Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

10:58 20.5.2021

Евробиримдиктин аймагына эмделген туристтер гана кире алат

Дүйнөдө COVID-19 инфекциясына каршы вакцинанын кеминде 1,5 миллион дозасы сайылды. AFP кабар агенттиги 18-майда расмий маалыматтарга таянып жазганына караганда, бул сандын бештен үч бөлүгү Кытайга, АКШга жана Индияга туура келет. Жалпы жонунан 210 өлкөдө эмдөө жүрүп жатат.

Чоң кишилердин дээрлик 60 проценти вакцинанын эки дозасын тең алган Израиль иммунизация жагынан биринчи орунда турат. Британияда 54 процент кишиге жок дегенде биринчи доза сайылды, АКШда бул көрсөткүч 48 процентти түзөт. Европа Биримдигинин калкынын 32 проценти вакцинанын бир дозасын алды.

Ал тапта пандемиядан катуу жабыркап келаткан Индияда шейшембиде бир суткада коронавирустан 4 жарым миңден көп киши көз жумду. Ошол эле маалда илдетке чалдыккандардын саны төмөндөп жатат. Буга чейин күнүнө 300 миңден кем эмес жаңы бейтап катталып келген. Инфекциялангандардын жалпы саны 25 миллион кишиден ашты.

18-майда Парижде Африка өлкөлөрүнө пандемиянын кесепеттерин жоюуга жардам берүү жолдору талкууланды.

Ал эми Европанын бир катар жеринде карантиндик чаралар четинен алынууда.

Буга карата Европа Биримдиги шаркетти сырткы туристтер үчүн ачуу багытында кадам таштады. Элчилер 19-майдагы жыйында эмделген кишилерге кирүүгө уруксат берүү жана коопсуз өлкө деген критерийлерди кеңейтүү тууралуу макулдашты. Азыркыга чейин ал тизмеге жети мамлекет гана киргизилген.

Былтыр 27 өлкөдөн турган блок COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында катаал чараларды көргөн. Элчилер эми туристтик сапарларга чектөөлөрдү алса болот деген пикирге келишти.

Биримдиктин басма сөз катчысы Кристиан Виган Европа кеңеши толугу менен эмделген адамдар үчүн азыркы чектөөлөрдүн айрымдарын жеңилдетүүнү сунуш кылганы жатат деп билдирди.

Дипломаттардын айтымында, шаркеттин жактыруусунан өткөн вакцина менен эмделгени тууралуу документи бар туристтер блоктун аймагына кире алышат.

Евробиримдиктин медициналык агенттиги (EMA) "Pfizer-BioNTech", "Moderna", "AstraZeneca" жана "Johnson & Johnson" вакциналарын каттаган.

Ал эми Кыргызстанда кытайлык "Sinopharm" жана орусиялык "Спутник V" препараттары менен эмдеп жатышат.

Март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделди. Бул тууралуу 18-майда “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Андан соң июнь айында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келет. Ошондой эле Кытай жана Орусиядан да вакцина алуу макулдашылууда:

"64 миңден ашык адамды эмдедик. Жалпысынан алганда пландалган тартипте эле өтүп жатат. Алгач мугалимдер, медицина кызматкерлери, социалдык тейлөө кызматтарынын өкүлдөрү эмделмек. Аймактарга эми вакцинанын экинчи дозасын жиберүү башталат. Өлкөдөгү 36 миңден ашуун медициналык кызматкердин дээрлик 80% эмделди. Эми июнь айында кийинки фазадагы эмдөө иши башталса жалпы калкты убактылуу чатырларды тигип, чоң-чоң мектеп, стадиондордо эмдей баштасакпы деп жатабыз. Ошондой эле менчик клиникаларга эмдөөгө уруксат берүү да каралууда. Жыл аягына чейин 1 миллиондон ашуун киши эмделиши керек", - деди Гүлбара Ишенапысова.

Ишенапысованын айтымында, орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.

24-25-майга чейин 75 миң кишиге эсептелген Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы да бүтөт.

16:47 18.5.2021

АКШ президенти Жо Байден июндун аягына чейн башка өлкөлөргө 20 миллиондон кем эмес доза "Pfizer/BioNTech", "Moderna" жана "Johnson & Johnson" вакциналарын жөнөтөрүн билдирди.

Буга чейин АКШнын тиешелүү органдары жактыруудан өткөрбөгөн "AstraZeneca" вакцинасынын 60 миллион дозасы менен бөлүшүү пландалган.

“Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Америка демократиянын арсеналы болгондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө биздин өлкө вакцинанын арсеналына айланмакчы”, - деп билдирди Байден.

Дүйшөмбүдөгү маалыматка ылайык, Кошмо Штаттарда 272 миллиондон көп вакцина сайылды. Чоң кишилердин 60 процентке жакыны жок дегенде бир жолу эмделди. Бул көрсөткүч башка өлкөлөргө караганда кыйла жогору.

Байден вакцина менен бөлүшүүгө көптөн бери үндөп, ошол эле маалда адегенде АКШнын өзүндө пандемияны ооздуктоо керектигин белгилеп келет.

Буга чейин ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор "Чоң Жети" өлкөлөрүнө жана Европа Биримдигине кайрылып, жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого жардам берүүгө чакырган.

16:01 18.5.2021

Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап каза болду. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, вирустан көз жумгандардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүйдө катталган. Муну менен вирустан каза болгондордун саны Кыргызстанда 1718 кишиге жетти.

18-майда 234 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (112) катталды. Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 100 миң 966 адамга жетти.

Бир күндө 282 адам сакайып чыкты. Учурда 1605 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.

Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Акыркы эки-үч айдан бери оору Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында көп жайылууда. Бийлик ушул үч аймакка карантин чектөөлөрүн киргизүү маселесин карап жатат.

11:24 16.5.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16-майда 224 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды.

Алардын ичинен:
Бишкекте -150
Ош шаарында -3
Чүй облусунда - 41
Ош облусунда - 2
Талас облусунда - 2
Нарын облусунда - 6
Ысык-Көл облусунда - 18
Жалал-Абад облусунда - 2.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын расмий саны 100 473 адамга жетти. 93 602 адам илдетти жеңип, сакайып кетти.

16-майга карата коронавирус илдетинен 8 адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан көз жумгандардын саны 1703 адамга жетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG