Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

23:00 20.5.2020

Мураталиев: Таласка ким келсе да обсервацияга алынат

Учурда Талас облусу боюнча 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 20-майдагы онлайн брифингде маалымдады. Анын айтымында, 20-майга карата маалыматка ылайык, буга чейин обсервациядан 603, үй карантининен 3 миңден ашык адам чыгарылган.

Мураталиев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервацияга жаткыруудагы окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлердин алгоритми аткарылганын билдирди.

“Ал жерде эч кимди уруп-сабоо болгон жок. Түшүндүрүү иштеринен кийин баары эле обсервацияга жатышты. Ичинен 4-5 бир тууган көнбөй койгондо укук коргоо органдары менен алып кирдик. Ким болсо да ага ушундай талап коюлат. Анткени өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Таласты таза кармап турган маалда белгиленген алгоритмден чыкпашыбыз керек. Негизги талапты баары аткарышы керек”, - деди Мураталиев.

Учурда облус боюнча беш миңдей ПЧР-тест, 15 миңден ашык экспресс-тест алынып, алардын баары таза чыкты.

Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан чыккан 541 кишинин 51и Талас облусунун тургундары. Алар 19-майда Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Алардын айрымдары обсервацияга кыйнап жаткырып жатканына арызданышкан.

23:03 20.5.2020

Бейтап: Коронавирус тамаша эмес экен

Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19га чалдыгып, ооруканада жаткан бейтаптын видеосун таратты. Видеодогу бейтап кайсы ооруканада жатканы, аты-жөнү айтылган эмес. Ал оорукананын кызматкерине коронавирус илдети тууралуу айтып берген.

“Жаман оору экен, дем жетишпей калды. Тамаша оору эмес, жаш-кары дебей ооруйт экен. Балдар жүрөт, баса албай жатышат. Сак болгула”, - деди бейтап.

Ал беш күндөн бери реанимацияда жатканын, учурда абалы дурус экенин айтты. Бул оорулуу вирусту жумуштан жугузуп алган.

20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыкты.​ COVID-19 менен соңку бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген.

04:39 21.5.2020

21-май, Бишкек убактысы боюнча таңкы cаат 2:40ка карата маалымат

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны: 5 054 000 (+89 000, мурунку суткага караганда 7% аз).

  • Каза тапкандар: 328 000 (+4500, мурунку суткадай)
  • Айыккандар: 2 006 000 (+57 500, мурунку суткага караганда бир аз арбын)

Ооруп жаткандар – 2 720 500. Алардын ичинен 2 675 500 - абалы орточо оор, 45 240 (2%) – оор же өтө оор абалда. Мындай бейтаптардын саны 2-күнү катары менен өсүп жатат.

  • Соңку 22 саатта жаңы катталган учурлар
  • АКШ: 14 360 (мурдагы суткадай)
  • Орусия: 8764 (төмөндөө)
  • Индия: 5553 (төмөндөө)
  • Перу: 4537
  • Чили: 4038 (өсүү)
  • Бразилия: 3497 (төмөндөө)
  • Мексика: 2713

...

  • Франция: 766

...

  • Испания: 721
  • Индонезия: 693
  • Италия: 665 (төмөндөө)
  • Германия: 646

...

  • Казакстан: 218
  • Тажикстан: 204
  • Кыргызстан: 27
  • Өзбекстан: 84

Соңку 22 саатта каза тапкандар:

  • АКШ: 974 (төмөндөө)
  • Британия: 363 (төмөндөө)
  • Мексика: 334 (эки эсе өсүү)
  • Италия: 161
  • Бразилия: 147
  • Орусия: 135 (төмөндөө)

...

  • Испания: 110
  • Франция: 110

...

  • Казакстан: 0
  • Тажикстан: 0
  • Кыргызстан: 0
  • Өзбекстан: 0

Бул сандар мамлекеттердин расмий бийлиги берген маалыматка негизделген. Маалымат Бишкек убактысы боюнча таңкы саат бештен жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экиге чейинки кырдаалды гана көрсөтөт. Бул көрсөткүчтөр кандай өзгөрүп жатканын «Азаттыктын» атайын сайтынан жана бул шилтемеден карасаңыз болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДССУ) уюму соңку суткада коронавирус жуктургандардын саны жаңы көрсөткүчкө жеткенин билдирди.

Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Аданом Гебреисус шаршембиде өткөн маалымат жыйында соңку суткада пандемия башталгандан бери эң көп санда - 106 миң бейтапка СOVID-19 жукканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, ДССУ жакыр өлкөлөрдөгү калктын саламаттыгына өтө тынчсызданып турат.

Ушул тапта коронавирус көп тараган өлкөлөрдүн ичинен АКШ менен Британиянын гана экономикасы эң мыкты өнүккөн. Ошондой эле оору жайылган өлкөлөрдүн башына Бразилия, Орусия, Индия, Перу, Чили, Сауд Аравиясы, Мексика жана Иран чыкты.

10:36 21.5.2020

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 43 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 21-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын көбү Бишкек шаарында – 22 адам (бири Санкт-Петербургдан келген жаран), Нарын облусунда сегиз, Ош шаарында бешөө, Ош облусунда төртөө, Баткен облусунда экөө жан Чүй облусунда бирөө.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 19 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG