Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:43 19.7.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 19-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Чүй, Талас облустары менен Ош шаарындагы ооруканаларда жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 186​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 287 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 917 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 150 316 адамга жетти. Андан 126 450 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

18:00 17.7.2021

АКШ президенти Жо Байден соцтармактар, анын ичинде "Фейсбук" коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле.

"Фейсбук" өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин, вакцина тууралуу да элге туура маалымат берилип жатканын билдирди. Компаниянын өкүлү Кевин Макалистер 2 млрд. ашуун пайдалануучу "Фейсбуктан" коронавирус жана вакцина жөнүндө так, туура маалымат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 3,3 млн. америкалык вакцина жөнүндө маалымат алуу үчүн "Фейсбуктун" издөө кызматын колдонгон.

"Фактылар тескерисинче "Фейсбук" өмүрлөрдү сактап калууга көмөктөшүп жатканын көрсөтүүдө", - деди Макалистер.

АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

17:58 17.7.2021

COVID-19 вирусунан көз жумган дарыгер Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалдык такта Ош облустук аймактар аралык ооруканасында орнотулду.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова 2020-жылы, 16-июлда каза болгон. Ал ооруну "кызыл аймакта" иштеп жуктуруп алганы кабарланган.

17:55 17.7.2021

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөнүн жабык жайларында жазасын өтөп жаткан 47 адам вируска чалдыккан. Алардын ичинен 11 киши быйыл ооруга чалдыккан. Жалпы катталгандардын ичинен 45 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталган. Эки адамдын ооруганы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен маалым болгон.

Абактарды кайтарган кызматкерлер арасында коронавируска чалдыккандардын саны көбүрөөк. Пандемия учурунда түрмө кайтарган 96 кызматкер илдетке чалдыккан болсо, 64ү өпкөсүнөн кагынып ооруган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG