Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

16:40 21.5.2020

Орусияда эки күндөн бери COVID-19 жуккандардын суткалык көрсөткүчү тогуз миңден аша элек

21-майга карата акыркы бир сутка ичинде Орусияда 8849 адамдан коронавирус табылды. 127 киши COVID-19дан каза болду. Орусияда экинчи күн катары менен жаңы учурлардын саны 9 миңден аша элек. Өлкөдө жалпысынан өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 317 554 кишиге жетти. Баш-аягы 3099 бейтап кайтыш болду.

Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 265ке же мурдагы күнгө салыштырмалуу 3,8% көбөйдү. Алардын 84ү баш калаа Нур-Султанга туура келет. Алматы, Чымкент шаарлары менен Атырау облусунда да ондогон адамдан вирус табылды. Ушуну менен 13-марттан бери Казакстанда өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандар 7234 кишиге жетти. Алардын 35 жашоо менен кош айтышты.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 20-майдын кечинде берген маалыматка ылайык, өлкөдө вирусту жуккандар 2140 кишиге жетти. Бир күн мурда 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты.

21-майга карата Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 2950 кишиге жетти. 2372 киши айыгып чыкса, 13 бейтап COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

18:19 21.5.2020

Дагестан коронавирус жуккандардын саны боюнча Орусияда төртүнчү орунга чыкты

Бирок коронавирустун статистикасына «вирустук пневмония» деген диагноз коюлган 10 миңден ашуун бейтап камтылбай келет. Ал оорудан 700дөй киши көз жумду. Адистер республикадагы абалды өтө кооптуу деп баалашат.

20-майда түштөн кийин чыккан маалыматка ылайык, республикада COVID-19 илдетинин 3 643 учуру катталды, 36 киши көз жумду, 2266 бейтап айыкты. Бирок жергиликтүү укук коргоочулар ооруп калгандар алда канча көп деп эсептешет.

Дагестанда эпидемиянын кош статистикасы жүргүзүлөт. COVID-19 деген диагноз инфекция лабораторияда тастыкталса гана коюлат. Аймактын бийлиги борбордон жардам сурап, коронавирустан ондогон киши өлсө, өпкөнүн сезгенишинен каза болгондор 700 кишиге жеткенин белгилейт. Алардын арасында 40 дарыгер бар.

Дагестандагы оорукана.
Дагестандагы оорукана.

«Расмий статистикада реалдуу абал чагылдырылбайт. Түмөндөгөн бейтаптар коронавируска эмес, вирустук пневмонияга чалдыкканы айтылууда. Кырдаал оңолгондо адистер, дарыгерлер так аныкташар. Бирок маркумдар үчүн анын айрымасы жок», - дейт жергиликтүү активист Саид Ниналалов.

Кээ бир адистер кош статистика жүргүзүү менен республиканын саламаттык сактоо тармагынын жетекчилиги Москвага жакшы иштеп жатканын көргөзүүнү максат кыларын, экинчи жагынан компенсация маселеси менен түшүндүрсө болорун айтышат. Алардын бири - «Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.

«Ооруп калган дарыгерлерге, каза тапкандардын жакындарына кенемте төлөнбөгөн учурлар бар. Тагырагы, аларга азыркыга чейин COVID-19 илдетине чалдыккан деген расмий документ берилбептир. Ден соолугуна зыян келди деп компенсация алгандарды көрө элекмин».

Дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин Дагестандын жетекчилери менен өткөргөн жыйында жергиликтүү жашоочулар дарыгерлерге кеч кайрылып оору өтүшүп кетип жатканын, көбү үйлөрүндө өздөрү билгендей дарыланып жатканын айткан.

«Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.
«Бейтаптардын мониторинги» коомдук уюмунун өкүлү Зияутдин Увайсов.

«Настоящее время» каналына берген интервьюда Увайсов республикадагы ооруканалар толуп калганын, коргоочу каражаттар жетишпей жатканын айтып, кээ бир айылдарда калктын жарымына чейин ооруп жатканын кошумчалады. Анын мындай сөздөрүн аймакта иштеген башка дарыгерлер да бышыкташкан.

«Эмне үчүн адамдар өз алдынча дарыланып, ооруканаларга кайрылбай жатат? Себеби ооруканаларда орун жок. Жакында эпидемия туу чокусуна жетип турган маалда да орун жок болду. Аны видеолордон көрсө болот. Мисалы, төшөктө жаткан аялга «Тез жардам» келип, «кайда алып бар десеңер алып барабыз, бирок ооруканалар бейтаптарды кабыл албай жатат, киши көп» деп айтышкан. Ооруканалардын өзүндө көп учурда дары-дармек тартыш. Мына ошон үчүн илдетке чалдыккандар өздөрү үйдөн эле дарыланып, дарыгерлерге кеч кайрылышат. Натыйжада өлгөндөр ушунча көп болуп жатат. Менимче, Дагестан чыныгы апаатты башынан кечирүүдө».

Муну менен катар Увайсов жергиликтүү тургундар карантин эрежелерин көп учурда бузушарын, бирөө ооруп калса, кошуналары, айланада жашаган туугандары аны барып көрүшөрүн, тажияларга толтура эл чогуларын айтат.

Хабиб Нурмагомедов тартылган плакат
Хабиб Нурмагомедов тартылган плакат

Келаткан дем алышта мусулмандар орозо айтты майрамдаганы жатышат. Белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов мекендештерине кайрылып, дарыгерлердин айткандарына кулак салууга, Курман айтты үйдө белгилөөгө чакырды.

Хабиб анын атасы коронавирусту жугузуп алганын, 20дан көп тууганы реанимацияга түшүп, кээ бирлери көз жумганын билдирди.

Дагестанда коронавируска кабылган алгачкы бейтап 27-мартта катталган.

22:06 21.5.2020

Бишкектеги Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуккан 14 адам катталды, анын сегизи балдар.

Буга байланыштуу бөлүм 20-майдан тартып карантинге жабылды.

Онкология жана гематология борборунда дарыланып жаткан сегиз баладан тышкары балдарын карап жаткан үч энеге, бир дарыгерге жана эки медайымга да коронавирус жукканы аныкталды.

Борбордун директору Эрнис Тилеков оору кайдан, кантип чыкканы тууралуу буларды айтты:

«4-майда бир чоң эне небересин карап биздин бөлүмдө жатып, кийин ооруканадан чыгып кеткен. 16-майда ал жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылган. Ошого байланыштуу бөлүмдө иштеген медицина кызматкерлеринен, дарыланып жаткан балдардан, аларды карап жаткан ата-энелерден анализ алынып, бул бөлүмгө карантин эрежелери киргизилди. Анализдери чыккандан кийин кимде вирус аныкталса, ошол эле бөлүмдө дарыланат. Ал эми таза чыккандары обсервацияга жаткырылат».

Эрнис Тилековдун айтымында, Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндөгү 120 адамдан анализ алынган. Бөлүм 20-майдан тартып карантинге жабылгандыктан жаңы келип жата турган балдар үчүн башка бөлүмдөн койкалар даярдалды.

Акыркы эки айда Кыргызстандагы бир канча ооруканадан вирус чыккан. Бишкектеги №17, №14 жана №3 үй-бүлөлүк медицина борборлорунан, №6 төрөт үйү катары көпчүлүккө белгилүү болгон Бишкектеги Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордон жана Нарын облустук төрөт үйүнөн вирус чыгып, карантинге жабылган.

Адистер Саламаттык сактоо министрлигинин ооруканаларда вирусту жайылтпоо максатында жасап жаткан иштерин чабал деп баалашууда. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев аларга мындай баа берди:

«Онкологияда дарыланып жаткан балдардын дарты - өлүмгө алып барчу оорулар. Андагы балдардын иммунитети ансыз деле начар. Араң жан балдар эми коронавирусту көтөрө алышпайт. Вирус башка ооруларды аябай күчөтөт. Онкология андан да жаман болушу мүмкүн. Ушундай кырдаалда балдар бөлүмүн жакшылап караш керек эле. Бизде өрт чыккандан кийин гана кыймылдай башташат. Бул туура эмес. Ооруканаларда көзөмөлдү эртерээк эле күчөтүш керек эле. Азыр кеч болуп калды. Эми калган ооруканаларда көзөмөлдү күчөтүп, бейтаптарды дарылоодо эки зонага бөлүш керек. Ооруканага жата турган адам алгач тест тапшырып, обсервацияга жаткырылып, баары таза чыкканда гана жалпы бөлүмгө которулушу керек».

Ал арада вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жугузууга жол бербеш үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырды.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта катталган. Соңку бир сутка ичинде дагы 43 адамга коронавирус жукканы аныкталып, 21-майга карата Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандар 1313 кишиге жетти. Алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болсо, 929 бейтап айыгып чыкты. Кыргызстандагы кырдаал боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди:

«Бүгүнкү күндө биздин ооруканаларда 370 бейтап дарыланып жатат. Оор абалдагы 12 бейтап бар. Жандандыруу бөлмөсүндө беш бейтап дарыланууда. Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды. Алардын көбү Бишкек шаарында – 22 адам (бири Санкт-Петербургдан келген жаран), Нарын облусунда сегиз, Ош шаарында бешөө, Ош облусунда төртөө, Баткен облусунда экөө жана Чүй облусунда бирөө».

Кыргызстан коронавирус коркунучуна байланыштуу эки айдан ашык карантин режиминде жашап жатат. Ал арада 21-майдан тартып айрым мекеме-ишканалар ишке кирди. Коомдук транспорт 25-майдан баштап ишке кирери айтылууда. Саламаттык сактоо министрлиги жарандары өздүк гигиенаны жана аралыкты сактоого чакырып жатат.

10:18 22.5.2020

22-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 166 500 (+112 500, пандемия башталгандан берки жаңы жогорку чек).

  • Каза тапкандар: 332 500 (+4500, мурнуку суткадай)
  • Айыккандар: 2 065 500 (+59 500, мурунку суткага караганда 5% көп)

Ооруп жаткандар – 2 768 000. Алардын ичинен 2 722 500 – абалы орточо оор, 45 500 (2%) – абалы оор жана өтө оор бейтаптар. 3-күнү катары менен мындай бейтаптардын саны өсүп жатат.

Соңку 22 саатта жаңы бейтаптар эң көп катталган өлкөлөрдүн тизмеси:

  • АКШ: 21 844 (мурунку суткага караганда 72% көп)
  • Орусия: 8849 (бир аз өсүш)
  • Индия: 6198 (өсүү)
  • Перу: 4749 (өсүү)
  • Чили: 3964
  • Британия: 2615

Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар:

  • Бразилия: 2756 (төмөндөө)
  • ....
  • Италия: 642
  • Испания: 593
  • Ооганстан: 531
  • Украина: 476 (өсүү)
  • ...
  • Казакстан: 363
  • Тажикстан: 204
  • Кыргызстан: 37
  • Өзбекстан: 3

Соңку 22 саатта каза тапкандар:

  • АКШ: 1118 (өсүү)
  • Мексика: 424 (өсүү)
  • Британия: 338 (төмөндөө)
  • Бразилия: 262 (өсүү)
  • Италия: 156
  • Индия: 150
  • Орусия: 127

...

  • Франция: 83 (төмөндөө)
  • Иран: 66
  • Испания: 52 (төмөндөө)

...

  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0
  • Өзбекстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG