Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:26 30.1.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1411 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 453 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны 80 781.

Стационарда 598 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 179 адам оор абалда, 27 киши өтө оор абалда жатат. 732 адам амбулатордук дарыланууда.

30-январда эки медицина кызматкерине коронавирус жуккан.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4173 киши болду, алардын ичинен 4088и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

10:26 30.1.2021

COVID-19 илдетине каршы атаандаш вакцина өндүрүү жүрүмүнө дары-дармек чыгаруучу “Johnson & Johnson” (кыскача “Жэй-энд-Жэй”; J&J) компаниясы да кошулду. 29-январда бул компания таркаткан билдирүүгө караганда, ал иштеп чыккан вакцина бир гана ийне саюу менен коронавируска каршы иммунтетти жогорулатууга көмөк кыла алат.

Вакцина таңкыстыгы маалында бул дары заттын да мааниси зор. АКШда жана дагы башка 7 өлкөдө өткөрүлгөн сынактар анын натыйжалуулугу орточо симптому бар бейтаптар үчүн 66 пайызды көрсөтөөрүн, ал эми өтө олуттуу симптомдору барлар үчүн 85 пайызга жакындагандыгын компания өз билдирүүсүндө баса белгилейт.

“Жэй-энд-Жэй” компаниясы бир аптанын ичинде бул дарыны АКШда чукул кырдаалда колдонуу үчүн уруксат сурап тийешелүү бийликтерге арыз жолдой тургандыгын билдирди. Уруксат алынса, анда июнга чейин АКШ үчүн 100 миллион доза вакцина даяр болушу күтүлөт.

Бул эмдөө дарысын алдын ала сыноо үчүн 44 миң ыктыярдуу өз көмөгүн сунуштаган. Сынак дагы эле улантылууда.

“Жэй-энд-Жэй” вакцинасы 2–8 градус жылуу шартта үч айга чейин сакталышы мүмкүн. “Эгерде бул вакцина кабыл алынып калса, анда ал миллиондогон кишилерге огожо болушу мүмкүн”, - дейт компаниянын илимий кызматкери Пол Стоффелс (Paul Stoffels).

“Жэй-энд-Жэй” компаниясы коронавируска каршы эмдөө дарысын иштеп чыгуу үчүн демейдеги суук тийгизчү вирусту пайдаланган. Бул анча коркунучтуу эмес вирус оболу организмге кирген соң, клеткалар белоктун зыянсыз көчүрмөлөрүн иштеп чыгышат, ал эми коронавирустун вирусу жуккан маалда, бул белоктун көчүрмөлөрү иммунитет системасын чыңдап, денени алааматтуу вирустан коргоп калат.

Ал эми коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасын Европа Биримдиги Британияга экспорттоого чек коюшу мүмкүн. Мындай чечим Британиянын Европа өлкөлөрүнө COVID-19 вирусуна каршы дагы бир «AstraZeneсa» вакцинасын жеткирүүдө милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн кабыл алынышы ыктымал.

Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин расмий катына шилтеме берип британиялык «The Independent» гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, Британияга карата чара көрүү тууралуу демилге менен Еврокеңешке Австрия, Чехия, Дания жана Грекия кайрылган. Бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен сүйлөшкөн соң Шарль Мишел тиешелүү сунушту Еврокомиссиянын жетекчилигине жөнөткөн.

«AstraZeneсa» компаниясы Евробиримдикке вакциналар кечигип жатканын күтүүсүз жерден 22-январда билдирген. Компания муну биримдик менен келишим кечирээк түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Ошол эле учурда «AstraZeneсa» Британияга вакциналарды өз убагында жеткирип жатат.

Европа Биримдиги уюм үчүн өндүрүлгөн вакцинаны компания башка жакка cатып жибериши мүмкүн деп шектенип жатат. Бирок бул маалыматты ишкана четке кагууда.

Еврокомиссия коронавируска каршы вакцина өндүргөн сегиз компания менен эки миллиарддан ашык препарат алыш үчүн келишим түзгөн. Учурда биримдиктин аймагында Белгияда өндүрүлгөн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат.

Европа Биримдигинде 450 миллиондон ашык киши жашайт. Учурда коронавируска каршы 8,5 миллиондой адам эмделди. Пандемия башталгандан бери Европада 19 миллиондой адам вирус жугузса, анын кесепетинен 450 миңден ашык адам каза болду.

16:40 29.1.2021

СOVID-19 вирусунун чыгышын иликтеген эл аралык эксперттер тобу Кытайдын Ухань шаарында ишин баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Кытайда эки апталык карантинден соң 28-январда Ухандагы ооруканага барып, кытайлык окумуштуулар менен жолукту. Эми алдыдагы эки жума ичинде адистер 2019-жылы коронавирус алгач жолу аныкталган бул шаардагы базарга, ооруканаларга, лабораторияларга барышат.

АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган адистер коронавирусту биринчилерден болуп жугузган адамдар менен баарлашууну да пландап жатат. Илимпоздор коронавирус адамга кантип жукканын иликтешет.

ДССУнун эксперттери Кытайга бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн соң гана киргизилди. Расмий Бээжин эл аралык адистердин келишине уруксат бербей келген.

Коронавирус алгач 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.

Вирус кандай жагдайда пайда болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Айрымдарына караганда, вирус жарганаттар аркылуу Ухандагы базарга жетип, ал жактан башка жаныбар аркылуу адамга жуккан болушу мүмкүн.

11:44 29.1.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза болду. 74 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1409 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 80 643 адамга жетти.

Стационарда дарыланууда 600 бейтап, алардын ичинен 180 адам оор абалда, 23 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 792 адам дарыланууда.

29-январда 1 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4171, алардын ичинен 4087и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG