Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:12 7.1.2021

7-январга карата Кыргызстанда дагы 170 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 81 826га жетти. Алардын 77 376сы сакайды. Соңку бир күндө 206 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1363 адамга жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

Бишкек шаарында– 54;
Чүй облусунда - 49;
Ысык-Көл облусунда – 20;
Ош облусунда - 16;
Нарын облусунда - 10;
Жалал-Абад облусунда - 10;
Ош шаарында – 8;
Талас облусунда – 3.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө Covid-19 илдетине кабылгандардын саны 7-январда 87 миллиондон ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 1 миллион 882 миңден көп.

12:46 6.1.2021

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январга карата берген маалыматына ылайык, вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү дагы эле Бишкекте (60) катталды. Чүй облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 11, Ош облусунда - 10, Нарын облусунда – 3, Баткенде – 2, Талас облусунда – 1, Ош шаарында – 5 адамдан коронавирус лабораториялык жактан тастыкталды. Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар - 144 адам. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 81 656 адам болду.

Ошондой эле акыркы суткада оорудан 215 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны - 77 170 адам. Илдеттен Бишкекте бир адам көз жумду. COVID-19 вирусунан каза болгондордун жалпы саны 1361 адам болду.

Ушул тапта коронавирус диагнозу менен ооруканаларда 912 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 624 киши орто оордукта, 224 адам оор абалда, ал эми 54 кишинин абалы өтө оор.

COVID-19 вирусуна чалдыккан үч адам Кыргызстанда алгачкы жолу 2020-жылдын 18-мартында аныкталган.

11:42 5.1.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 5-январга карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада бул вирустан көз жумгандар катталган жок.

124 адамга илдет жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары (59) жана Чүй облусу (51) боюнча кала берүүдө. Ысык-Көл облусунда - 11, Талас облусунда - 2, Баткен облусунда - 1 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.

Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарында ооруга чалдыккандар катталган жок.

Ушуну менен коронавирус алгач катталган март айынан бери Кыргызстанда 81 512 адам бул ооруга чалдыкты.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 227 адам сакайып чыкты. Жалпы айыккандардын саны - 76 955 адам. Илдеттен жалпы 1360 киши көз жумган.

Ушул тапта 888 бейтап ооруканада дарыланууда. Дарыгерлер 15 адамдын абалы канааттандырарлык, 585 киши орто оордукта, 241 адамдын абалы оор, 47 кишинин абалы өтө оор деп баалашууда.

COVID-19 илдети 2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптаган. Америкадагы Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, 2021-жылга карата дүйнөдө коронавирусту дээрлик 83,5 млн. киши жугузуп, 1,9 млн. чукул киши өмүрү менен кош айтышты.

11:36 5.1.2021

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 59
  • Ош - 0
  • Чүй облусу – 51
  • Ош облусу - 0
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 0
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 0
  • Баткен облусу - 1
  • Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 124

Жалпы: 81 512

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG