“Азаттык” Падишахан айым кызы экөө Канададан АКШга кезектеги чемпионатка бараткан учурда байланышып, спортчу балдарды тарбиялоо түйшүгү тууралуу маектешти.
Жаш спортчу Элизабет Турсынбаева учурда бир катар ийгиликтерди багындырып, атагы алыска кете баштады. 20-сентябрда ал өз мекенине Солт-Лейк-Сити шаарындагы жарыштан күмүш медаль алып берди. Андан мурда Канадада өткөн эл аралык мелдеште биринчи орунду алган. Элизабет 4 жашында бутуна коньки кийип, дүйнөлүк аренаны багындырууга Москвадагы машыгуу залдарынан чыккан. 2013-жылдан бери Канаданын Онтарио шаарында жашайт. "Азаттык" алгач чемпион кызды тарбиялаган энеге өзү тууралуу айтып берүүсүн сурап, суроолорду узатты.
Падишахан Султаналиева: Мен өзүм Кыргызстандын Аксы районунда туулгам, үйдүн эң кенжесимин. Кичинекей кезимде аябай шок кыз болуп, жылгаяк тепкенди да өтө жакшы көрчүмүн. Ал кезде айылда коньки деген нерсе жок эле да. Музду өзүбүз суу куюп даярдап, анан табак же желим баштыктын үстүнө туруп алып аябай жылгаяк тепчүбүз да. Кийин балдарым да өзүмдү тартып абдан шок чыгышты. Булардын энергиясын текке кетирбейин деп, жаштайынан эле муз үстүндө бийлөөгө берип койдум.
“Азаттык”: Азыр эл аралык спорт аренасында Элизабеттин казак кызы экенин айтып жатышат?..
Падишахан Султаналиева: Мен эч качан Казакстанга барган эмесмин. Канадага кеткиче 25 жыл Москвада жашадым. Мектепти бүтүп эле Кыргызстанда окууга тапшырып, эч жерге өтпөй калгам. Анткени анда менде каражат жок эле пара бергенге. Себеби ал кезде окуу жайга өтүш үчүн бирөөгө пара бериш керек эле. Мен жөн эле бир карапайым чабандын кызы болчумун. Ошондуктан мен үчүн Кыргызстанда окууга өтүү мүмкүн эмес эле. Москвага келип, МГУнун экономика факультетин бүтүрдүм. Ошондой эле Москвада Агрардык университеттин педагогикалык факультетин аяктагам.
“Азаттык”: Анан жолдошуңуз менен Москвадан тааныштыңызбы?
Падишахан Султаналиева: Ооба, аны менен таанышканым да аябай кызык. Диплом алгандан кийин Москвадагы “Большой театрга” билет алып, курбу кызым менен барып, дипломду жууйлу деп жаткам. Анан эле тигил кыз келбей калыптыр. Ошол билеттин бирин сатып, анан операга кирейин деп метродо тургам. Себеби билет аябай кымбат эле да. Ошондо бул жолдошум артыман келип калып жатпайбы: “Чоң кыз, сен мени күтүп турган жоксуңбу?” деп (күлүп). “Албетте, билет саткым келип туру”, – деп мен да тамашага салып, анан таанышып калганбыз. Казак экенин кийин билдим да.
“Азаттык”: Спорт абдан оор эмеспи. Кызыңызды аяган күндөрүңүз болобу?
Падишахан Султаналиева: Кыйынчылыктар өтө көп. Анткени менин уулум да спорт чебери ошол муз тебүүчүлөрдүн арасында. Ал Казакстандагы Кышкы азиялык оюндарда факель жаккан эң жаш казак спортчусу болгон. Кийин жаракат алып, азыр музга чыкпай калды. Эми анын жолун кызым Элизабет улантып жатат. Бул спорт эми өтө кымбат, эң биринчи кыйынчылыгы каражат аябай көп кетет. Мен өмүр бою тапканымдын баарын ушул эки баламдын машыгуусуна жумшап келе жатам. Ошондуктан биз жакта, маселен, Казакстанда же Кыргызстанда спорт өнүкпөйт. Анткени адамдар бизде каражатты балдар үчүн жумшашпайт. Балдарга тиешеси жок той-топур сыяктуу чыгашалар көп. Ошондуктан бул спортту көтөрүү өтө кыйын. Эл аралык деңгээлге чыгуу – бул башка кыйынчылык. Биз Москвада көп жыл машыгып, анан Орусиянын курама командасына киргенден кийин гана Казакстандын атынан чыксакпы деген чечимге келдик. Анткени орустардын атынан чыгуу мен үчүн уят сыяктуу болду.
“Азаттык”: Эмнеге, орустарда каражат көп эмеспи?
Падишахан Султаналиева: Мени каражат деле кызыктырган жок. Алгач кыргыздын же казактын атынан чыгышыбыз керек деп ойлодук. Анткени мен кыргызмын, жолдошум казак. Анан "ансыз да 25 жыл орустарда жашадым. Эмгегибиз эми өз элибизге сиңсе жакшы болмок" деген жакшы ниет менен биринчи Кыргызстанга кайрылганыбызда, ал жакта муз тебүүчүлөрдүн федерациясы жок экен. Эгерде федерация жок болсо ошол өлкөнүн атынан чыгуу аябай кыйын. Казакстанда да жок экен, бирок муз тебүүчүлөрдү алар коньки менен чуркагандардын спортуна кошуп, бир федерация кылып коюшуптур. Анан Казакстанды тандап алдык.
“Азаттык”: Кызыңыздын күн тартиби тууралуу казакстандык телеканалдардан көрүп калып жатабыз. Деги эле бош убактысы жок экен. Демек сиздин да күн тартибиңиз аныкынан эки эсе оор болсо керек?
Падишахан Султаналиева: Ушул эки балам төрөлгөндөн бери мен таңкы саат төрттөн кийин уктаган күнүм аз болду. Менин режимим саат төрттө башталат. Күнүгө төрттө туруп, тиричилик иштерин кылам. Жумушка барышым керек. Анан кызымдын машыгуусуна алып барам, хореографиялык сабактары, иши кылып бардык залдарга алып барып, карап отурам. Менимче, балдарымды өзүмдөн башка бир да киши менчелик жакшы болсун дебейт. Машыктыруучусуна деле кызымдын ийгилигинин көп кереги жок да. Эң башкысы мен жанында болуп, ар бир кадамына колдоо көрсөтүшүм керек деп ойлойм.
“Азаттык”: Демек балдарыңызды шыктандырган үйдөгү күч өзүңүз турбайсызбы?
Падишахан Султаналиева: Албетте, энеден башка балага эч ким мыкты мотивация бере албайт. Эне гана баласынын ийгилигине себепкер. Башка кыргыз же казак аялдардай шарактап, отуруш кылбайм. Той-топурга убакыт коротпойм. Болгон убактымды, энергиямды балдарыма жумшайм. Азыр негизи төрөсөм болду, анан эптеп чоңойот деп таштап коюп жатышпайбы. Бул туура эмес. Балага төрөлгөндөн тарта көңүл буруп, болушунча убакыт бөлүш керек. Жапондор бекеринен "беш жашка чейин баланы тарбиялоого убакыт бар" деп айтпайт да. Кыргыз энелерге айтат элем, ансыз деле картадан биздин өлкөнү карасак, кенедей эле жер. Анан төрттөн, бештен төрөп, тарбиясыз, билимсиз калтырбай, той-топурду жыйыштырып, балдарына убакыт бөлүшсө.