Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:02 29.1.2021

АКШдагы “Новавакс” (“Novavax”) компаниясы өзүнүн COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын натыйжалуулугу дээрлик 90 пайызды камтыгандыгын жарыялады. Бул вакцина Улуу Британияда сынактан өткөн. 28-январда “Новавакс” компаниясынын билдиргенине караганда, бул вакцина коронавирустун жаңы түрлөрүнө да каршы колдонула ала тургандыгы тастыкталды, бирок Түштүк Африкадан дүйнө жүзүнө тездеп жайылып жаткан коронавирус түрүнө анын таканчык кылуусу салыштырмалуу төмөнүрөөк болуп жатат.

Эми дүйнөдөгү саламаттык сактоо мекемелери Улуу Британия, Бразилия жана Түштүк Африкадан чыккан коронавирус түрлөрүнө каршы эмдөө аракеттери мындан ары кандайча жүрөт деп санааркай башташты.

“Moderna” жана “Pfizer/BioNTech” компаниялары ушул аптанын башында өздөрүнүн вакциналары Түштүк Африкадан таркалган вирустун жаңы түрүнө кыйла чабалдык кылаарын айтып чыгышкан.

“Новавакс” компаниясы Улуу Британияда 15 миң киши иликтөөгө алынганда, өз вакцинасы 89,3 пайыз натыйжалуулукту көрсөткөнүн маалымдады.
Бул сынак маалында Улуу Британияда коронавирустун жайылышы бл өлкөдө табылган вирустук жаңы түрдүн айынан кескин жогорулап жаткан.

Ал эми ушул эле вакцина Түштүк Африкада ортолоп калган дары сынакта ВИЧке кабылбаган бейтап калайыктын арасында 60 пайыздык гана көрсөткүчтү түзүп жатканы айгинеленди.

17:11 28.1.2021

Казакстандын Алматы шаарында коронавирус инфекциясы тараганына байланыштуу чектөөлөр күчөтүлөт. Мындай чараларды камтыган токтомго шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин кол койду. Ага ылайык, 1-февралдан тартып шаардагы театрлар жана кинотеатрлар жабылат.

Буга чейин аталган объекттер 2020-жылдын октябрынан баштап айрым чектөөлөр менен ишин жанданткан.

Ошондой эле соода-көңүл ачуу борборлор саат 10дон кечки 20га чейин ачык болот. Ал эми дем алыш күндөрү таптакыр ачылбайт. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн жана дарыканалардын ишине чектөө жок, бирок имараттын ичинде чектелүү санда гана адамдар болушу керек.

Мындан сырткары той-топурларды, спорттук иш-чараларды, көргөзмөлөрдү, форумдарды өткөрүүгө тыюу салынат.

Казакстанда былтыртан бери 182 миңден ашык адам коронавирусту жугузса, 2521 адам илдет кесепетинен улам каза болду. Мындан сырткары өпкө кагынынан 564 адам дүйнө салганы өз алдынча эсептелген.

15:07 27.1.2021

Дүйнөдө 26-январда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты. Бул Жер шарындагы калктын 1,3% түзөт. Серепчилер чыныгы сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин боолголошот.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда бир эле АКШда вирус 25 миллион адамдан табылып, 425 миңи көз жумду. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон кошумча 200 миллион доза вакцина сатып аларын билдирди. Муну менен күзгө чейин ар бир америкалыкты эмдөөдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Британияда коронавирустан каза болгондордун саны 26-январда 100 миңден ашып, Европадагы өлүм эң көп катталган мамлекет болуп калды. Европадагы башка мамлекеттер коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышын ооздуктоо максатында чек арадан өтүү эрежелерин катаалдатышууда.

Германия чет жактан келген бардык авиакаттамдарды токтотууну көздөп жатат.

11:11 27.1.2021

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 27-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан 3 адам каза болуп, 107 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1405 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 175 адамга жетти.

Стационарда дарыланууда – 607 бейтап, алардын ичинен 6 адам канааттандыраарлык абалда, 366 адам орто, 210 киши оор, 25 адам өзгөчө оор абалда жатат. Ал эми үйүнөн 900 бейтап дарыланып жатат.

26-январда медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4168, алардын ичинен 4080и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG