Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

15:36 21.7.2021

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын алды. Ошол эле маалда эмдөө ыктыярдуу болуп эсептелгени менен, айрым жерлерде мажбурлап вакцина сайдыруу аракеттери тууралуу маалыматтар чыгууда.

15:34 21.7.2021

Дүйнөдө коронавирустун "дельта" түрүнүн жайылышы тынчсыздануу жаратууда. Бир нече ай мурда АКШда вирус жугузгандар азайган, бирок июлдун башынан бери ал эки эсеге көбөйдү. Мындан улам өлкө жетекчилиги коронавируска каршы вакцина албагандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Жо Байден вакцинаны алгандардын саны аз болгон штаттарда вирусту жугузгандар көп экенин белгилеп, өлкө экономикасы пандемия менен күрөшкө түздөн-түз көз каранды экенин билдирди.

16 айга жакын чек аралары жабык турган Канада 9-августтан тарта толук эмделген америкалыктар өлкөгө кире аларын жарыялады. Ал эми 7-сентябрдан баштап вакцина алган бардык чет өлкөлөрүктөргө эшигин ачат.

Коронавирусту жугузгандар көбөйгөнүнө карабай Англия 19-июлдан тарта бардык чектөөлөрдү алды. Ал эми Европадагы Испания, Греция жана Нидерланддар мурдагы чектөөлөрдү кайрадан киргизүүдө. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстанда коомдук тамактануу жайларына талаптар күчөтүлдү.

15:34 21.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 21-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бишкекте беш, Чүйдө үч, Нарында бир киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 205 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 102 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 827 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 152 709 адамга жетти. Андан 128 905 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 509 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 232 бейтаптын абалы өтө оор, 1 305 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 39 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 238 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 464ү сакайды.

12:44 19.7.2021

Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең сайдырды. Бул 19-июль - таңкы саат жетиге карата маалымат. Эмдөө алгандардын саны Саламатык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Учурда запаста 1 миллион 185 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Жашы 18ден ашкан жарандар негизинен Sinopharm же Sputnik-V вакциналарын алып жатышат. 17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Поликлиникалардан тышкары, соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрү ачылган. Вакцина бир адамга эки дозада сайылат. Эки дозанын ортосу - 21 күн.

Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 150 минге чамалап калды. 18-июлдагы эсепке ылайык, оорудан 2 175 адам көз жумду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG