Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:54 17.7.2021

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 17-июлга карата берген маалыматына ылайык, оорудан көз жумган 11 адамдын алтоо Бишкектен, үчөө Баткенден, Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден адам.

17-июлда вирус дагы 1564 адамга жукканы тастыкталды. Алардын басымдуусу Бишкекте - 778, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 205, Ош облусунда - 48, Талас облусунда - 24, Нарында - 24, Ысык-Көлдө - 51, Жалал-Абадда - 85, Баткен облусунда - 116 адам коронавируска чалдыккан.

Ушуну менен былтыр марттан бери 147 968 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. 124 058 адам илдетти жеңип, сакайып чыкты. 2165 адам оорудан көз жумду.

17:52 17.7.2021

Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гуманитардык жардам катары берилди. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, вакцина бүгүнкү оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн колдоо болуп саналат. Азербайжан былтыр апрель айында да Кыргызстанга коронавирустан коргонуу үчүн 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражатты гумжардам катары берген.

ТИМдин маалымдашынча, бул вакцина министр Руслан Казакбаевдин Бакуга жасаган расмий сапары учурунда түзүлгөн макулдашууга ылайык алып келинди.

15:24 15.7.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктурган жана каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди. Буга вакцинациянын жайлашы, беткап тагынуу сыяктуу алдын-алуу эрежелердин начарлашы жана “дельта” түрүнүн тез жайылышы себеп болууда. Вирустан каза болгондор тогуз жумадай азайган соң өткөн аптадан тарта кайра көбөйүп, үч пайызга өстү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирус жуктургандардын саны да 10 пайызга өсүп, Бразилия, Индия, Индонезия жана Британияда көп катталып жатканын маалымдады.

Соңку учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун “дельта” варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн.

15:22 15.7.2021

15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG