Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

20:52 8.1.2021

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан 8-январда мамлекеттик радио аркылуу жасаган билдирүүсүндө «вакциналар жетиштүү санда келмейинче азыркы чектөөлөрдү узарта беребиз» деп билдирди.

Эрежелерге ылайык, кечки сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилет, адамдарга чогулууга тыюу салынат жана тамактануучу жайлар жабык болот.

Мектептин баштапкы класстары жана бала бакчалар иштей берет. Ал эми жогорку класстын окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууну улантышат.

8-январда Венгрияда коронавирус 3 миңдей адамдан табылды, бул илдеттен 115 киши көз жумду.

20:48 8.1.2021

Евробиримдик «Pfizer-BioNTech» компаниясынан 300 млн. кошумча вакцина ала турганын 8-январда өткөргөн басма сөз жыйынында Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

Ал кошумча жаңы келишимге кол коюлганын жана 75 миллион дозасы жылдын экинчи чейрегинде, ал эми калганы жыл аягында даяр болорун кошумчалады.

Жалпысынан шаркет «Модерна», «АстраЗенека», «Pfizer-BioNTech», «CureVac» жана башка компаниялар менен эки миллиард доза вакцина алууга келишип түзгөн.

Ушул убакка чейин «Pfizer-BioNTech» жана «Модерна» компаниясынын вакцинасын колдонууга уруксат берилди. Ал эми «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасына ушул ай соңунда уруксат берилиши мүмкүн.

Дозалар калктын санына жараша Евробиримдикке мүчө мамлекеттерге бөлүштүрүлөт.

14:57 8.1.2021

Кошмо Штаттарда бир күндө коронавирустан төрт миңдей адам көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус бир күндө 250 миң адамдан табылды. Адистер жаңы жылдык майрамдардан кийин ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин боолгоп жатышкан.

Баарынан катуу жабыркаган штаттардын сап башында Калифорния турат. 7-январда бул штатта коронавирус 500дөн көп кишинин өмүрүн алды.

АКШдан кийинки орунда мурдагыдай эле Мексика менен Бразилия жайгашкан.
Мексикада соңку бир күндө COVID-19 13 миңден ашуун адамдан аныкталды. Бул өлкөдө бир күндө инфекциядан миңден көп киши көз жумду.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавирус дүйнөдө 1,9 миллион адамдын өмүрүн алды.

11:42 8.1.2021

8-январга карата Кыргызстанда дагы 165 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си сакайды. Соңку бир күндө 171 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1365 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 77;
  • Ысык-Көл облусунда - 24;
  • Чүй облусунда – 21;
  • Жалал-Абад облусунда - 17;
  • Ош облусунда - 16;
  • Нарын облусунда - 5;
  • Талас облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 2 киши.

Ош шаарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 8-январда 88 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандар 1 миллион 898 миңден көп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG