Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:33

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:52 27.5.2020

27-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 648 000 (+83 500, мурунку суткага салыштырмалуу 5% аз).

  • Көз жумгандар: 350 000 (+3000)
  • Айыккандар: 2 410 (+60 000)

Ооруп жаткандар – 2 888 000. Алардын ичинен 2 835 000 – абалы орточо оор, 53 012 (2%) – оор жана өтө оор абалдагы бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.

  • Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
  • АКШ: 12 675 (төмөндөө)
  • Орусия: 8915 (төмөндөө)
  • Индия: 5843 (төмөндөө)
  • Британия: 4043 (төмөндөө)
  • Чили: 3964 (өсүү)
  • Мексика: 2485 (төмөндөө)
  • ...

  • Беларус: 915
  • ...

  • Испания: 859
  • ...

  • Швеция: 597 (өсүү)
  • Германия: 499 (өсүү)
  • ...

  • Италия: 397 (өсүү)

...

  • Казакстан: 335
  • Тажикстан: 166
  • Кыргызстан: 52
  • Өзбекстан: 0

ңку 22 саатта каза тапкандар:

  • АКШ: 566 (көбөйдү)
  • Испания: 280
  • Мексика: 239 (көбөйдү)
  • Индия: 177 (көбөйдү)
  • Орусия: 174 (жаңы жогорку чек)
  • Британия: 134 көбөйдү)
  • Бразилия: 100
  • Франция: 98
  • Швеция: 96
  • Канада: 92
  • Италия: 78 (азайды)
  • Германия: 70
  • ...
  • Казакстан: 2
  • Тажикстан: 1
  • Кыргызстан: 0
  • Өзбекстан: 0

...

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.​

10:17 27.5.2020

Кыргызстанда коронавирус дагы 52 адамдан жаңы аныкталды, 28 бейтап айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Нарын облусунда - 17 адам. Мындан тышкары Бишкекте тогуз, Ош шаарында жети, Жалал-Абад жана Чүй облустарында үчтөн адам, Ош облусунда экөө жана Баткен облусунда бирөө.

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткан мигранттар арасынан бир суткада дагы сегиз адамдан, бул өлкөнүн аскердик окуу жайларынын курсанттарынын экөөнөн коронавирус табылды.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Анткен менен Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлери кайрадан көбөйө баштады. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус 12 медицина кызматкеринин анализинен табылды.

Алардын жетөө - Ош облусунда, бешөө - Бишкек шаарында.

Бир суткада стационарлардан алты медицина кызматкери айыгып чыкты.

Жалпысынан 27-майга карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 299 медицина кызматкери катталды, алардын ичинен 243ү айыгып чыккан.

Бир нече күн мурда коронавирус жаңы жуккан дарыгерлер катталбай калган болчу.

Оору жуккандардын көбү Бишкек шаарында, алардын көпчүлүгү аял кызматкерлер.

Бишкектик дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска чалдыккан айрым адамдар өз алдынча дарыланып, абалын оорлотуп алган учурлар катталып жатканын билдирди.

Ал оорунун белгилери байкалган учурда сөзсүз ооруканага кайрылыш керек экенин, ар кандай чөптүн кайнатмасын ичип же башкача өзү билгендей дарыланып реанимацияга түшүп калгандар кездешип жатканын, арасында медицина кызматкерлери да бар экенин айтты.

10:40 27.5.2020

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм: Жайкы ысыкта COVID-19 адамдын ден соолугуна олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн

Дүйнөлүк метеорологиялык уюм быйыл жай өзгөчө ысык болорун жана коронавирустун жайылышы менен ал адамдардын ден соолугуна олуттуу кесепетин тийгизиши ыктымал экенин эскертүүдө.

AFP агенттиги белгилегендей, аптапта кондиционерден чыккан аба коронавирус эпидемиясы учурундагы санитардык эрежелерге карама-каршы келет.

Эл аралык уюмдун өкүлү Клэр Нуллис 26-майда Женевада өткөн маалымат жыйында быйыл метеобайкоо тарыхындагы эң ысык жыл болорун айтты. Анын сөзү боюнча, көпчүлүк үчүн COVID-19 санитардык жактан тобокелдиктерди күчөтөт.

Май айынын ортосунда уюм 2020-жылдын жай мезгилинде аба ырайында адаттан тыш өзгөрүүлөр – тропикалык кеңдиктеги океандардын үстүндө жогорку температура жана Түштүк Америка менен Индостан жарым аралында жаан-чачын болорун эскерткен.

13:22 27.5.2020

Ысык-Көлдө карантин талабын бузган үч адам обсервацияга алынды

Ысык-Көл облусунда үй карантин эрежелерин бузган үч адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 27-майдагы брифингде билдирди. Анын айтмында алардын баары Орусиядан жакында келген.

«Соль-Илецкиден келген 26 жаштагы жаран 19-майда үй карантинине алынган. Бирок 22-24-май күндөрү үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган. Ал эми жакында эле Москвадан келген 27 жаштагы жаран 22-майда үй карантинине алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн. Үчүнчүсү - Санкт-Петербургдан келген 25 жаштагы жаран 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген. Карантин шарттарын бузган булар обсервацияга жаткырылды».

Министрдин орун басары маалымдагандай, коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта жалпы өлкө боюнча үй карантининде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт.

Алардын ичинен 98 жаран Тартип бузуу, Жоруктар жана Жазык кодексине ылайык карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 44 жаран 129 000 сом айыпка жыгылган. Калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Медициналык алгоритм боюнча, чет мамлекеттерден келген жарандар ПЧР диагностикасына анализ тапшыргандан кийин үч күн бою карантинде болушат.

Эгерде анализдин жыйынтыгы таза чыкса, ооруган адамдар менен байланышта болбосо, бардык эреже-талаптарды сактоого милдеттендирилип, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлигинин обсервациясына жайгаштырылат.

Кокус анализдин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга жиберилет. Ал эми вирус жуккан адамдар менен байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG