26-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 564 500 (+88 500, мурунку суткага салыштырмалуу 5% аз).
- Көз жумгандар: 346 750 (+750, дүйшөмбүдө Испания 2000 кишини өлгөндөрдүн статистикасынан чыгарды)
- Айыккандар: 2 350 000 (+61 000, мурунку суткага салыштырмалуу 11% көп)
Ооруп жаткандар – 2 867 000. Алардын ичинен 2 814 000 – абалы орточо оор, 53 164 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. Мындай бейтаптардын саны азайды.
- Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар көбөйгөн өлкөлөрдүн тизмеси:
- АКШ: 15 354 (төмөндөө)
- Орусия: 8946 (төмөндөө)
- Бразилия: 6442 (өсүү)
- Индия: 6405 (төмөндөө)
- Чили: 4895 (өсүү)
- Мексика: 2764 (төмөндөө)
...
- Британия: 1625 (төмөндөө)
...
- Беларус: 946
...
- Германия: 461
- Армения: 452
- Швеция: 384
- Гватемала: 370
- Франция: 358
...
- Италия: 300
...
- Казакстан: 438
- .Тажикстан: 171
- Өзбекстан: 51
- Кыргызстан: 38
Cоңку 22 саатта каза тапкандар:
АКШ: 438 (төмөндөө)
- Бразилия: 386 (төмөндөө)
- Мексика: 215 (өсүү)
- Индия: 148 (төмөндөө)
- Британия: 121 (өсүү)
- Канада: 114
- Эквадор: 95
- Орусия: 92 (төмөндөө)
- Италия: 92 (өсүү)
- Франция: 65 (өсүү)
- Германия: 57
...
- Кыргызстан: 2
- Казакстан: 0
- Тажикстан: 0
- Өзбекстан: 0
...
Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.
Бишкекте 25-майдан тартып коомдук транспорт каттап, кафелер менен дүкөндөр ачыла баштады. Бул өкмөттүн карантин чараларын жумшарткан экинчи кадамы.
Баш калаада экономикалык эрежелер жумшартылганы менен санитардык талаптарды аткарбаган 680 ишкана аныкталган. Адистер мындай көрүнүш өлкөдө вирустун жайылышынын экинчи толкунуна алып келерин эскертишүүдө.
25-майдан тартып Бишкекте кийим-кече сатуучу базарлар, жайкы кафелер жана ресторандар, театрлар, музейлер, галереялар менен катар коомдук транспорт ишке кирип, шаар тургундары жумушка чыга баштады.
Бишкек шаарынын тургуну Самара Жайнакова карантинден кийин алгачкы жолу ишке чыгып, коомдук транспортко түшкөн. Ал өз ден соолугуна санааркап жатканын айтты:
«Мен эки айдан бери бүгүн жумушка чыктым. Атайын троллейбуска түштүм. Анткени троллейбуста аралыкты сактасаң болот. Троллейбуста эл аз экен, бирок беткапсыз жүргөндөр көп. Ошондуктан мен өзүмдүн коопсуздугум үчүн беткап, көз айнек тагынып, мээлей кийип алдым. Маршруткаларга түшкүм келбейт. Алар акча табыш үчүн «аз киши сал» дегенге карабайт. Баарын сала беришет. Бүгүн көчөдө эл аз экен. Эртең кайра эле маршруткалар мурдагыдай тыгып киши сала башташат».
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн 110 троллейбус жана 112 автобус, ал эми маршруттук кичи автобустардын 50% жакыны - болжол менен 800-900 даанасы жолго чыкты.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бардык ишканалардын, өзгөчө базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорт залдардын жетекчилерине кайрылган. Ал мындан ары COVID-19 вирусу жайылган ишкана, мекеме жана башка уюмдун жетекчиси жоопкерчиликке тартыларын эскерткен:
«Жүргүнчүлөрдү ташууда айдоочулар беткап тагынып, мээлей кийип, кире беришке колду тазалаган антисептик орнотуп, ар бир каттамдан кийин унаасынын ичин дезинфекциялашы керек. Жүргүнчүлөрдү аралыкты сактап гана ташуу зарыл. Кафе-ресторандарда орундуктар 50 кишиден ашпашы керек. Кире бериште адамдын дене табын өлчөгөн аппараттар орнотулуп, ар бир администрация мекемесине ким келип кеткенин так документтеши керек. Ал документ төрт жума сакталышы абзел. Ар бир мекеме атайын дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен имараттын ичин тазалап, абаны дезинфекциялап, персоналды жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууга тийиш. Ар кандай той-аштарды, эскерүүлөрдү, негизсиз топтошуп, чогулууну токтото турушуңуздарды өтүнөм. Себеби бул оорунун тез жайылышына өбөлгө болот».
Калаа башчысы Бишкекте коронавирустун жайылуу коркунучу көп экенин да эске салды.
Жеке ишкер Искендер Ырсалиев эки айлык тыныгуудан кийин кафесин ачканга даярданууда. Ишкер мэрия берген бардык көрсөтмөлөр аткарылганын, тамактануучу жайдагы видео көзөмөлдөгү видеолор бир айга чейин сакталарын айтып отурду:
«Биз кафенин жайкы террасасына төрт стол койдук. Санитардык эреже боюнча ар биринин аралыгы бир жарым метр. Андан сырткары кол жуучу жайды көбөйтүп, коноктор үчүн антисептиктерди даярдадык. Азыр кафенин ичин жууп-тазалап жатабыз. Келген конокторго да өздүк гигиенаны сактоо боюнча эрежелерди түшүндүрүп турабыз. Эки айдан бери иштебей, бир топ чыгымга учурадык. Азыр ишибиздин башталганына сүйүнүп турабыз».
Ал арада Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга 900 миң сомдон ашык суммага айып салган. Ыкчам штаб өзгөчө абал алынгандан кийин ишин жандандырган 6891 ишкананы текшерип, 680 ишкананын ээсине жалпы суммасы 977 миң сомдук айып салып, 2710 ишканага жазуу түрүндө, тогуз мекемеге оозеки эскертүү берген.
Адистер коомдук жайларда санитардык ченемдер бузула берсе, вирустун экинчи толкуну пайда болорун, кыргыз медицинасы аны көтөрө албай турганын эскертишүүдө.
Далилдөөчү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова мындай учурда мекеме-ишканалардын жетекчилери жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жумушчуларын коргонуучу каражаттар менен камсыз кылышы зарыл экенин айтты. Андан сырткары коомдук жайда жүргөн ар бир адам ден соолугу үчүн өзү жоопкерчилик алышы керек деп эсептейт.
«Карантинди жеңилдеткен менен көзөмөлдү колдон чыгарбаш керек, - деди ал. - Өкмөт катаал чараларды көрдү. Айрым чаралар өтө эле катаал болчу. Эми ушунча аракеттен кийин карантин чараларын дароо эле жеңилдетип салган болбойт. Айрым эрежелер иштеп турушу керек. Бош турган имараттарды эле дезинфекциялай бербей, эл көп жүргөн жерлерди да бат-бат дезинфекция кылуу зарыл. Өкмөт мекеме-ишканаларга ар бир жумушчусу үчүн жооптуу экенин жеткиликтүү түшүндүрүшү керек. Вирус жугузуп алгандардын көпчүлүгү белгилери жок жүрө берет. Алар азыр вирус таратуучулар болуп саналат. Ошондуктан ар бир адам көчөгө чыгарда ушуну эске тутуп, эл топтошкон жерге барбашы керек. Өкмөт азыр көчөгө чыккандардын баарын вирустан коргоп кала албайт. Ар бир адам өзү үчүн, жакындары үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарыл. Эгер адамдар кайдыгер мамиле кылып, көчөгө чыгып вирус жугузуп алса, бул алардын тандоосу».
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу ишин токтоткон болчу. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат.
25-майга карата Кыргызстанда 1433 адамдан коронавирус табылды. Вирус жуккандардын эң көбү Бишкекте – 401 адам. Жалпы республика боюнча 16 киши каза болсо, алардын бешөө Бишкек шаарынын тургундары.
Этияттыкты унуткан эл
Казак бийлигинин расмий маалыматына караганда, Алматы шаарында COVID-19 вирусунан 10 адам каза болгон, Алматы облусунда өлүм катталган эмес. Шаардан 50 чакырым жердеги атайын көрүстөндө 32 кишинин жайы табылды.
Алматы шаарынан 50 чакырымдай алыс жердеги ээн талаада коронавирустан көз жумгандар үчүн атайын көрүстөн ачылган. Анда жерге берилген маркумдардын көбү каза болгондордун расмий тизмесине кирген эмес. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги расмий жооп бере элек. Кабарчылар көрүстөндөн 32 жайды санап чыгышкан.
Бети-башынан бери чүмкөнө кийинген адамдар табытка салынган сөөктөрдү алдын-ала даярдалган жайга беришти. Сөөк көмөрдүн алдында жайга хлор чачышты. Анан табытты жайга жаткырып, топурак менен көөмп, үйүлгөн дөбөгө маркумдун аты-жөнү жазылган тактаны орнотушту. Бул жолу эки сөөктүн бири мусулмандардын көрүстөнүнө, экинчиси христиандардыкына коюлду.
Бийликтин расмий маалыматы менен көмүлгөндөрдүн санында эмне үчүн айырма болуп жатканын көрүстөндөн кезиктирген жумушчулар түшүндүрүп бере алышкан жок. «Биз жөнөкөй жумушчуларбыз», - деген эркектер эки сөөктү жерге берген соң, коргоочу костюмдары менен мээлейлерин ошол жерден өрттөп салып, көрүстөндөн узап кетишти.
Көрүстөндөгү 22 сөөктүн табышмагы
Жаңы эле энесин түбөлүк жайына берген Надежда - Алматынын тургуну. Анын 73 жаштагы апасы эки жума мурун ооруп калган. Аялга «өпкөсү сезгенген» деген диагноз коюлган. Ал коронавирус илдетине кабылганын жакындары көз жумгандан кийин билишкен.
«Абалы начарлай бергендиктен «Тез жардам» чакырганбыз. Ишемби күнү түш ченде алып кетишкен. Биз кийимдерин жеткиргиче эле каза болуп калыптыр. Дарыгерге чалсак, ооруканага түшкөндөн кийин абалы кескин начарлап, өмүрүн сактап кала алышпаганын айтты. Алар сөөктү дароо моргго жиберишкен. Моргдон COVID-19га тест алышат экен», - деди энесин жоктоп, көз жашын сүрткөн Надежда.
Анын агасы Николай энесинин өпкөсү сезгенгени жана СOVID-19 табылганы тууралуу дарыгердин тастыктамасын көрсөттү.
Бири-бирине катар жайгашкан бул эки көрүстөндө жаткандардын 22си коронавирустан каза болгондордун расмий тизмесинде жок. Мусулмандардын көрүстөнүндө 13, ал эми христиандар тарабында 17 маркумдун жайы турат. Жыгач тактага ар биринин аты-жөнү жазылып, апрель-май айларында көз жумганы көрсөтүлгөн. Маркумдардын көбү 60-70 жаштарда экенин тактадагы жазуудан билсе болот.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Людмила Бурабекова айрым учурларда коронавируска кабылгандардын өлүмүнүн себеби башка дарттан улам деп табыларын түшүндүрдү.
«COVID-19дан өлгөндөрдүн расмий саны менен көмүлгөндөрдүн саны эмне үчүн кескин айырмаланат?» деген суроого казак Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Тимур Султангазиев кыска гана жооп берди:
«Алматы облусундагы атайын көрүстөнгө коюлган 22 адамдын өлүмүнүн негизги себеби - коронавирус инфекциясы эмес».
Султангазиев ошондой эле министрлик COVID-19дан көз жумгандарды атайын көрүстөнгө коюуга тапшырма бербегенин кошумчалады. «Муну ар бир аймак же шаар бийлиги өз алдынча чечет», - деди министрликтин өкүлү.
Султангазиев билдиргендей, атайын комиссия алардын эмнеден өлгөнүн аныктап, өз бүтүмүн министрликке жиберет жана медиа каражаттарына «толук маалымат берилет».
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу түзүлгөн комиссия адам түздөн-түз коронавирустан эмес, башка өнөкөт илдеттен көз жумганын аныктаса, андайлар расмий статистикага кошулбайт.
Казак бийлигинин расмий маалыматына караганда, 26-майга карата 8969 адам коронавируска чалдыккан, ал эми көз жумгандар 35 кишиге жетти. Министрлик түздөн-түз коронавирустан көз жумгандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган эмес.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык COVID-19дан каза болгондордун баары башка дарты бар-жогуна карабай расмий статистикага киргизилиши керек. Эл аралык уюмдун сунушуна ылайык, инфаркттан жана оор жаракаттан көз жумгандар гана бул статистикага кошулбайт.
Орусия: коронавирус абакта жайылды
Орусиянын Жаза аткаруу кызматы орус абактарынын кеминде миңдей кызматчысында жана жаза өтөп жаткан жүздөгөн адамдардан коронавирус аныкталганын билдирди.
Федералдык Жаза аткаруу кызматынын 980 кызматкеринде, буга кошумча түрмөдө отурган 238 кишиде коронавирус аныкталган.
Мекеменин басма сөз кызматы: «Жаза аткаруу системасынын бөлүмдөрүндө коронавирус боюнча 52 миңдей лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. Анын дээрлик жарымы федералдык мекеменин лабораторияларында текшерилди», - деп кабарлады.
25-майда укук коргоочулар Москвадагы «Лефортово» тергөө изоляторунда үч кишиден коронавируска тест алынганын маалымдашкан. «Матросская тишина» абагынын алтынчы блогунда бир нече камерада адамдар ооруп жатканын айтып чыгышкан.
«Лефортоводогу» жооптуу кызматкердин айтымында, 18-майда коронавируска тест үч кишиден алынган. Жыйынтыгын дале күтүп жатышат. Бирөөнүн биринчи тестинен COVID-19 чыгып, экинчи жолу тест тапшырган»,- деген Коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович.
«Көмүскө зона» картасын Москвадагы Хельсинки тобу, «Жарандык көзөмөл», Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору, «Коомдук өкүм», Уралдын укук коргоочулар тобу жана адвокаттар Вера Гончарова, Ирина Бирюкова, Каринна Москаленко, Мария Серновец, Яна Гельмель түзүшкөн.
Картага абактарда коронавирус расмий аныкталган учурлар менен жаза өтөп жаткандар жана алардын жакындарынын кайрылуулары түшүрүлгөн. Укук коргоочулар илдетке чалдыккан адамдар башкалар менен бир камерада кармалып, абактарда дары-дармек жетишпей жатканын айтып, коңгуроо кагышкан.
Алар абактарда илдет менен ооругандар боюнча маалыматты ачыктоону талап кылып жатышат. Ар бир учур боюнча прокуратурага арыз жөнөтүлгөн.
Былтыркы жылдын маалыматына ылайык орус абактарында 434 миң адам жаза өтөп келет. Москвадагы кыргыз элчилигинин акыркы маалыматы боюнча орус абактарында жаза өтөп жаткан 1,5 миңдей кыргыз жараны бар.
Орусияда соңку күнү коронавирус дагы 9 миңдей адамда аныкталып, илдетке чалдыккандардын саны 362 миңден ашты. Бир күндө 147 киши каза таап, жалпысынан илдеттен 3807 өлүм катталды. Орусиядагы 700 миңден ашуун мигранттардын ичинен жүздөн ашуун кыргызстандыктан илдет аныкталганы элчиликте айтылган.
COVID-19: ДССУ маляриянын дарысын сыноону убактылуу токтотту, ЕБ жаңы вакцина үчүн акча бөлдү
COVID-19га каршы вакцина даярдоого 10 миллиарддан ашык доллар чогулганын Европа Комиссиясынын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирди.
Ушул айдын башында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр коронавируска каршы вакцина даярдоо жана бул ооруну дарылоого байланыштуу изилдөө иштерин каржылоо боюнча онлайн жыйын курган. Анда акча чогултуу боюнча бир айлык марафон баштоо чечими кабыл алынган.
Уюмдун лидерлери тараткан билдирүүдө чогултулган акча «окумуштуулар менен жөнгө салуучулардын, өндүрүш менен мамлекеттин, эл аралык уюмдар, фонддор менен саламаттык сактоо тармагынын кесипкөй адистеринин мурда-кийин болуп көрбөгөндөй глобалдык кызматташтыгына өбөлгө түзөт» деп жазылган. Вакцина даярдалган күндө деле аны калктын калың катмарына жеткирүүгө, баанын жеткиликтүү болушуна да каражат керек болору белгиленген.
Ушул тушта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар жана изилдөө институттары вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцина ушул жылдын аягына чейин даяр болорун бир канча жолу айткан. Бирок адистер вакцина бардык сыноодон өтүп, коомчулуктун калың катмарына жетиши үчүн бери дегенде бир жылдан 1,5 жылга чейинки убакыт керек экенин билдиришкен.
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту дарылоодо гидроксихлорохин менен хлорохинди колдонуу максатында жүргүзүлүп жаткан клиникалык сыноо убактылуу токтогонун билдирди.
Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус мындай чечим «Ланцет» медициналык журналындагы соңку макаладан кийин кабыл алынганын жазды. Ал макалада иликтеп-изилдөөдө бул дарылар COVID-19ду дарылоодо натыйжалуу эмес экенин көрсөткөнү, мындай дарыны ичкен адамдардын арасында ажал тапкандар көбүрөөк катталганы жазылган. Ошондой эле гидроксихлорохин башка ооруларды, тактап айтканда жүрөк аритмиясын козгой турганы да белгилүү болгон.
Окумуштуулар дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн ооруканалардагы түмөндөгөн бейтаптарды дарылоо таржымалын талдап-иликтеп чыгышкан.
Орусия апрель айынын ортосунан бери бул дарыны коронавирус жугузуп алган бейтаптарды дарылоодо колдонуп келет. Буга чейин Кытай 68 миңдей куту гидроксихлорохин алганы айтылган.
Мындан бир канча күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун алдын алыш үчүн малярияга каршы дарыны ичип жатканын билдирген.
Соңку маалымат боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандар 5,5 миллион адамдан ашты жана илдеттен 346 миңден көп киши көз жумду.