Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

14:32 10.3.2021

Нур-Султан жана Алматы коронавирус тез жайылган «кызыл зонага» киргизилди. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын СOVID-19 илдетин алдын алуу комиссиясы билдирди.

Алматы шаарынын санитардык эпидемиологиялык департаменти маалымдагандай, вирустун бир адамдан экинчисине жугуу көрсөткүчү өстү. Өткөн суткада инфекцияга жаңыдан чалдыккан 160 киши аныкталды. Буга чейин көрсөткүч 100гө жетчү эмес. Нур-Султанда шейшембиде 143 кишиден коронавирус табылды.

100 миң калкка канча инфекцияланган киши туура келсе, аймактар ошого жараша тигил же бул зонага киргизилет.

9-мартта кошуна өлкөдө коронавирус 693 кишиде тастыкталды, дагы 4 кишиге “ковид өңдүү пневмония” деген диагноз коюлду.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык дүйнө боюнча коронавируска 117,5 миллион киши чалдыкты. Андан 66,6 миллион киши айыкты, 2,6 млн. бейтап оорудан көз жумду.

19:22 9.3.2021

АКШ өзү чыгарган вакциналарга каршы Орусия тарабынан атайлап туура эмес маалыматтарды таратуу кампаниясы жүрүп жатат деп Кремлди айыптады.

Кошмо Штаттары коронавируска каршы Америкада өндүрүлгөн вакциналарды каралоо боюнча Орусия атайын маалымат кампаниясын жүргүзүп жатканын жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Нед Прайс артында Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) турган бир нече онлайн-платформа вакциналар тууралуу жалган маалыматтарды таратып келатканы аныкталганын билдирди:

Нед Прайс
Нед Прайс

«Орусия эски ыкмаларын колдонуп, күнүнө канчалаган өмүрдү сактап жаткан вакциналар тууралуу дезинформация таратуу аркылуу адамдардын өмүрүн коркунучка кептеп жатат”.

Прайс орусиячыл сайттар Кошмо Штаттардын тиешелүү органдары буга чейин текшерип, каттоодон өткөргөн эки вакцина жөнүндө карандай калп маалыматтарды таратып жатканын кошумчалады.

АКШнын бийлиги бул билдирүүсүн The Wall Street Journal басылмасы 7-мартта макала чыгарган соң таратты. Анда гезит Мамлекеттик департаментке караштуу Глобалдык өз ара аракеттенүү борборунун изилдөөсүнө таянып вакциналарды каралоого катышкан төрт онлайн-платформа аныкталганын баяндаган.

The Wall Street Journalдын маалыматы боюнча аталган веб-сайттар АКШда өндүрүлгөн Pfizer вакцинасынын коркунучу тууралуу апырткан кабарларды жарыялап, Орусиянын Sputnik V вакцинасына караганда начар дегендей маанай жараткан.

Глобалдык өз ара аракеттенүү борбору New Eastern Outlook, Oriental Review жана News Front сыяктуу платформалар коронавируска каршы каралоо кампаниясын жүргүзгөн деп шектенүүдө. Биринчи эки платформаны Орусиянын Тышкы чалгын кызматы көзөмөлдөсө, Москва аннексиялап алган Крымда түзүлгөн News Front (Жаңылык фронту) сайтынын артында Федералдык коопсуздук кызматы турушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк пропаганданы көзөмөлдөгөн борбор былтыр Орусияга байланышы бар миңдеген аккаунттар COVID-19 эпидемиясы тууралуу расмий маалыматтарга көлөкө түшүргөн бир нече кампания уюштурганын аныктаган.

Борбор адегенде Кытай дагы ошондой аракеттерге барганын, бирок кийин баш тартканын жана вируска каршы чараларга басым жасоону чечкенин аныктаган.

Авторитардык бийликтер тараткан жалган билдирүүлөрдү анализдеген “Демократиянын коопсуздугу үчүн” альянсы 8-мартта тараткан баяндамада орусиячыл сайттар Pfizer вакцинасын бутага алышканы айтылат.

“Pfizerди каралоого басым жасалганын коронавируска каршы дүйнөдө биринчи вакцина болгону менен түшүндүрсө болот. Мындай жол менен Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасына үстөмдүк кылып, артта калтырган”-деп айтылат уюмдун докладында.

Мындан соң Ак Үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Жо Байдендин администрациясы Кремлдин мындай аракеттерине көз салып турганын жана аны менен күрөшө турганын билдирди.

“Биз ээ болгон бардык каражаттар менен дезинфорацияга каршы күрөшөбүз. Бул бизге жаңылык эмес жана орус тараптын жалган маалымат таратуу ыкмасы жана тактикасы менен жакындан таанышпыз. Биз кандай гана болбосун вакциналар коопсуз экенин кайталап турмакчыбыз".

Ал эми бул маалыматтар тараган соң Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, АКШнын билдирүүсүн четке какты.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

“Бул болбогон сөз. Вакцинаны сындоого Орусиянын атайын кызматтарынын эч кандай тиешеси жок,”- деди орус президентинин маалымат катчысы

АКШ з өндүргөн Pfizer, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарын каттоодон өткөрүп, эмдөө үчүн колдонуп жатат. Алар вируска каршы 90 пайыздык натыйжа көрсөтөөрү аныкталган.

Ошол эле маалда Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасы изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөтүп, бир катар мамлекеттерде колдонула баштады. Бул вакцинаны колдонуу максатында Европа Биримдиги да аны текшерип жатканы маалым. Бирок 7-мартта Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө Sputnik V вакцинасын текшерүүнүн жыйынтыктары биротоло чыкмайынча аны каттабай турууга кеңеш берген.

17:52 9.3.2021

АКШ Орусиянын америкалык вакциналарга каршы дезинформация кампаниясын айыптады жана мындай көрүнүш менен күрөшө турганын билдирди.

Мамлекеттик департаменттин алдындагы борбордун айтымында, ал иштерге катышкан интернеттеги төрт платформанын артында орусиялык атайын кызматтар турат.

Ал сайттарда АКШнын “Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатын көзөмөлдөгөн департамент жактырган эки вакцинасы тууралуу жалган маалымат жазылган”, - деп айтты тышкы саясий мекеменин өкүлү Нед Прайс.

Чет өлкөлүк пропаганданы көзөмөлдөгөн борбор былтыр Орусияга байланышы бар миңдеген аккаунттар COVID-19 эпидемиясы тууралуу расмий маалыматтарга көлөкө түшүргөн бир нече кампания уюштурган.

Айрыкча илдеттин тарашына АКШнын тиешеси бар деп билдирип турушту. Борбор адегенде Кытай дагы ошондой аракеттерге барганын, бирок кийин баш тартканын жана вируска каршы чараларга басым жасоону чечкенин аныктаган.

Америкалык чалгын кызматтары Орусия саламаттык сактоо тармагында жалган маалымат таратып жүргөнүнөн көптөн бери шек санашат.

Мисалы, 1980-жылдары ошол кездеги советтик өлкөдө "ВИЧ-инфекциясын Кошмо Штаттардагы окумуштуулар ойлоп тапкан" деген айың кептер чыккан.

16:29 9.3.2021

Ооганстан эл аралык COVAX программасы аркылуу коронавирус вакцинасынын алгачкы партиясын алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 8-мартта билдиргендей, өлкөгө "AstraZeneca" вакцинасынын 468 миң дозасы жеткирилди. Ооганстан уюмдан дээрлик 3 млн. доза бекер алат деп пландалууда. Препарат Индиядагы институттан чыгарылган. Андан тышкары оогандар 470 миң шприц жана вакцинаны коопсуз ташыган 4 миң 700 контейнер алышты. Ооганстандын саламаттык сактоо системасынын жетекчилери билдиргендей, COVAXтан 38 миллион калктын 20 процентин эмдөөгө жетиштүү вакцина келмекчи.

ДССУ менен Gavi альянсы биргелешип түзгөн долбоор вакцинага ээ болууда бай жана кедей мамлекеттердин ажырымын азайтууну, препараттардын калыс жана тегиз бөлүштүрүлүшүн көздөйт. COVAX 2021-жылдын аягына чейин өнүгө элек өлкөлөрдү 2 млрд. доза вакцина менен камсыздоону максат кылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG