Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:11 30.6.2021

Акыркы суткада коронавирус 1965 кишиден аныкталды. Анын 1490 учуру Бишкек шаарында катталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада вирустан сегиз бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкекте, үчөө Баткенде бирөө Ошто жана экөө Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 2000 адамга жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 571 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын 125 003 киши жугузуп, анын 110 082 айыкты.

Ушул күндөрү 11 843 киши вирус менен алышып жатат. Алардын 3 389у ооруканаларда 8 454 бейтап үй шартында дарыланууда. 158 бейтаптын абалы өтө оор.

16:12 29.6.2021

Австралияда коронавирустун "дельта" түрү жайылып жатканынан улам дагы эки шаарда чектөөлөр киргизилди. Буга чейин өлкөдөгү Сидней жана Дарвин шаарлары карантинге жабылса, бул жолу ага Перт жана Брисбен шаарлары да кошулду.

Ал эми Гонконг вирус жугузгандар көбөйгөнү үчүн Британиядан аба каттамдарын токтотту. Британияда коронавирустун дельта вариантын жугузгандар өсүп жатканы менен бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид бардык чектөөлөр 19-июлдан тарта алынарын билдирди.

Ал парламентте сүйлөп жатып, учурда өкмөт өлкөдөгү жашы жеткен адамдардын үчтөн экиси вируска каршы эмдөөнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.

Британияда акыркы аптада чектөөлөр жумшарган соң коронавирус жугузгандардын саны кескин өсүп кетти. Жаңы жугузгандардын 90 пайыздан ашыгы вирустун дельта түрү болууда. Окумуштуулар коронавирустун бул түрү мурдагыларга караганда тез жайыларын айтышууда.

Германияда да COVID-19 вирусунун дельта варианты соңку жумаларда көбөйүп кетти. Ал эми Италия болсо мындан ары ачык аянттарда милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежесин жокко чыгарды.

14:02 29.6.2021

Москва бийлиги эмгек мигранттарын “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдей турган болду. Мындай чечим Орусияда коронавирус күчөп жаткан учурда кабыл алынды. Деген менен бул өлкөдө иштеген кыргыз жарандарынын вакцина маселесинде пикирлери бир кылка эмес. Материалды толук бойдон төмөнкү шилтемеден окуңуз.

13:53 29.6.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Кытай берген вакцина 15-июлга чейин алынып келерин айтты.

“Сүйлөшүүлөрдүн баары жадыбалга ылайык өттү. Министрлик менен өкмөт 150 миң доза вакцинаны алып келүүгө байланыштуу маселенин баарын чечти", - деди ал.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги дагы бул жагдай тууралуу комментарий берип, 150 миң доза Sinopharm вакцинасы Кыргызстандан келчү учакты күтүп аэропортто даяр турганын айтты.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдан вакцина алып келүү үчүн эл аралык уюмдардан жардам сурап жаткан жана ЮНИСЕФ каралашары маалымдалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG