Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:29 4.6.2020

Парламенттин 4-июндагы жыйынында депутат Эмил Токтошев коронавирус пандемиясынын очогу тууралуу элге туура, так маалымат берүүнү өкмөттөн талап кылды. Депутат илдетке каршы күрөшүү фондуна топтолгон акчанын кайда, кантип жумшалганы тууралуу да маалымат сурады.

"Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак".

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында полимердик чынжырча реакциясы (ПЧР) боюнча анализ жүргүзө турган жабдыгы бар лаборатория ачылганы жатат. Бул тууралуу 4-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде айтты.

Үсөнбаевдин белгилешинче, Корея республикасы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга тийиштүү медициналык жабдыгы бар эки ПЧР аппарат жеткирилди. Алардын бири Чолпон-Ата шаарында ачыла турган лабораторияга коюлуп, жайкы туристтик сезон учурунда толук иштейт.

Жалпысынан 18-марттан 4-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты.

1899 адамдын 15и Ысык-Көл облусунда. Алардын бирөө 4-июнда жаңы аныкталды. Ага чейин соңку эки жумадан бери бул аймакта коронавирус жуккандар каттала элек болчу.

1-июндан тартып Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрдүн иштешине уруксат берилди.

Коронавирус илдети ПЧР анализи аркылуу аныкталат.

18:21 4.6.2020

Кожентте психиатриялык ооруканадагы 50дөй бейтапка коронавирус жукту

Бул тууралуу Тажикстандын Согди облусуна караштуу Кожент шаарындагы дарылоочу жайга барып келишкен, атын атагысы келбеген тургундар «Азаттыктын» тажик кызматына билдиришти. Алар далил катары оорукананын эки дарыгери менен сүйлөшүүлөрүнүн аудио жазуусун беришти. Анда дарыгерлер психиатриялык ооруканада кимдер вирус жугузуп алганын санап беришкен.

«Согда» аттуу бул оорукананын жетекчилиги мекемеде «бейтаптардын коронавируска чалдыкканы ырастала элек» экенин билдирип, толук маалымат берүүдөн баш тартты.

3-июндун кечиндеги маалыматка ылайык, Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар 4200 кишиге чукулдады. 48 адам илдеттен кайтыш болду.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталып, алардын жалпы саны 1899 адамга жетти. Казакстанда COVID-19га чалдыккандар 12 миңден ашса, Өзбекстанда 3900 адамга чамалады.

09:44 5.6.2020

5-июнь, саат 6:00го карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны: 6 662 000 (+133 000, бир сутка мурдагыга караганда 58% көп).

  • Өлгөндөрдүн саны 391 000 (+6000, бир сутка мурдагыга караганда үч эсе көп)
  • Айыккандардын саны : 3 214 000 (+105 000, бир сутка мурдагыга караганда 35% аз )

Активдүү учурлар – 3 057 300, бул сан пандемиянын толкуну азайгандан кийин кайра көтөрүлдү. Алардын ичинен 3 001 500 – орточо абалда болсо, 55 185 (2%) – оор жана критикалык абалда.

22 саат ичинде жаңы табылгандардын саны:

  • АКШ: 16 552 (өсүү)
  • Бразилия: 11 132 (өсүү)
  • Индия: 9869 (өсүү)
  • Орусия: 8831 (өсүү)
  • Пакистан: 4801 (өсүү)
  • Чили: 4664 (төмөндөө)
  • Перу: 4284 (өсүү)

...

  • Улуу Британия: 1805 (төмөндөө)

...

  • Швеция: 1080 (төмөндөө)

...

  • Беларус: 865

...

  • Франция: 767

...

  • Украина: 588 (өсүү)

...

  • Испания: 334

...

  • Италия: 177

...

  • Чехия: 40

Жаңы өлгөн учурлар:

  • Мексика: 1092 (өсүү)
  • АКШ: 856 (төмөндөө)
  • Бразилия: 491 (өсүү)
  • Индия: 275 (өсүү)
  • Улуу Британия: 176 (төмөндөө)
  • Орусия: 169 (төмөндөө)

...

  • Италия: 88

...

  • Франция: 44

...

  • Швеция: 20

...

  • Украина: 12

...

  • Испания: 5

...

  • Чехия: 1
10:05 5.6.2020

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилет.

Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мындан тышкары ар бир бала бакчанын жетекчилиги кызматкерлердин тизмесин акимиаттарга жиберүүгө тийиш. Ага ылайык, мобилдик топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш орундарынан анализ алышат.

Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды беткап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизотикага каршы комиссиясы төмөнкү долбоорлорду даярдады:

-Бала бакчалардын убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти;

-Балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;

-Бакчага барганда баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмеси;

Булар мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Бишкек шаарындагы бардык бала бакчалар тарабынан аткарылууга тийиш.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG