Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:00 21.5.2020

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди.

Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды.

Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат.

Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылганын, ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынганын айткан.

Таза чыккандар обсервацияга алынарын, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантарын билдирген.

Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан.

14:02 21.5.2020

COVID-19га чалдыккандар саны 5 миллиондон ашты

Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллиондон ашты. 20-майда бир күндүн ичинде вирус табылган адамдардын саны рекорддук чекти көрсөттү. COVID-19 илдетинин жаңы учурлары Түштүк Америка менен Индияда көбөйдү. АКШ баштаган айрым өлкөлөр карантинди жумшарта баштады.

Бир күндө 106 миң жаңы учур

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы Кажу көрүстөнүндө күн сайын жаңы казылган мүрзөлөр көбөйүүдө. Себеби шаар жайгашкан штат коронавирустан кайтыш болгондордун саны боюнча Бразилиянын аймактарынын ичинен экинчи орунда турат.

Бир күн мурда бул көрүстөнгө COVID-19 илдетинен көз жумган 22 жаштагы Аманда да Силванын да сөөгү коюлду. Атасы кызы эпидемия башталгандан бери бардык сактык чараларын көргөнүнө карабастан вирусту жуктуруп алганын, ооруканада 18 күн жатса да дарыгерлер анын өмүрүн сактай албай калганын айтып берди.

«Баарыбыз мүңкүрөп калдык. Кабыргабыз кайышып турат. Денеңдин бир бөлүгү оркоюп оюлуп калгандай. Аманда кызым гана эмес, баарыбызга жакын дос, жакын санаалаш болчу», - деди Аманданын атасы Клаудио да Силва.

Сан-Паулу шаарындагы көрүстөн, 2-апрель 2020-жыл.
Сан-Паулу шаарындагы көрүстөн, 2-апрель 2020-жыл.

Соңку бир суткада Бразилияда 888 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Андан бир күн мурда 1179 бейтап жашоо менен кош айтышкан эле. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан ажал тапкандардын саны 19 миңге чукулдады. Коронавирусту сасык тумоого теңеген президент Жаир Болсонарунун өлкөсүндө 20-майда коронавирусту жугузуп алгандар дагы 20 миңге көбөйүп, жалпы саны 291 миңден ашты.

Муну кошкондо ал күнү дүйнө жүзүндө COVID-19дун жаңы учурлары 106 миңге өстү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул бир күн ичиндеги эң чоң көрсөткүч экенин билдирди.

Натыйжада дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын ырасталган саны 5 миллиондон ашты. COVID-19 дүйнөдө 328 миңден көп кишинин өмүрүн алды. Илдетке чалдыккандардын саны Бразилия баштаган Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Индияда, Орусия, Түштүк Африкада азайбай жатат.

АКШ жана Европа

Ал эми илдеттин жайылышы басаңдаган Европа жана айрым Азия өлкөлөрүн улай вируска чалдыккандардын саны жагынан биринчи орунда турган АКШ да 20-майдан тартып карантинди дагы жумшартты.

«Америкадагы 50 штаттын баары жарым-жартылай ачыла баштады. Жол дале узак, бирок туннелдин аягындагы жарык көрүнүп калды», - деди Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс.

Нью-Йорктун Домино паркы, 17-май 2020-жыл.
Нью-Йорктун Домино паркы, 17-май 2020-жыл.

1,5 миллиондон ашык жараны коронавируска чалдыккан АКШда ачык террасасы бар ресторандар иштей баштады. Бирок үстөлдөр ортосунда 2 метрлик аралык сакталышы зарыл. Айрым тамактануучу жайлардын жетекчилери кызматкерлеринин дене табын текшергенден кийин гана жумушка киргизүүдө. Коронавирустан катуу жабыркаган Нью-Йорк штаты 21-майдан тартып 10 кишиден ашпаган диний жыйындарга жана үйлөнүү үлпөттөрүнө уруксат берди. Бирок катышуучулардын баары беткап тагынып, ортодогу аралыкты сакташы керек.

21-майда президент Дональд Трамп өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жасай баштаган Детройт аймагындагы фабрикага бара турган болду. Ал шаршемби күнү кайрадан Кытайдын жетекчилигин айыптап, «алар өз өлкөсү дүйнөгө ооруну жана адам өлүмү менен коштолгон мүшкүлдү жайылтканын унуткаруу үчүн жан далбас уруп жатышат» деп «Твиттерге» жазды. Буга чейин Бээжин Вашингтондун дооматтарын бир нече жолу четке кагып, азыр биринчи кезекте пандемияны ооздуктоо аракеттерине көңүл бурулушу керектигин билдирген.

Чектөөлөрдүн бир тобу алынган Европа өлкөлөрүндө коронавирустун жаңы учурлары күн сайын катталып жатса да, март, апрель айына салыштырмалуу бир күндүк жалпы көрсөткүч үмүт жаратууда. Мисалы, кезинде бир күндө миңге чукул жаранынан айрылып турган Испанияда акыркы төрт күн катары менен вирустан каза тапкандардын саны 100дөн аша элек.

Бейшемби күнү испан өкмөтү алты жаштан өйдөкү жана саламаттык маселеси бар жарандардан ташкары бардык адамдарды имараттын ичинде жана ортодо аралыкты сактоо мүмкүн болбогон ачык жайларда беткап кийип жүрүүгө милдеттендирди.

Орусия жана Борбор Азия

21-майга карата акыркы бир сутка ичинде Орусияда 8849 адамдан коронавирус табылды. 127 киши COVID-19дан каза тапты. Орусияда экинчи күн катары менен жаңы учурлардын саны 9 миңден аша элек. Өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 317 554 кишиге жетти. Баш-аягы 3099 бейтап кайтыш болду.

Алматы шаары, 11-май 2020-жыл.
Алматы шаары, 11-май 2020-жыл.

Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 265ке же мурдагы күнгө салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. Алардын 84ү баш калаа Нур-Султанга туура келет. Алматы, Чымкент шаарлары менен Атырау облусунда да ондогон адамдан вирус табылды. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 7234 кишиге жетти. Алардын 35и жашоо менен кош айтышты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-майдын кечиндеги маалыматына ылайык, өлкөдө вирусту жуктуруп алгандар 2140 кишиге жетти. Бир күн мурда 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. 21-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2950 кишиге жетти. 2372 киши айыгып чыкса, 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында – 22 адам (бири Санкт-Петербургдан келген жаран), Нарын облусунда сегиз, Ош шаарында бешөө, Ош облусунда төртөө, Баткен облусунда экөө жан Чүй облусунда бирөө. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 19 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

15:02 21.5.2020

Эмомали Рахмон биринчи жолу элине беткапчан чыкты

Тажик президенти Эмомали Рахмон шаршембиде Дүйшөмбү шаарында дарыгерлер менен жолукту жана айрым медициналык жайларды кыдырды.

Мамлекеттик «Ховар» маалымат агенттиги Рахмон менен анын уулу, Сенаттын спикери Рустам Эмомалинин жана премьер-министр Кохир Расулзоданын беткапкчан турган сүрөттөрүн жарыялады. Рахмон буга чейин маска тагынбай жаткан.

«Ховар» агенттиги Рахмон бул жолугушууларда анда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырганын жазды. Ошондой эле «ооруканаларда иш үзгүлтүккө учурабайт, дары-дармек, коргоочу каражаттар менен камсыз болот» деп убада бергенин билдирди.

Андан сырткары беткап, коргоочу кийим-кече жана дезинфекция каражаттарын жана дары чөптөрдөн жасалган препараттарды өндүрүү жолго коюларын айтты. Рахмон эмне болгон дары чөптөр экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин бышыктабай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.

Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө COVID-19 2140 адамдан табылды жана илдеттен 41 киши көз жумду. Оору жукканы болушу ыктымал деген шек менен 3,5 миңдей жаран обсервацияда жатат.

16:34 21.5.2020

Бишкек: Нарында коронавируска каршы олуттуу чара көрүү зарыл

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майда Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди:

«Түзүлгөн абал шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чара көрүү зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу болуп саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруш керек. Оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл».

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, көчмө бригадалардын иши күчөтүлдү.

Буга чейин айтылгандай, Нарындадан анын ичинен төрөт үйүнүн кызматкерлеринен, жаңы көз жарган келиндерден жана милиция өкүлдөрүнөн вирус табылганы айтылган. Жалпысынан облуста 200дөн ашуун адам бул илдетке чалдыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG