Тажикстандын эгемен тарыхында ачылган алгачкы ири фабриканын ийгиликтерине быйыл президент Эмомали Рахмон да күбө болду.
"Азаттык": Айнура айым, Дүйшөмбүгө барганыңызга бир жылдын жүзү боло элек экен. Коңшу өлкөдө ишкердик жүргүзүү идеясы эмнеден улам башталды?
Айнура Абдыраманова: Дүйшөмбүгө келгениме февраль айында туура бир жыл болот. Бул жакка тааныштардын чакыруусу менен келгем. Тажикстанда тигүү тармагы биздикине караганда аябай эле аксайт, ошол себептен мага сунуш үч жыл мурда эле түшкөн. Макул болгон эмесмин. Өткөн жылы кайра чакырышканынан баш тарта алган жокмун. Азыр ишимди баштап алдым, кудайга шүгүр баары жакшы. Мен жалгыз келген жокмун. 15 адамдан турган топту ээрчите келгем. Алардын арасында үтүкчү балдар, технологдор, бычмачылар бар эле.
"Азаттык": Азыр негизинен мектеп формасын тигет экенсиздер, аларга алдын ала заказ аласыңарбы же тигип сатыкка чыгарасыңарбы? Силерден башка да бул жаатта иштеген ишканалар барбы?
Айнура Абдыраманова: Негизи бизге чейин Тажикстандын өзүндө мектеп формасы тигилген эмес. Өкмөт Кыргызстандан, Кытайдан сатып алчу экен. Биз дал ушул тармакта иштей баштаган биринчи фабрика болдук. Азыр эми чакан цехтер ачылууда. Мектеп формалары чыга баштагандан кийин биздин ишибиз тууралуу жергиликтүү медиа каражаттары жазды, телеканалдар тартып көрсөттү.
Күзүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келип, ишибизди өз көзү менен көрүп, таанышып кетти. Ал ыраазычылыгын билдирип, жылуу сөзүн айтып мактады. Колдоо көрсөтүп, жардам берерин айтты. Албетте, бул нерсе кубандырбай койбойт.
Учурда биз кийинки окуу жылына мектеп формаларын даярдап жатабыз. Ар бир ассортименттен болжол менен 50 миңдей форма тигилет. Анын баары бул жакта сатыкка чыкпайт, Советтер Союзундагыдай кампага жыйнап атышат. Бул чоң товар айлантууну, акчаны талап кылат. Негизинен каражатты мамлекет бөлүп берет десек болот. Биз орто мектептер менен келишим түзөбүз. Ал эми формага кеткен акчанын кайсы бир пайызын ата-энелер чогултса, кайсы бир пайызын өкмөт берет.
"Азаттык": Кездемени каяктан аласыңар? Фабрикада жалпысынан канча адам иштейт?
Айнура Абдыраманова: Кездемени буга чейин Бишкектен алчубуз. Кытайдан Кыргызстанга келип, анан бул жакка ташыганда эки эсе көп каражат кетет экен. Жакында Кытай менен түз келишим түздүк. Эми мындан ары Кытайдан алып келе баштайбыз. Азыр негизинен мектеп формаларына басым коюп жатабыз. Ошондой эле эркектердин костюмдарын, пальтолорун тиге баштадым.
Мени менен кошо келген 15 адамдын көбү ар кандай себептерге, үй-бүлөлүк шартына, ден соолукка байланыштуу кайра кетишти. Азыр бул жакта төрт кыргыз калдык. Фабрикада жалпысынан 300дөй адам иштейт. Дүйшөмбүдө жумушсуздук аябай жогору. Биз көп адамдарды жумуш менен камсыздап жатабыз. Жакшы тигип, үйрөнүп калышты.
"Азаттык": Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кириши менен өлкөдө жеңил өнөр жай солгундай түшкөнү айтылууда. Кыргызстандагы ири базарларда соода болбой калганы тууралуу кептер бар. Силерге бул кризистин таасири тийген жокпу?
Айнура Абдыраманова: Бул жакка таасири анчейин деле билинген жок. Себеби Кыргызстанда бийлик жеңил өнөр жайга, өзгөчө чакан фабрика-цехтерге колдоо деле көрсөтпөйт. Ал эми бул жакта жогоруда айтылганда эле мектепке, кампага алдын ала даярдап коюу үчүн канча акча сарпталып жатат. Күнүнө кеминде 300дөй форма тигилет. Негизинен мамлекеттик заказды гана аткарып жетишип атабыз. Сатыкка иштеген жокпуз. Анын үстүнө бул жакка президент өзү келип, колдоо көрсөтүп жатат. Ал эми Кыргызстанда, албетте, эки жакка жөнөтүш керек, доллар өскөнү абдан эле терс кедергисин тийгизип жатканын угуп атам.
"Азаттык": Эми өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, буга чейин кайда иштедиңиз эле? Кыргызстанга качан кайтайын деген оюңуз бар?
Айнура Абдыраманова: Мен 1990-жылдары Бишкектеги ВЛКСМ фабрикасында иштегем. Фабрика жабылгандан кийин эркектердин костюм-шымдарын тиккен белгилүү цехтерде башкы технолог, цех башчысынын кызматтарын аркаладым. Баш-аягы бул тармакта иштегениме 20 жылдан ашты.
"Алыста жүргөндөн көрө үй-бүлөмдүн, балдарымдын жанында болсом, ушул ишти ал жакта кылсам туура болмок беле" деп кээде өкүнүп да кетем. Ошентсе да, эми бул жакта чоң жоопкерчилик бар, чоң акча айланат, анын үстүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштады. Эми баарын таштап кете албайм. Азырынча бул жакта канча болом, кайра мекениме качан кетем айта албайм. Баарын убакыт көргөзөт.
Ишим жакшы жүрүп жатат. Ушул баштап алган эмгегимди таштабай, болгон билгенимди башкаларга үйрөтүп, ишти бир нукка салып коюп, анан Кыргызстанга жүзүм жарык кайтышым керек. Булар да "бир кыргыз келип үйрөтүп кетти эле" деп эстеп жүргүдөй жакшы ойдо узатып калышат. Ушул максаттарымды ишке ашырган соң мекениме барам.