Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:15 25.8.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 25-августтагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан төрт адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2498 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 229 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (102) жана Чүй (46), Ысык-Көл (27) облустарында.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 576 адамга жетти.

Бир күндө 444 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 1260 адам жатат, дагы 1794 бейтап үйдөн дарыланууда.

12:40 20.8.2021

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 242 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Акыркы суткада 526 киши сакайды. Беш адам илдеттен көз жумду.

  • Бишкек - 81
  • Ош шаары - 8
  • Чүй облусу – 71
  • Ош облусу – 12
  • Талас облусу - 11
  • Нарын облусу - 11
  • Ысык-Көл облусу – 24
  • Жалал-Абад облусу – 9
  • Баткен облусу - 15


Ушуну менен былтыр март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 173 428 адамга жетти. Жалпы - 165 368 киши сакайды. Илдеттен 2473 адам каза болду.

15:33 18.8.2021

Медицина кызматкерлеринин 57% эмдөөдөн өттү

Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин 57,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 41 300 (57,5%), экинчи дозасын 31 622 (44%) медицина кызматкери алган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштеген кызматкерлердин 2978и (77,6%) коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Мекемеде жалпы 3095 штаттык бирдик бар, анын 117 оруну бош.

18-август, саат 14:30гө карата Кыргызстан боюнча жалпы 910 миң адам эмдөөдөн өттү.

18-августка карата Кыргызстанда 260 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 534 адам сакайып чыкты. Беш адам көз жумду.

Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны - 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар - 164 344 киши. Илдеттен 2462 адам көз жумду.

15:08 18.8.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери да эмдөөдөн өтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG