Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун катышуусунда республикалык ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Анда коронавирус инфекциясы кайра жайылып бара жатканы тууралуу маалымат берилди. Биринчи вице-премьер-министр эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна даярдык көрүүнү, медициналык мекемелерди алдын ала даярдоону тапшырды.
“Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал акыркы жумада начарлаганы байкалып жатат. Ар бир облустагы, айыл өкмөттөрдөгү медициналык мекемелер элдин саламаттыгына жакшылап көзөмөл кылып, коронавирус инфекциясынын деңгээлин текшерүүгө тийиш. Кырдаал начарлап кетсе, кошумча коргоо чаралары көрүлөт. Ооруканалардын дары-дармектер менен камсыздалып, дары-дармек запасы дарыканаларда дагы эки айлык мөөнөттөн азайтылбашы керек”.
Артем Новиков ошондой эле дары-дармектин баасы да мамлекеттик көзөмөлдө болорун эскертип, кийинки жумада бул маселе фармацевтикалык ишканалардын ээлери менен талкууланарын билдирди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандар өзүнүн саламаттыгына жоопкерчиликтүү болуп, беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоосу жана башка тиешелүү талаптарды так аткарууга тийиштигин, зарылчылык болсо массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салууну сунуштады.
Жыйын соңунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), облустардагы өкмөт өкүлчүлүктөрү, шаар мэриялары менен бирге жарандарга санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-мартка карата берген маалыматына караганда, акыркы суткада 46 адам айыгып чыкты.
82 адам вирусту жугузуп алганы лабораториялык жол менен тастыкталды. Ысык-Көл облусунда бир адам илдеттен көз жумду.
Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте – 55 адам. Чүй облусунда 19, Ысык-Көл облусунда беш адам. Калган аймактарда коронавируска кабылгандар катталган эмес.
Ушуну менен былтыркы 18-марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 321 адамга жетти. 84 130 адам айыкты. 1488 адам оорудан көз жумду.
Стационарда 395 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 98и оор абалда, 19 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
20-мартка карата коронавируска жети медициналык кызматкер чалдыкканы аныкталды. Бишкекте -4, Чүй облусунда – 3 кызматкер.
2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу тез арада бүт дүйнөгө тараган. 20-мартка карата жалпы дүйнөдө дээрлик 123 млн. адам ооруга чалдыкты. 99 миллиондон ашуун адам сакайды. 2,7 миллиондон ашуун адам оорудан көз жумду.
COVID-19га каршы 150 миң дозалык «SinoPfarm» вакцинасы Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз берилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 19-мартта жардамды кабыл алуу иш чарасына премьер-министр Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Марипов Кыргызстан коронавируска каршы жеке күч-аракети, эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянып күрөшүп жатканын билдирди.
Кытайдын элчиси гуманитардык жардам эки өлкө ортосундагы достук мамилелерден кабар берерин айтты.
Өлкөдө акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.
Азыр 400 киши ооруканаларда жатат. Анын 20сынын абалы өтө оор, 108 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 272 бейтаптын абалы орто оордукта. 324 адам үй шартында дарыланууда.
Кыргызстан бир күн мурда, британиялык "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну убактылуу токтоткөн. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 18-мартта Бишкекте өткөн брифингде клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү этабын күтүү зарыл экенин, жалпы COVAX программасы менен 1,2 миллион доза вакцина алууга мүмкүн экенин айткан.
"Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегендерин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Дания, Венгрия сыяктуу Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө учураган учурлар болду деген кабарлардан улам биз COVAX тутуму менен сүйлөшүп, мунун себеби аныкталгыча вакцинаны алууну токтотуп койдук".
Бирок ушул эле күнү Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасы коронавируска каршы эмдөө заты "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкандан кийин, Европанын бир катар өлкөлөрү калкын ушул вакцина менен да эмдей турганын 18-мартта билдиришти.
Европалык дары-дармекти көзөмөлдөөчү мекеменин чечими кандын уюшу ыктымал болгон тобокелдиктерди кеңири карап чыккандан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу 18-мартта бул мекеменин жетекчиси шардана кылды.
Улуу Британиядагы Оксфорд университети менен дары-дармек жасоочу британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип өндүрүп жаткан вакцина кыйыр кесепеттерге алып келиши ыктымал деген санааркоолор күч алган соң, бир катар мамлекеттерде бул вакцина манен эмдөө убактылуу токтотулган.
Ал эми Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги бул маселени тез арада кайрадан кылдат текшерип чыкты.
ЭМАнын аткаруучу директору Эмер Кук (Emer Cooke) айым агенттиктин текшерүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырып жатып, "Комитет таасын илимий тыянакка келгенин" белгиледи.
"Бул – коопсуз жана натыйжалуу вакцина. Калайыкты “COVID-19” илдетинен сактоодогу анын артыкчылыктары – бул оорудан келип чыккан өлүм-житимге жана ооруканага жаткырууга байланыштуу тобокелдиктерден алда канча жогору", – деди Кук.
Арийне, EMA мекемеси кан уюган учурлар менен вакцина ортосундагы байланышты биротоло жокко чыгара алган жок жана ал дал ушул көйгөйдү түшүнүү үчүн кошумча иликтөөлөрдү баштаганын билдирди.
EMA агенттигинин жарыясынан кийин Франция, Германия, Италия, Болгария, Латвия жана Испания коронавируска каршы эмдөөдө “AstraZeneca” дарысын 19-марттан тартып кайрадан колдоно баштарын билдиришти.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы эки бейтаптын өмүрүн алды.
COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 19-мартта билдиргендей, бир суткада вирус 96 кишиден жаңы аныкталды.
Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.
Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.
Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.
Азыр 400 киши ооруканаларда жатат. Анын 20сынын абалы өтө оор, 108 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 272 бейтаптын абалы орто оордукта. 324 адам үй шартында дарыланууда.