Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:02 18.8.2021

Кыргызстанда COVID-19дун альфа жана бета варианттары аныкталды

Апрель айында Кыргызстанда В.1.1.7 (альфа) вариантынын штаммы табылган, ал эми июнда В.1.351 (бета) варианты табылып чоң тынчсызданууну жаратууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин башчысы Назира Артыкова билдирди.

Ал ошондой эле, бүгүнкү күнгө карата 849 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8% вакцинанын биринчи дозасын, 3,9% экинчи дозасын алганын кошумчалады.

Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку жумага салыштырмалуу 40,9% төмөндөгөн.

14:57 18.8.2021

18-августка карата Кыргызстанда 260 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 534 адам сакайып чыкты. Беш адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы ыкчам штаб кабарлады.

Бишкек - 114
Ош шаары - 4
Чүй облусу – 73
Ош облусу – 14
Талас облусу - 15
Нарын облусу - 7
Ысык-Көл облусу – 27
Жалал-Абад облусу – 15
Баткен облусу - 0

Ушуну менен былтыр марттан бери өлкөдө вируска чалдыккандардын жалпы саны - 172 937 адамга жетти. Оорудан сакайгандар - 164 344 киши. Илдеттен жалпы 2462 адам көз жумду.

17:18 14.8.2021

АКШнын бир катар штаттары коронавируска чалдыккан оор бейтаптарды дарылоого бош орун калбай баратканын билдирүүдө. Орусияда бир суткада 815 адам каза болуп, рекорддук чекке жеткенин билдирсе, Барзилияда бир суткада 966 адам каза тапты.

АКШнын Алабама штатынын губернатору медицина кызматкерлери ооруканаларга олуттуу оорчулук келтирип жаткан COVID-19дун толкуну жөнүндө кабарлагандан кийин өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Орегон штатында да ооруканалар толуп калды. Бийлик медицина кызматкерлерин колдоо үчүн ооруканаларга Улуттук гвардиянын 1500 аскерин жайгаштыруу планын жарыялады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Бразилия менен Орусия акыркы 28 күндүн ичинде өлүмдүн саны боюнча экинчи жана үчүнчү орунда.

Бразилия төрт жуманын ичинде дээрлик 30 миң, Орусия 21 миңден ашуун адамды жоготту. Америкалык Жонс Хопкинс университети статистикага алган өлкөлөрдүн ичинде Индонезиядагы көрсөткүч эң жогору. Ал жакта 43 миң адам каза болгон.

13:45 14.8.2021

Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Жалпы вакцина алгандардын саны 839 миңден ашты. Алардын 255 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Бул 14-август саат 13:00гө карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачууга тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 13-августтагы маалымат боюнча 35 процентке жетти.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 170 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG