Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

13:58 1.6.2021

Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда чыгарууну макулдашты. Өзбек тарап аны кайсы аймакта чыгарарын чечкенин Ташкентке иш сапар менен барган Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

«Спутник V» вакцинасы азыр Орусиядан тышкары Беларуста жана Казакстанда өндүрүлүп жатат. 21-майда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Путин аталган вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирген.

Дүйнө илимпоздору коронавируска каршы бул вакцинанын натыйжалуу экенинен күмөн санап келишет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны каттоодон өткөрө элек.

Ал эми Ооганстанда COVID-19 илдетине каршы вакцина калбады. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Дастагир Назаринин айтымында, эмдөө токтоду. Биринчи дозасын алгандар гана экинчи жолу эмделип жатышат.

37 миллион калкы бар Ооганстан Индияда өндүрүлгөн «АстраЗенека» вакцинасынан 500 миң доза жана COVAX эл аралык программасынын алкагында дагы 468 миң доза алган. Алгач медкызматкерлер, аскер кызматкерлери, мугалимдер жана журналисттер эмделди.

Вьетнамдык дарыгерлер.
Вьетнамдык дарыгерлер.

Назари жакынкы келечекте Кытайдан 700 миң доза вакцина күтүлүп жатканын билдирди. Бирок анын так мөөнөтү белгисиз.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус соңку бир суткада 25 адамдын өмүрүн алды. Жалпы көз жумгандардын саны 3 миңге чамалады. Анткен менен бул эсеп кыйла көп болушу мүмкүн экени айтылып келет.

Өлкөдөгү тынчыбай жаткан кагылышуулар дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген Ооганстанда саламаттык сактоо системасын ого бетер начарлатты. Назаринин айтымында, учурда ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүнүн 72% толуп калды.

Түштүк-чыгыш Азияда COVID-19 вирусун жугузгандар көбөйдү. Буга байланыштуу Малайзия 1-июндан тарта толук карантин киргизди.

COVID-19 илдетине кабылгандардын саны Тайвань менен Вьетнамда дагы көбөйүүдө. Вьетнамдагы ири шаар Хошиминин бийлиги калаадагы тогуз миллион адамдын баарынан тест алууну көздөп жатат. 1-июндан баштап борбор калаа Ханойдогу эл аралык аэрпорт чет жактан келчү рейстерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Ал арада Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинде жаңы эсептөөлөрдөн кийин коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп болуп чыкты.

Жаңы маалыматка ылайык, 32 миллиондой калкы бар өлкөдө коронавирус 180 миңден көп адамдын өмүрүн алган. Буга чейин бул сан 70 миңдин тегерегинде болчу. Түштүк Америкадагы Бразилия менен Мексика дагы бул илдеттен көз жумгандардын саны көп мамлекеттердин сап башында турушат.

13:56 1.6.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 1-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Чүй облусунда, экөө Бишкекте.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1815 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (184) жана Чүй облусунда (70).

Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 105 111 адам болду.

Бир күндө 329 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1634 адам жатат, дагы 1758 бейтап үйдөн дарыланууда.

31-майда COVID-19 илдетинен беш бейтап көз жумган. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунда.

21:33 30.5.2021

Коронавирустун дагы бир жаңы штаммы катталды

Вьетнамдын саламаттык сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдиргендей, коронавирустун жаңы түрү Индия менен Британияда пайда болгон штаммдардын аралашмасын түзөт.

Лонгдун айтымында, Вьетнам жакында жугуштуу деп эсептелип жаткан жаңы штамм тууралуу бардык маалыматтарды жарыялай турганын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун бул түрү боюнча комментарий бере элек.

Ал арада Бразилияда миңдеген адамдар президент Жаир Болсонаруга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар мамлекет башчыны пандемиядагы шалтурук аракеттери үчүн сынга алышууда.

Бразилияда коронавирус 461 миңден көп адамдын өмүрүн алды. Бул дүйнөдөгү АКШдан кийинки эле эң жогорку көрсөткүч. Вакцинация өлкөдө өтө жай жүрүп жатат.

Ашынган оңчул Болсонару пандемиянын башында коронавирустун кооптуулугуна маани бербей, беткап тагынуудан баш тартып, вакцинадан күмөн санаган билдирүүлөрдү жасаган.

Бразилия.
Бразилия.

Ал эми Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эми өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды. Европанын дары-дармек боюнча агенттиги бул вакцинаны 12-15 жаштагы балдарга да сайса болору тууралуу чечим чыгарганын “Рейтер” агенттиги 29-майда кабарлады.

Март айында Pfizer жана BioNTech компаниялары 2 миңден ашуун өспүрүм катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарып, вакцина коронавирустан 100 процент коргой турганы жарыялаган.

Өспүрүмдөрдү эмдөө боюнча чечимди эми ар бир мамлекет өз алдынча кабыл алышы керек. Германия бул вакцина каалоочу балдарга 7-июндан тартып сайыла баштарын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун Европа бюросунун директору Ханс Клюге дүйнө калкынын 70 проценти эмделмейинче COVID-19 пандемиясы токтобой турганын билдирген.

Бүгүнкү күнгө карата 8 миллиардга чукулдаган дүйнө калкынын 1,5 миллиарды коронавируска каршы эмделди. Вакцина алгандар боюнча алдыңкы сапта Кытай, АКШ жана Индия турат.

21:30 30.5.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 30-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көлдө бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 803​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 333 адамдан аныкталды.

  • Бишкек - 148
  • Ош - 40
  • Чүй облусу – 68
  • Ош облусу - 13
  • Талас облусу - 5
  • Нарын облусу - 14
  • Ысык-Көл облусу – 23
  • Жалал-Абад облусу – 16
  • Баткен облусу - 6

Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 555 кишиге жетти. Андан 98 300 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 685 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 90 адамдын абалы өтө оор, 436 кишиники оор деп бааланууда.

29-майда Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG