Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:59

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:45 27.5.2020

COVID-19: Испанияда 10 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды, Орусияда илдет жугузгандар азая баштады

Испанияда коронавирустан каза болгон дээрлик 27 миң маркумду эскериш үчүн шаршембиден тартып 10 күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул өлкөдө 5-июнга чейин коомдук имараттарда желектер жарым-жартылай түшүрүлүп турмакчы.

Падышалыкта Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле вирустун жайылышы басаңдап баратат, улам бир жерде карантиндик катуу чектөөлөр алынууда.

Ал эми Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 8338 миң адамдан табылды жана ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 370 миңден ашты. Өткөн апталарда бир канча күн катары менен бир сутка ичинде илдетке кабылгандар он миң кишиден ашып жаткан болчу.

Акыркы бир күндө коронавирустан 161 бейтап көз жумду, ошентип каза болгондор баш-аягы төрт миң кишиге чукулдап калды.

Өлкө бийлиги жалпысынан 9,4 миллион тест алынганын, соңку бир күндө 255 миң анализ текшерилгенин маалымдады.

Коронавируска байланыштуу расмий статистика «так, толук эмес» деп сынга кабылып келет. Бийлик муну жокко чыгарат.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги өпкөнү сезгенткен оорудан көз жумган медицина кызматкерлеринин саны тууралуу биринчи жолу маалымат берген жана ал тизмеде 101 адамдын аты-жөнү болгон.

«Медиазона» басылмасы өз иликтөөсүнө таянып, Орусияда көз жумган медицина кызматкерлеринин саны 200гө жакын экенин жазган.

Дүйнөдө пандемиянын очогу эми Латын Америкасына жылды. Коронавируска кабылгандар боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан Бразилияда шейшембиде инфекциялангандардын жалпы саны 391 миңге жетти, 24,5 миң бейтап COVID-19дан көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча акыркы статистикага ылайык, 5,6 миллион киши коронавируска туш болду, 350 миң киши оорунун кесепетинен көз жумду.

18:03 27.5.2020

Нарындын жетекчилери сөгүш алды

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Азизовго сөгүш жарыяланды.

Буга чейин Нарында төрөт үйүндөгү обсервациядан 22 аял качып кеткени белгилүү болгон. Алар санитардык эрежелерди атайылап бузган деп шек саналып, кылмыш иши козголду.

Нарын шаарындагы төрөт үйүндө коронавирус боюнча алынган анализдин жыйынтыгын күтпөй, үйлөрүнө кетип калган аялдардын үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25-май күнү саат 12:10дор чамасында төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жаткан 22 аял кулпуну сындырып, чыгып кеткен. Алардын 18и үйлөрүнө кетип, төртөө кайра ошол жерде калган.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБи Жазык кодексинин 280-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастан бузуу менен массалык жуктуруу, ууландыруу») боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.

Обсервациядан качып кеткени айтылып жаткан аялдардын бири «Азаттыкка» буларды айтып берди:

«1-май күнү төрөгөм. Бирок баламдын ден соолугу жакшы болбой, Нарын шаарындагы төрөт үйүндө жайгашкан патология бөлүмүндө жаткам. Ал ортодо «ооруканадан вирус чыкты» деп, ооруканада жаткандардын баарынан анализ алышты. Менин эки жолку анализимден вирус чыккан жок. Обсервациянын мөөнөтү 24-майда бүтүп, «25-майда үйгө чыгасыңар» деп айтышкан. Мына чыгалы деп даярданып жатсак дарыгерлер «дагы беш аялдан коронавирус чыкты, дагы 14 күн жатасыңар» дешти. Сыртта жакындарыбыз күтүп жаткан болчу. Алар ооруканага кирип келип, жанымда жаткан аялдарды чыгарып кетишти. Мен да элдин шары менен чыгып кеттим. Анткени менин анализим таза болчу. Ал эми «кулпуну, эшик-терезени талкалап салышты» деген калп».

Бул аялды бир күн өткөндөн кийин дарыгерлер үйүнө барып кайра ооруканага алып келишкен. Үйүнө барганда ал күйөөсүнүн жана эки жаштагы баласынын жанында болгон.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева обсервацияда жаткан 22 аял экинчи анализинин жыйынтыгын күтпөй чыгып кетип, кайра ооруканага жаткырылганына «дарыгерлердин катасы себеп болгон» деп кабарлады. Ал бул окуяга юридикалык баа берилерин кошумчалады.

«Дарыгерлер обсервацияда жаткандарга «чыгасыңар» деп айтып алып, алар ооруканадан чыгып кетишиптир, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок медициналык алгоритм боюнча эч ким чыгарылбашы керек болчу. Себеби, алар экинчи ПЧР анализин күтүп жатышкан. Ооруканадан чыгып кеткендер блокпосттордон тосулуп кайра алып келип жаткырылды».

27-майда Нарын облусунда коронавирус жуккан дагы 17 жаңы учур катталды. Ошону менен бул аймакта COVID-19 илдетине чалдыккандар 297 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-майда Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, Нарын шаары менен Ак-Талаа оорунун очогуна айланган. Анын айтымында, коронавирус чыккан айылдар курчоого алып, байланышта болгондордун баары изоляцияга алынды.

«Нарын шаарында коронавирус облустук ооруканада, төрөт үйүндө тарап, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен вирус көп табылды. Нарын облусунун Ат-Башы районуна, Нарын шаарына коронавирус жаңы аныкталган учурда эле коргонуучу каражаттар жетиштүү берилген. Ошого карабай оорунун жайылып кетиши боюнча учурда тийиштүү иликтөө жүрүп жатат», - деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов аймакта коронавирустун алдын алууда ката кетирилгенин мойнуна алды.

Ошол эле кезде Кыргызстанда коронавируска чалдыккан айрым адамдар өз алдынча дарыланып, абалын оорлотуп алган учурлар катталууда. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал жарандарды оорунун белгилери байкалган учурда сөзсүз ооруканага кайрылууга чакырды. Үсөнбаев өз алдынча дарыланып, оорусун күчөтүп реанимацияга түшүп калгандар кездешип жатканын, арасында медицина кызматкерлери да бар экенин айтты:

«Каза болгондор боюнча талдоо жүргүзүп, бүгүнкү күндө оор абалда жаткандардын таржымалын карап чыксак, үйгө жатып, өз алдынча дарылануу фактылары да кездешип жатат. Мындай мамиле оорунун күчөшүнө, жаман жагына бурулушка алып келүүдө».

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев элдин кайдыгер мамилесинен улам өлкөдө бул илдет күчөп жатканын белгиледи. Анын баамында, жакынкы он күндө оору жугузуп алгандар мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле убакта коронавирустан каза тапкандар да көбөйүшү ыктымал деп чочулай турганын айтты:

«Өлкөгө өзгөчө абал, карантин режими убагында киргизилген. Ошондуктан бизде эпидемия кечирээк башталды. Кармап калдык десек болот. Эми өкмөт кайра өзгөчө абал режимин киргизе албайт. Аны эл деле түшүнүп турат. Анткени эл үйдө жумушсуз отурду. Каражат түгөндү. Бирок эл «карантин бүттү» деп эле 70% беткабы жок көчөгө чыгып алды. Өз башыбызга келбегенден кийин түшүнбөйт экенбиз да. Алар «вирус жок, болсо да жеңил өтөт» деген ой менен жүрүшөт. Эми коронавирустун жайылышы кайра күч алат. 5-июнга чейин жогорку чегине барат. Бирок статистика көп болот. Ооруканалар толот. Өлүм да көбөйүшү мүмкүн. Элдин аң-сезими оңолмоюнча илдет токтобойт».

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти, 461и ооруканада жатат, алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланууда.

1520 адамдын 299у медицина кызматкери. Бул вирустан каза болгон 16 адамдын бирөө Бишкектеги бейтапкананын жетекчиси болчу.

10:33 28.5.2020

28-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат. АКШда COVID-19дан каза тапкандар 100 миңден ашты.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 755 000 (+107 000, мурунку суткага караганда үчтөн бирге аз).

  • Көз жумгандар: 355 500 (+5500, мурунку суткага караганда 83% көп)
  • Айыккандар: 2 473 500 (+63 500, мурунку суткадагыдай)

Ооруп жаткандар – 2 926 000. Алардын ичинен 2 872 000 – абалы орточо оор, 53 022 (2%) – оор жана өтө оор абалда. Мындай бейтаптардын саны азайган жок.

Массачусетс штатындагы Эверетт шаарынын көрүстөнүндө СОVID-19дан көз жумган маркумга жай камдоо, 27-май, 2020
Массачусетс штатындагы Эверетт шаарынын көрүстөнүндө СОVID-19дан көз жумган маркумга жай камдоо, 27-май, 2020

  • Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
  • АКШ: 5 343 (өсүү)
  • Орусия: 8338 (төмөндөө)
  • Индия: 7293 (өсүү)
  • Бразилия: 7272 (төмөндөө)
  • Чили: 4328 (өсүү)
  • Мексика: 3455 (өсүү)
  • Иран: 2080 (өсүү)
  • Британия: 2013 (төмөндөө)
  • ...

  • Беларус: 897
  • ...

  • Италия: 584 (өсүү)
  • Германия: 584 (өсүү)
  • Сингапур: 533
  • Испания: 510 (төмөндөө)
  • ...

  • Франция: 191
  • ...

    ...

    • Казакстан: 272
    • Тажикстан: 158
    • Өзбекстан: 79
    • Кыргызстан: 74

    ңку 22 саатта каза тапкандар:

    • АКШ: 1184 (көбөйдү)
    • Мексика: 501 (көбөйдү
    • Бразилия: 486 (көбөйдү)
    • Британия: 412 (көбөйдү)
    • Индия: 190 (көбөйдү)​
    • Орусия: 161 (азайды)
    • Канада: 121
    • Италия: 117 (көбөйдү)
    • Швеция: 95
    • ...

    • Франция: 66
    • ...

    • Германия: 35
    • ...
    • Өзбекстан: 1
    • Казакстан: 0
    • Тажикстан: 0
    • Кыргызстан: 0

    ...

    Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

11:08 28.5.2020

Кыргызстанда коронавирус 74 адамдан жаңы аныкталды, 23 бейтап айыгып чыкты

Бул тууралуу 28-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Ош шаарында - 35 адам.

Нарын облусунда - 13

Бишкекте - 11+10 (Орусиядан келген курсанттар)

Ош облусунда - 4

Чүй облусунда - 1

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген курсанттардын арасынан акыркы бир суткада дагы 10 адамдан коронавирус табылды.

Илдет жуктуруп алгандардын 27си медицина кызматкери. Басымдуу бөлүгү Ош шаарында - 15 кызматкер. Нарын облусунда 7, Бишкекте 5 медициналык кызматкер ооруга чалдыккан. 23 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1594 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1066 бейтап айыгып кетти.

28-майга карата өлкөдөгү стационарларда 512 бейтап бар. Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG