Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:58 29.6.2021

Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда мигранттарды бир дозадан турган “Спутник лайт” вакцинасы менен эмдөө башталды. Препаратты Орусиядагы Гамалеи атындагы борбор иштеп чыккан.

“Бул “Спутник V” вакцинасына салыштырмалуу натыйжасы азыраак болушу мүмкүн. Антсе дагы анын оң натыйжасы бар. Мигранттардын көбү дайыма кыймылда болот, чек арадан тез каттап, тез жамаат алмаштырат. “Спутник Лайт” бир жолу сайылат жана мындан улам аларды эмдөө ылдам жүрөт”, - деди Москванын мэри Сергей Собянин аталган миграциялык борборго барган учурда.

Мэрдин сайтындагы маалыматка ылайык, мигранттарды эмдөө пилоттук режимде, иш берүүчүлөрдүн арыз-кайрылуусунун негизинде жүрөт.

Орусияда ушул айдын башынан тартып коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатат. Мындан улам Москва баштаган бир катар шаар-аймактарда тейлөө тармагында иштегендер сөзсүз вакцина алышы керек деген жобо кирген.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта 700 миңден көп кыргызстандык жаран иштеп жүрөт. Бейрасмий булактарда алырдын саны бир миллиондон ашат.

12:47 29.6.2021

Акыркы суткада коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталды. Бул сандар былтыркы август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Вирустан каза болгондордун төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, экөө Талас менен Жалал-Абад облустарында катталды. Муну менен коронавирустун курмандыктары 1992 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-июндагы маалыматына ылайык, соңку суткада 558 киши сакайды.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 123 038 киши вирус жугузуп алды, анын 109 511и сакайды.

11:00 28.6.2021

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 1081 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болууда. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте (640).

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 28-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы беш бейтап каза болду. Муну менен илдеттин курмандыктары 1982 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 488 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталган бир жыл аралыгында Кыргызстанда 121 946 киши вирус жугузуп алды. Анын 108 953 сакайды.

Учурда 3 123 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 128 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Өлкөдө былтыр июндун акырында, июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Июлда бир күндө оору расмий аныкталгандар 1600гө жеткен. Өлкөдө дем алдыруучу аппараттар, ооруканаларда орундар, дарыгерлер, дары-дармек жетишкен эмес.

Бир катар дарыгерлер, байкоочулар быйыл деле иш жүзүндө вируска чалдыккандар жана андан өлгөндөр, тест тапшырбай үйдө жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүндүгүн айтып келатышат.

Ушул күндөрү Кыргызстанда 100 миңден ашык киши эмдөөдөн өттү. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кыргызстан эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасын күтүп жатат.

13:04 27.6.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги стационарларда ачылган 3 миңге чукул орундан 58 керебет гана бош турат. Улуттук хирургия жана шаардык клиникалык ооруканаларда бош орун жок.

Ушул күндөрү коронавирус менен 9352 бейтап алышып жатат. Анын 2 995и стационарларда, амбулатордук дарыланууда (үй шартында) 6 357 бейтап бар.

Министрлер кабинети вирусту жайылтпоо чараларын көрүү үчүн элди жапырт эмдөөгө чакырууда. 27-июндагы маалыматка караганда өлкө боюнча жалпы 106 499 киши эмдөөдөн өттү.

Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын “Sinopharm” жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Кытай препараты май айынын этегинде түгөнгөн. Кыргыз өкмөтү ушул тапта “Sinopharm” вакцинасынын экинчи партиясын күтүп жатат.

Мындан сырткары эл аралык COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери да кабарланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG