи.

«Ушу тушта облустун аймагына кире бериште «Ак-Кеме» санитардык-карантиндик посту иштеп, медицина кызматкерлери келгендердин дене табын өлчөп жатат»,- деди ал.

Осмоналиевдин маалыматына караганда, туристтик жайлар 1-июндан тартып кайрадан иштей башташты. Бирок туристтик мезгил 1-июндан башталды деп айтуу туура эмес. Эс алуу жайлары туристтерди кабыл алууга даярданып жатышат. Быйыл көлгө туристтердин негизги агымы 20-июндан тартып келе баштайт деген жоромол бар.

Облус жетекчилиги быйыл аймактагы 492 субъектиге иштөөгө уруксат берген.

Учурда облус аймагында коронавирус илдетин жугузуп алган 18 бар. 5-июнда Караколдо Орусия жарандыгы бар кыргыз үй-бүлөдөн коронавирус илдети табылганы кабарланды.

Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бир үй-бүлөдөгү коронавирус аныкталган 86, 43 жана 12 жаштагы үч тургун обсервацияга алынган. 5-июнга караган түнү алардын биринин эти ысып, аймактык дарыгерге кайрылган.

Бул үй-бүлө жашаган көп кабат үй да карантинге алынарын «Азаттыкка» Каракол мэриясынын кызматкерлери кабарлашты.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, ооруга чалдыккан үй-бүлө Кыргызстанга Орусиядан бир жыл мурда келген. Акыркы айларда Каракол шаарынан сырткары чыккан эмес. Орозо айт күнү Оштон келген конокту тосуп, Ак-Суунун тоолорун көрсөтүп келишкен.

21:50 5.6.2020

Коронавирустун очогуна айланган Латын Америкасында бейшемби күнү өлгөндөр көбөйдү. Бразилия бул жагынан Италиядан ашып өттү.

Карантин шарттары жумшартылып, расизмге каршы нааразылык акцияларынын кучагында калган АКШда вирус кайрадан күч алышы мүмкүн деп кооптонгон пикирлер туш-туштан айтылууда.

210 миллион калкы бар Бразилияда 4-июнда COVID-19дан 1 473 киши көз жумду. Жоготуулардын жалпы саны 34 021 киши болду. Ошентип өлкө кайгылуу статистикада АКШ менен Британиядан кийинки үчүнчү орунга чыкты.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару пандемия коркунучун көзгө илбей, ишканаларды ачууга чакырып келатат.

Жаир Болсонару.
Жаир Болсонару.

«Бразилияда пандемиядан улам кабыл алынган чараларды карасаңар. Кедейлер өлбөстүн күнүн көрүп калышты, орто класс жакырланып жатат. Бразилиялыктардын баары ушундай абалда. Бул качан аяктай турганын эч ким билбейт окшойт», - деди ал.

Рио-де-Жанейро шаарынын мэри көчөдө соода кылган 10 миңдей кишиге 4-июндан тартып кайрадан ишке кайтууга уруксат берди.

Латын Америкасында миллиондогон адамдар формалдуу эмес тармактарда иштегендиктен, социалдык жактан корголгон эмес.

Мексикада бейшемби күнү 816 бейтап коронавирустун кесепеттеринен каза болду, алдынкы күнү бир миң киши өлгөнү маалымдалган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Уго Лопес Гателл​ COVID-19 эпидемиясы өлкөдө туу чокусуна жетип турганын бейшембиде билдирди:

«Борбор шаардын айланасындагы аймакта инфекциялангандар, ооруканага түшкөндөр жана илдеттен өлгөндөр өтө көп болуп жатат. Коронавирус жугузуп алгандар азая элек. Өткөн дүйшөмбүдө төмөндөө тенденциясы байкалганын айттык эле, бирок канчалык ылдам жүрүп жатканы так эмес».

Мындай кырдаалга карабай, президент Андрес Мануэл Лопес Обрадор өкмөттүн пандемияга каршы чараларын сындагандарга жооп кайтарып, калкты өтө эле тынчсызданбоого, «психозго» алдырбоого чакырды.

Өлкө бийлиги кендерди, курулуштарды, заводдорду акырындык менен ачууга уруксат берди. Көптөгөн ишканалар АКШда чыгарылган машинелердин тетиктерин жасашат.

Мехико. 26-май, 2020-жыл.
Мехико. 26-май, 2020-жыл.

Негизги эмес деп саналган тармактар дагы эле жабык турат. Бирок башка бир топ мамлекеттерден айырмаланып, Мексикада өзгөчө абал, коменданттык саат же үйдөн чыгууга чектөө киргизилген эмес.

Бир нече убакыт мурун пандемиянын очогу болгон Нью-Йоркто акыркы күндөрдө коронавирустан көз жумгандардын саны күнүнө 50 кишинин айланасында болуп келатат.

Штаттын губернатору Эндрю Куомо Нью-Йорк шаарындагы нааразылык акциялары вирустун жайылышына алып келет деп тынчсызданганын 4-июнда билдирди. Ал акцияга катышканарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөдү.

Калаада экономикалык ишмердикти жандантуунун биринчи баскычы эмки дүйшөмбүдө башталмакчы.

Кошмо Штаттарда бейшембидеги маалыматтарга ылайык, 24 саатта COVID-19дан өлгөн 1 021 киши катталып, жалпы саны 108 120 кишиге жетти. Өлкөдө бир миллион 870 миң киши коронавирусту жугузуп алды, 485 миңге жакыны айыкты.

Ал арада жер-жерлердеги окумуштуулар вакцинаны табуу боюнча аракетин улантышууда. 4-июнда Лондондо өткөн виртуалдык саммитте бул үчүн 8,8 миллиард доллар топтолгону кабарланды. Каражат COVID-19га каршы вакцинаны чыгаруу жана пандемиядан улам токтоп калган эмдөө программаларына жумшалмакчы.

09:50 6.6.2020

Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:00догу маалымат. 6-июнь, 2020-жыл

Дүйнөдө коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 6 795 000 (+133 000, бир сутка мурдагыга караганда 7% аз).

  • Өлгөндөр: 396 000 (+5000, бир сутка мурдагыга караганда 7% аз)
  • Айыккандар: 3 308 000 (+94 000, бир сутка мурдагыга караганда 11% аз)

Активдүү учурлар – 3 091 000. Анын 3 037 000 – орточо оор, 53 503 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар, узак убакыттан бери бул сан биринчи жолу азайды.

Акыркы 22 саат ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны:

  • АКШ: 16 706 (төмөндөө)
  • Бразилия: 14 838 (өсүү)
  • Индия: 9471 (төмөндөө)
  • Орусия: 8726 (төмөндөө)
  • Мексика: 4442
  • Чили: 4207 (төмөндөө)
  • Пакистан: 3985
  • Иран: 2886

...

  • Улуу Британия: 1650 (төмөндөө)
  • Египет: 1348
  • Швеция: 1056 (төмөндөө)

...

  • Беларус: 887

...

  • Франция: 611 (төмөндөө)

...

  • Украина: 553 (төмөндөө)
  • Бахрейн: 539
  • Италия: 518
  • Германия: 490

...

  • Испания: 318

...

  • Чехия: 26

Жаңы өлгөндөрдүн саны:

  • Мексика: 816 (төмөндөө)
  • АКШ: 716 (төмөндөө)
  • Бразилия: 586 (өсүү)
  • Улуу Британия: 357 (өсүү)
  • Индия: 286 (өсүү)
  • Орусия: 144 (төмөндөө)

...

  • Италия: 85 (төмөндөө)
  • Швеция: 77 (өсүү)

...

  • Франция: 46

...

  • Украина: 15

...

  • Испания: 1

...

  • Чехия: 1
10:34 6.6.2020

6-июнда өлкө аймагында дагы 38 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Инфекция жуккандардын саны: Бишкек шаарында – 9, Чүй облусу – 10, Нарын облусу – 3, Ош шаары – 11, Ош облусу – 2, Баткен облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 2 киши.

Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандардын саны 1974 адамга жетти.

  • Жалал-Абад облусунда – 165,
  • Ош облусунда – 233,
  • Ош шаарында - 223,
  • Чүй облусунда – 291,
  • Бишкек шаарында – 622,
  • Баткен облусунда – 32,
  • Нарын облусунда – 390,
  • Ысык-Көл облусунда – 18 киши.

Обсервацияда жаткандардын саны 1736 адам. 1360 адам айыкты. 590 адам ооруканада, 11 адам оор абалда. 2 адам реанимацияда жатат. 22 адам каза болду.

Республикалык штаб бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганын маалымдады.

6-июнга карата бир медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 389 учур катталды, алардын ичинен 273 медкызматкер айыгып чыккан.

Эки дарыгер кайтыш болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG