Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:30 27.5.2021

Кытайдын билдирүүсү, Австралиядагы жаңы чектөө

Кытайдын АКШдагы элчилиги COVID-19дун пайда болушун аныктоо иштеринин айланасындагы "саясий упай топтоо" аракети вирустун кайдан чыкканын, адамга кантип жукканын билүүгө залакасын тийгизет деп билдирди.

27-майда элчиликтин сайтында жарык көргөн билдирүүдө Кытай COVID-19 илдетинин “дүйнөнүн чар тарабында аныкталган алгачкы учурларын изилдөөнү, дүйнөдөгү кээ бир жашыруун базаларды жана билогиялык лабораторияларды жакшылап текшерүүнү колдойт”, - деп айтылат.

Мындай комментарий АКШ президенти Жо Байден чалгын кызматтарына вирустун кайдан чыкканын иликтөө ишин тездетүү тапшырмасын бергенден кийин жасалды. Ал кызматтардын баштапкы отчетунда COVID-19дун пайда болушун аныктоо үчүн далилдер аз экени айтылган. Адистер вирус инфекцияланган жаныбардан адамга жукканбы же буга лабораториядагы кырсык себеп болгонбу деген эки вариантты карашкан.

Кытай элчилигинин билдирүүсүндө Байден же Кошмо Штаттар аталбаганы менен вирус “лабораториядан тараган” деген кутумчул теория кайрадан козголуп жатканы белгиленет.

АКШ президенти мамлекеттик лабораторияларга иликтөөгө жардам берүүгө буйрук берди, чалгын кызматтары болсо Кытай өкмөтүнөн суралчу маселелердин тизмесин даярдап берүүгө тийиш.

Коронавирус жуккан алгачкы учур 2019-жылдын соңку айларында Кытайдын Ухань шаарында катталган.

Ал эми Австралиянын экинчи чоң шаары Мелбурн бир жумага карантинге жабылууда. Муну менен бийлик коронавирустун алгач Индияда аныкталган түрүнүн тарашын алдын алууну көздөйт. 5 миллиондой киши 28-майдан тарта үйлөрүнөн эң зарыл иши болсо гана чыга алышат.

Мындай чектөө калаада 4-жолу киргизилүүдө. Былтыр Мелбурндун тургундары 4 ай катар карантин шартында жашап келишкен.

Бийлик вирустун бул штаммы өтө жугуштуу экенин, тез жайылып жатканын эскертти. Ошол эле маалда өлкөдө эмдөө жай жүрүп жатканы да сынга кабылууда. 25 миллион калктуу Австралияда азыркыга чейин вакцинанын 3,7 миллион дозасы гана сайылды.

COVID-19 илдети ийгиликтүү ооздуктагандан кийин өлкөдө чектөөлөр жумшартылган. Былтыркы марттан бери сырткы чек аралар жабык турат. Пандемия башталгандан бери Австралияда коронавирустун 30 миңдей учуру катталып, 910 бейтап каза болду.

26-майда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган июнда эмдөө өнөктүгү күч аларын билдирди. Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, 1-июндан тарта 50 жаштан ашкандар вакцина ала алышат, эмки жумада 5 миллион доза вакцина келмекчи. Азырынча 86 миллион калкы бар өлкөдө 28,4 миллион киши эмделди.

Кыргызстанда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 27-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Бишкек шаары менен Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1781​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 376 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 103 583 кишиге жетти. Анда 97 151 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1614 бейтап ооруканаларда жатат. Алардын ичинен 84 адамдын абалы өтө оор.

15:00 26.5.2021

Кошмо Штаттарда чоң кишилердин жарымы COVID-19 илдетине каршы толук вакцина алды. Президент Жо Байден 4-июлга чейин чоңдордун 70% вакцинанын жок дегенде бир дозасын алууга тийиш деген максат койгон. Азыр бул сан 62 % жакындады.

Ал учурда "Moderna" компаниясы өз изилдөөсүнө таянып, вакцинасы 12 жаштагы балдар үчүн коопсуз жана эффективдүү деп билдирди.

АКШ жана Канада буга чейин "Pfizer-BioNTech" вакцинасын өспүрүмдөргө сайууга уруксат берген, келерки апталарда Евробиримдик да бул маселени карамакчы.

Кошмо Штаттарында жана Европада эмдөөнүн аркасы менен инфекциялангандар азайууда.

Еврошаркет сентябрдын этегине чейин COVID-19га каршы вакциналардын бир миллиарддан көп дозасын алганы жатат.

Башка өлкөлөргө кайрылсак, Мексика жергиликтүү ишканада чыгарылган "AstraZeneca" компаниясынын препаратын колдоно баштары маалымдалды. Продукциянын жарымы Аргентинага жөнөтүлөт.

Индияда вирусту жугузуп алгандардын суткалык көрсөткүчү төмөндөгөнү менен эмдөө жай жүрүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 26-майда билдиргенине караганда, вирустун алгач Индияда катталган жаңы штаммы 53 өлкөдө катталды.

12:06 26.5.2021

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 26-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 8 бейтап каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1773​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада оору дагы 207 кишиден аныкталды.

Расмий маалымат боюнча ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны 103 207 адам жугузуп алды. Жалпы айыгып чыккандардын саны 96 765 болду.

Учурда 1596 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 84 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын 25-майда берген маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап каза болду. Алардын баары Бишкекте.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны азая элек. 25-майда да бул илдеттен сегиз адам каза болгон, 298 адамга илдет жукканы аныкталган.

21:10 22.5.2021

Бишкектин Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы Нурлан Галбаев вакцина чырына байланыштуу иштен кетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче Галбаев коронавируска каршы вакцинанын миңге жакын дозасынын жарактан чыгышына жоопкер болгон.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде вакцина сакталган муздаткыч өчүп калган. Мунун айынан Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Буга байланыштуу министрликте атайын комиссия түзүлүп, иштин жагдайын 20 күн иликтеген.

“Азыр вакцина алтындан да кымбат болуп турат. Башкы врачтын шалаакылыгы болбогондо биз 1000ге жакын кишини эмдеп, вирустун жайылышын бир аз да болсо ооздуктайт элек. Комиссия башкы врачты иштен кетирип, зыяндын ордун толтурсун деген чечим чыгарды. Бул ишти азыр прокуратура иликтеп жатат”, - деди Бейшеналиев.

Бирок "Кактус медиа" маалымат сайты байланышканда Нурлан Галбаев бул ишке тиешеси жоктугун, министрлик менен соттошууга аргасыз экенин айткан.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө март айынын соңунда башталган. "Спутник V" вакцинасынан 20 миң, Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынан 75 миң доза келген.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 308 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 332 киши сакайып чыкты.

Акыркы бир суткада сегиз бейтап каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Нарында, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1743 кишиге жетти.

Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 139 бейтап жашоо менен кош айтышкан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 186 киши вирус жугузуп алды. Анын 95 446сы сакайды.

Учурда 1521 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 73 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG