Министрлик коронавирустан каза тапкан дарыгердин жакындарына көңүл айтты
Ошто коронавирустан каза болгон фтизиатр-дарыгер Альберт Исмаилов өз кесибин сүйгөн, ишине так, чыгармачыл, кесипкөй, уюштургуч, жоопкерчиликти сезе билген адис катары таанылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маркумду эскерген билдирүүсүндө айтылат.
Эскерүүдө белгиленгендей, ал ар бир бейтаптын жүрөгүнөн орун тапкан, жамаат ичинде кадыр-баркка ээ, жаштарга насаатын аябаган инсан болгон. 36 жылдык эмгек жолунда Саламаттык сактоонун Отличниги наамын алган, Ош облустук жана Кара-Кулжа райондук администрацияларынын сыйлыктарына татыган:
"Дарыгер Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулган. 1984-жылы Бишкектеги Медицина академиясынын “дарылоо иши” факультетин аяктап, эмгек жолун Ош шаардык инфекциялык ооруканасында инфекционист болуп баштаган. Ошол мекемеде бөлүм башчы, кийин Кара-Кулжа райондук ооруканасында инфекционист, кийин ошол эле ооруканада фтизиатр болуп эмгектенген. 1994-2013-жылдары Кара- Кулжа райондук Тубдиспансерге башкы дарыгер болуп дайындалган. 2013-жылдан ушул мезгилге чейин Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун Дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүнүнө фтизиатр-дарыгер болуп эмгектенип келген. Үч уул, бир кыздын, жети неберенин атасы. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин жана министрликтин атынан жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”.
Альберт Исмаилов 2-июнда коронавирустан кийин каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, 59 жаштагы фтизиатр-дарыгер ооруну Ош облусунун аймагында пневмония болгон бейтаптарды дарылап жүрүп жугузуп алган:
“Апрель айынан бери ал пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылап келген. Акырында, коронавирус жугузуп алып, оорусу өтө оор өткөндүктөн реанимациялык иш-чараларга карабастан өтүп кетти. Эки тараптуу пневмония, дем алуунун жетишсиздиги, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, кан басымынын жогорулугу деген илдеттери менен полиоргандык жетишсиздик болду”.
Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 адам айыгып чыкты.
Оору жуккан 1871 адамдын 365и медицина кызматкери. Алардын 265и айыгып чыккан, бирөө кайтыш болгон. Ал – COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумган дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева.
Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын саны 6,4 миллион кишиге чукулдады
Европанын бир катар мамлекеттеринде оору жуккан, андан көз жумган учурлар азайып жатат. Буга байланыштуу айрым өлкөлөр биринен сала бири карантин эрежелерин жумшартууда.
Парижде 2-июндан тартып кафелердин жайкы террасалары ачылды жана Франциянын башка аймактарында бар-ресторандардын ишине уруксат берилди.
Оорудан эң көп жапа чеккен Италия 3-июнда европалык туристтерге эшигин ачты. Бирок өлкө президенти Сержо Маттарелла «каатчылык аяктай элек» экенин эскертти.
Орусия ооругандардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгонуна карабай, Москвада 1-июндан тартып айрым карантиндик чектөөлөр алынды. Соңку бир күндүн ичинде бул өлкөдө COVID-19 дагы 8800дөн ашык адамдан табылды, 180дей киши илдеттен көз жумду. Премьер-министр Михаил Мишустин экономиканы кайра калыбына келтириш үчүн алдыдагы эки жылда беш триллион рубль жумшаларын билдирди.
Бир канча аптадан бери оорунун очогуна айланган Бразилияда коронавирус жуккандар 526 миң адам болду. АКШда илдетке кабылгандар 1,8 миллион кишиге жетип калды.
4-июнь, түнкү саат 3төгү маалымат
Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны: 6 529 000 (+84 000, мурдагы суткага караганда 20% аз).
- Өлгөндөр: 385 000 (+4500, бир сутка мурдагыдай эле)
- Айыккандар: 3 109 000 (+160 000, бир сутка мурдагыга караганда 2,5 көп)
Активдүү учурлар – 3 034 700, пандемия маалынан бери бул сан экинчи жолу азайды. Анын 2 980 500 – орточо абалда, 54 185 (2%) – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптар.
22 саат ичинде жаңы табылгандар:
- АКШ: 15 099 (өсүү)
- Индия: 9614 (өсүү)
- Орусия: 8536 (төмөндөө)
- Чили: 4942 (өсүү)
- Бразилия: 4069 (төмөндөө)
- Пакистан: 4065 (өсүү)
- Перу: 4030
- Мексика: 3891 (өсүү)
- Иран: 3134
- Бангладеш: 2695
- Швеция: 2214
...
- Улуу Британия: 1871 (өсүү)
...
- Беларус: 861
...
- Украина: 483 (өсүү)
- Боливия: 460
- Испания: 395 (өсүү)
- Португалия: 366
- Франция: 352
...
- Чехия: 50
Жаңы өлгөн учурлар:
- АКШ: 840 (төмөндөө)
- Мексика:470 (өсүү)
- Улуу Британия: 359 (өсүү)
- Индия: 259 (өсүү)
- Орусия: 178 (төмөндөө)
- Бразилия: 139 (төмөндөө)
- Перу: 127
...
- Франция: 81
- Швеция: 74 (өсүү)
- Италия: 71 (өсүү)
...
- Украина: 8
...
- Чехия: 2
Лондон дүйнө лидерлерин вакцина боюнча глобалдык саммитке чогултат
Британия уюштуруп жаткан видео конференция форматындагы бул иш-чарага ондогон мамлекеттердин башчылары, премьер-министрлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Үчүнчү глобалдык саммиттин алкагында бери дегенде 2021-2025-жылдар үчүн 7,4 миллиард доллар чогултуш керек экендиги айтылган. Бул каражат өнүгүп келаткан 70тей өлкөдөгү 300 миллиондой баланы полиомиелит, кызылча, кептөөр, селейме (столбняк), кургак учук менингити, В гепатити сыяктуу ооруларга каршы эмдөөгө жумшалмакчы.
Вакцина боюнча буга чейинки глобалдык саммит 2015-жылы Берлинде өткөн жана анда 2016-2020-жылдарга эмдөөгө каражат чогултулган.
Бул глобалдык саммит дүйнөдө коронавирус пандемиясы токтой элек маалга туш келди. Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары COVID-19га каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат. Адистердин божомолунда, вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт кетет.
Коронавирустан дүйнө жүзүндө 386 миңден көп киши көз жумду, илдет 6,4 миллион адамдан табылды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус аны Латын Америкасы кабатыр кылып турганын айтты.
Ушул тушта оорунун ири очогуна айланган Бразилияда соңку бир күндүн ичинде 1350дөй бейтап өпкөнү сезгенткен оорудан көз жумду жана ажал тапкандардын жалпы саны 32,5 миң кишиден ашты. Бул өлкөдө COVID-19 жарым миллиондон ашык тургунга жукту.
Коронавирустун дарысы азырынча табыла элек. ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсустун айтымында, ДССУ азыр безгекке каршы дарыны (соода маркасы "Плаквенил") коронавирусту дарылоого кайрадан колдоно баштады.
26-майда "Ланцет" журналына чыккан баяндамадан кийин, бул дарыны колдонуу токтотулган.
Макалада "Плаквенилди" колдонгондор арасында өлүмдүн саны көп, дарылоонун таасири аз болуп жатканы айтылган. ДССУнун башчысынын билдиришинче, эксперттер өлүм боюнча маалыматтарды изилдеп көргөндөн кийин тесттин протоколун өзгөртүүнүн кажети жок деген бүтүмгө келишкен.
Тилектештик тестинин алкагында бардык дарыларды сыноо жүрүп жатат. Мүмкүн болгондой хлорохинди (соода маркасы "Делагил") сыноо кайра калыбына келген.
4-июнда өлкө аймагында дагы 28 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Оору жуккандардын эң көбү Бишкекте катталды - 15 адам. Мындан тышкары Ош облусунда алты, Ош шаарында төрт жана Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден адам. Бир суткада 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 1899 адамга жетти.
Жалал-Абад облусунда – 163,
- Ош облусунда – 226,
- Ош шаарында - 211,
- Чүй облусунда – 134,
- Бишкек шаарында – 499,
- Баткен облусунда – 30,
- Нарын облусунда – 381,
- Ысык-Көл облусунда – 15 киши. Алардын 372и медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны 2380 адам. 1953 адам айыкты. 609 адам ооруканада, 12 адам оор абалда. 3 адам реанимацияда жатат. 20 адам каза болду.